Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Түрк насыясы эмнеге кечигүүдө?


Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Түрк президенти Абдулла Гүлдүн бейформал жолугушуусу. Анкара, 1-октябрь, 2012.
Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен Түрк президенти Абдулла Гүлдүн бейформал жолугушуусу. Анкара, 1-октябрь, 2012.

Түркия Кыргызстанга 100 млн. доллар насыя берүүнү токтотуп койду. Ага Кыргызстан менен Орусия жетишкен ири келишимдер себеп болдубу? Кыргызстанда абалдын туруксуз болушуна кайсы тараптар кызыкдар?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунда мына ушул маселе талкуланып, ага Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов, генерал Артур Медетбеков жана саясат таануучу Марат Казакпаев катышты.

"Азаттык": Марат мырза, сизден баштасак, Түркия эмне себептен убада кылган 100 млн. доллар насыя, 6 млн. доллар грантты бербей кечиктирүүдө?

Казакпаев: Мына жакында президент Түркияга барып келди. Түркиянын өкмөт башчысы, биринчи вице-премьер-министри менен жолугушуп келди. Бирок 100 млн. доллар насыя маселеси чечилген жок. Анын себеби азыр Кыргызстанда кеңири талкууланып жатат. Орусия менен Кыргызстандын энергетикалык долбоорлору, "Манастагы" базанын тагдырына байланыштырып жатышат.

Бирок азыр эмне себептен экенин так айтыш кыйын. Кандай болгон күндө да бул жеңилдетилген насыяны биз быйылкы жылы алалбайбыз. Түркия НАТОго мүчө, АКШнын чоң союздашы. Ошондуктан базага байланыштуу десек чындыкка жакын.

"Азаттык": Өмүрбек мырза, мына ушундай шартта эки өлкөнүн мамилеси кандай өнүгөт деп боологолойсуз?

Абдырахманов: Адегенде 106 млн. кайдан чыкты дегенге токтолсок. Биз бюджеттеги былтыркы тартыштыкты жабуу үчүн мынча акчаны Евразия фондунан сураганбыз. Бирок бербей коюшкан. Мына ошондон кийин президент Алмазбек Атамбаев Түркияга барганда дал ушул санды айтышкан. 106 млн. долларды биз берели деген.

Бирок андан кийин биз бир жактуу болуп, Орусияга ыктап кетпедикпи. Ушул себепкер болушу мүмкүн. Түркия бизге тууган өлкө. Экинчиден, ал Европага, АКШга жакын өлкө. Ошондуктан алар биздин бир жактуу болушубузду жактырбашы мүмкүн. Бирок насыя маселеси эки өлкөнүн мамилесин бузбайт деп ойлоймун.

Талкууну толугу менен ушул жерден угуңуз

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG