Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн кыргызстандыктардын саны 600дөн ашып, анын 70тен ашыгы каза тапты. Мындай маалыматты Улуттук коопсуздук комитети жарыялады. Расмий органдар Сирияга кеткендердин саны азайып калганын айтышууда.

Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, ушул учурга чейин Сирияга кеткендердин саны 600дөн ашты. Алардын бир бөлүгү террорчулардын катарында согушуп жүрүп каза тапса, айрымдары Кыргызстанга кайтып келип жатат.

- Бүгүнкү күндө УКМКнын органдары тарабынан Сириядагы согуштук аракеттерге 600дөн ашык кыргызстандык катышып жүргөнү аныкталды. Такталган маалыматтар боюнча, алардын 70тен ашыгы согуш талаасында каза болгон. 2016-жылдын биринчи жарым жылында ал жактан Кыргызстанга 20 жаран кайтып келди.

Сулаймановдун айтымында, өлкөгө кайтып келген адамдардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Алар укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө турат.

Укук коргоо органдары акыркы учурда кыргызстандыктар арасында Сирияга кеткендердин аягы сээлдеп калганын айтышат.

Сирияда жүрүп, сиңдисин чакырган кыргызстандык аял

Сирияда жүрүп, сиңдисин чакырган кыргызстандык аял

Ички иштер министрлигинин диний-экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча 10-бөлүмүнүн башчынын орун басары Раим Салимовдун айтымында, бул жаатта түшүндүрүү иштери күчөтүлүп жатканын белгилейт:

- Сирияга кеткен кыргызстандыктар боюнча эң көп катталган учур 2013-жылга туура келди. Ал эми акыркы жылдары бул сан азайып калды. Анткени түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Биз Сирияга кыргызстандыктарды жөнөткөн адамдарды кармап, оперативдүү чараларды көрүп жатабыз. Ошентсе да бул жаатта ишти күчөтүү керек. Мында бир гана укук коргоо органдары эмес, жалпы коомчулук да иш алпарышы керек.

Сирияга кеткен кыргызстандык

Сирияга кеткен кыргызстандык

Диний маселелер боюнча эксперт, юридика илимдеринин кандитаты Нурлан Исмаилов мындай кырдаалды бир нече себеп менен байланыштырат:

- Муну үч себеп менен түшүндүрүүгө болот. Биринчиден, өзүбүздүн ичибизде турган түшүндүрүү, алдын алуу иштери кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизди. Экинчиси, ачык айтсак, Сирияга кеткендердин негизги бөлүгү Түркия аркылуу кеткен жана бул өлкө “жөнөтүүчүгө” айланган. Бул өлкөдөгү акыркы кырдаал жана абал көзөмөлдөн чыгып, согушкерлер өздөрүнө чабуулду баштаганда алар ойлоно баштады. Үчүнчүдөн, Сириянын ичиндеги абал. Ал жакта Орусия жана АКШ баштаган өлкөлөр антитеррордук операцияларды жүргүзгөнү үчүн өз ичинде позициялары алсыздана түштү.

Сирияда өзүн жардырган кыргызстандык

Сирияда өзүн жардырган кыргызстандык

Ошол эле учурда эксперттер өлкөдө радикалдык топтордун коркунучу сакталып, тымызын үгүттөө жүргүзүлүп жатканын белгилешет. Диний радикалдашуу жаатында изилдөө жүргүзүп келген Орусия ИИМ академиясынын докторанты Бакыт Дубанаев Сириядан кайтып келген адамдарга көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын айтууда:

- Учурдагы көйгөйлүү маселе адамдар кайра келип жатышат. Биздин эле жаштар согушту көрүп, кайра кайтып келди. Алар менен мамлекет абдан кылдат иш алпарышы керек. Себеби, алар келип ой жаңылып жаздык, өз каталарыбызды түшүндүк дегени менен, алардын башында кандай ойлор бар экен биз билбейбиз. Радикалдашып кеткен адамдар башка кылмышка барбайт деп ким кепилдик берет? Балким алар атайын өлкө ичинде ар кандай террорчул иштерди жасоо үчүн жиберилиши мүмкүн. Муну Европадагы акыркы окуялардан көрүп жатпайбызбы. Атайын кирип алышып, ар кандай кол салууларды, жардырууларды уюштуруп жатышат. Ошондуктан мындай адамдар менен иштешчү атайын реабилитациялык борборлорду уюштуруш керек. Ал жакта көзөмөлдө болуп, теолог, психолог атайын иштеши керек.

Ошол эле учурда Дубанаев радикал топтор интернет жана социалдык түйүндөр аркылуу тартуу иштерин улантып жатканын кошумчалады.

Сириядагы согуштук аракеттерге кыргызстандыктар да аралашып жүргөнү алгачкы жолу 2012-жылы белгилүү болгон. Андан бери бир нече адам кармалды. Сирияга кеткендердин арасында балдар, кыз-келиндер да бар экени белгилүү.

Радикалдашып кеткен адамдар башка кылмышка барбайт деп ким кепилдик берет? Балким алар атайын өлкө ичинде ар кандай террорчул иштерди жасоо үчүн жиберилиши мүмкүн.

Бул убакыт аралыгында эл аралык террорчу топтордун мүчөлөрү делгендердин карааны Кыргызстанда да көрүндү. Былтыр жайында террорчул уюмга мүчө болгондорго каршы Бишкекте аскердик операция өткөн.

Ошондой эле өлкөгө белгилүү дин жаатындагы адис Кадыр Маликовго кол салууну “Ислам мамлекети” террорчул тобуна мүчөлөр жасаганы айтылган.

Бийликтер диний-экстремисттик жаатта иш алпарган топторго каршы күрөштү күчөтүп, бул жааттагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизген. Ошентсе да эксперттер коомдогу диний радикалдашууга каршы чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилеп келишет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG