Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Түркияга иштейм деп барып, сексуалдык зомбулукка кабылган Роза атуу айым "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүгө макул болгон.

Кулчулуктан куткарылган кыргызстандыктардын саны быйыл 400дөн ашкан. Муну Эл аралык миграция уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Бермет Молдобаева июнь окуяларынан кийин четке чыккандар санынын көбөйүшү менен түшүндүрдү.

Молдобаева сексуалдык кулчулукка кабылгандар көбүнчө Түркия жана Араб өлкөлөрүндө болорун, эркинен тыш кара жумушка салынгандар негизинен Орусия менен Казакстанда экенин билдирди.

Ошол сыяктуу эле Түркияга иштейм деп барып, сексуалдык кулчулукка кабылган Роза аттуу айым "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүгө макул болгон. (Каармандын суранычы боюнча анын аты өзгөртүлдү).

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



Мектепти аяктаган соң Роза жогорку окуу жайга тапшырып, бирок өтпөй калат. Көпчүлүк элеттик кыздардын катарда Роза да иш издеп, Бишкекке жөнөйт. Бишкектеги Кызыл-Аскер районунда эки-үч кыз менен бирге батир жалдап, бир цехте топчу тигип, кийим үтүктөп, күнүмдүк оокатын өткөрө баштайт:

- Өзүбүз көп эле бир тууганбыз, мен үйдө улуусу болгондуктан анча-мынча акча салып турчумун, миң, эки миң сом...

Розанын айтымында, алар турган үйдүн маңдайында 30 жаштан өтүп калган Назира деген келин жашачу экен. Кез-кезде өлкө сыртына чыгып келгенин угуп калышчу. Бирок анын ким болуп, кайда иштегенин кызыгып деле сураштырышкан эмес.

Убакыт өткөн сайын алар жакшы тааныш болуп, үйгө кирип-чыгып, бир нерсе сурап дегендей... Жада калса майрамдарды да чогуу өткөрө башташат. Бир күнү Назира Түркияда “Народный” сыяктуу дүкөндө администратор болуп иштей турганын айтып, кыздарга да ошол дүкөнгө сатуучу болуп иштеп келүүнү сунуштайт.

- Үч миң доллар деген ал убакта укмуш чоң акча эле, элестетип көргүлө. Мен алты миң сом айлыкка сүйүнүп жүрчүмүн. Өзүмдүн тамак-ашыман ашса үйгө ата-энеме миң, эки миң жөнөтүп койчумун. Мени менен иштеген кыздар ата-энеси жибербей коюп барбай калган, өздөрү да көңүлдөнгөн жок. Ал эже мага эки айдай айтып жүрдү. Ал мага "айлыгыңар 1,5 миң доллар болот, кээде өз товарыңарды деле кошуп сата коёсуңар, ошентип айына 3 миңдей болуп калат", - деп айтканынан кызыгып калдым. Акчасына азгырылып, макул болдум.

Тузакка түшүп...

Ошентип элеттен жаңы эле келген кыз Түркияга барып сатуучу болуп иштеп келүүгө бел байлайт. Мурда-кийин чет өлкөгө чыкпаган Роза виза ачтыруу, документтерди толтуруу деген маселелерге башын оорутпайт. Алардын бардыгын Назира бүтүрүп берет. Ал эми ата-энесине "кыздар менен Казакстанга тигүү цехинде иштеп келем" деп, Түркияга сапар алат:

- Ошентип Түркияга кеттим. Биз караңгыда бардык. Бир кеңсеге алып барып, "сүйлөшүп чыгам", - деди Назира. Анда деле эч жаман ойлогон жокмун. Ал мага келишим түзүп чыгаарын айтып, мени бирөө менен тааныштырды. Камал деген түрк киши экен. Экөө бир нерселерди сүйлөштү. Мага кагаз беришти, "кол кой" деп. Мен кол коюп бердим.

Розанын бул эмне болгон кагаз деп кызыкканына Назира “сен сатуучу болуп орношуп атасың, товарлар жоголбойт деп кол коюп беришиң керек”, - деп жооп бериптир. Ал эми паспортун "каттоодон өткөрүп келейин, болбосо милициялар көрүп калса, депортация кылып жиберет" деп алып коёт. Ошентип Роза өмүрү келбеген өлкөдө, тааныбаган адамдар арасында, болгондо да колунда эч бир документи жок жалгыз калат.

- Назира кеткенден кийин эле эки бала кирди, колу-бутумду байлап, көзүмдү таңып, "үнүңдү чыгарсаң өлтүрөбүз" дешти. Алар бир үйгө алып барышты. Чоң үй экен, эки кабат. Ал жакта да кыздар бар экен. Үйдө түркчө, кыргызча кошуп сүйлөгөн аял бар экен. Ал менин эмне иш кыларымды түшүндүрүп берди. “Качам десеңер өлтүрөбүз” деди. Короосунун дубалы үч метр бийик, иттери бар. Чыкканга мүмкүнчүлүк жок экен. Кардарлар өздөрү келишет. Ал үйдө да эки кыргыз кыз бар экен. Алар да ушинтип келишиптир.

Розанын бизге айтып бергенине караганда, ал барган үйдөн качып кетүү мүмкүн болгон эмес. Бир күнү Роза кардарлардын биринен жардам сурайт, кандай жол менен келип калганын айтып берет. Бирок ал Розанын айткандарынын баарын кожоюнга айтып коюп, токмок жейт. Ошондон кийин бирөөдөн жардам сураганды да коёт.

- Бир жолу качам десем Түркияда аябай сабашты, иттерин алып келип коркутушту. Башым чайкалып калды окшойт, эсим ооп жыгылыптырмын. Ошондон кийин качканды да токтоттум.

Күтүүсүз келген жардам

Бирок Розанын бул азаптан кутулушуна ага келген дагы бир кардар жардам берет.

- Октябрь айына жакындап калганда дагы бирөө келди. Чет өлкөлүк журналист окшойт. Ушул теманы изилдеп жүргөнбү, же жөн эле мага журналистмин деп койдубу, билбейм... Менин коркуп атканымы көрүп, сурады. Ал келип эле сүйлөшүп кетип калчу. Анан ошого ишене баштадым. Болгонун айтып бердим. Бир жолу полиция келип, ошол үйдү басып калды. Ал жакта да миграция боюнча уюм бар экен, эл аралык миграция уюму. Биздин да колубузду байлап, үйдүн кожоюндарын да алып кетишти. Эмне болгонун деле түшүнбөй калдык. Бизди, кыздарды эл аралык уюмга алып барып, териштирип, өздөрү бул жакка салып жиберишти. Өзбекстандан келген, Түркиянын өзүнөн кыздар болчу.
Назира кеткенден кийин эле эки бала кирди, колу-бутумду байлап, көзүмдү таңып, "үнүңдү чыгарсаң өлтүрөбүз" дешти.

Түркияда дүкөндө иштейсиң деп ишендирип, эки-үч ай көндүрүп жүргөн Назира паспортту алып кеткен боюнча көзгө көрүнгөн эмес. Кийин Кыргызстанга келип, Кызыл-Аскерде жашаган үйүнөн да таппай коёт. Сураштырса, ал деле өздөрү сыяктуу бирөөнүн үйүн ижарага алып жашап жүргөн экен. Бирок Роза ушунча кордук көргөнү менен Назираны издетип, тартип коргоо органдарына деле кайрылбаптыр.

- Жок, сотко кайрылган деле жокмун. Кайрылганда мени суракка алат, туугандарды да чакырат. Эч ким билбей деле койсун деп ойлодум.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстан кулчулукка туш болгон жарандарынын саны боюнча Борбор Азияда Өзбекстан менен Тажикстандан кийин үчүнчү орунда турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG