Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:56

Машрапов Стамбулдагы терактка тиешеси жоктугун бышыктады


"Рейна" түнкү клубунун кире бериши террордук чабуулдан кийин
"Рейна" түнкү клубунун кире бериши террордук чабуулдан кийин

Улуттук коопсуздук комитети паспортунун сүрөтү интернетке тараган жаранды суракка алып, кое берди.

Жаңы жыл түнү болгон Стамбулдагы чабуулга шектүү деп паспорту интернетке жарыяланып кеткен кыргызстандык Яхъё​ Машрапов террордук чабуулга эч кандай тиешеси жоктугун бышыктады.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов сүрөт жарыяланары менен текшерүү башталганын “Азаттыкка” билдирген. Паспорттун ээси Кара-Суу районунда жашары аныкталды. "Ал суракка алынып, кое берилди. Текшерүү жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет”, - деди Сулайманов.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” билдиргендей, мындай паспорт чындыгында эле кыргыз жаранына таандык жана тиешелүү маалыматтар УКМКга өткөрүлүп берилди.

Жергиликтүү маалымат агенттигине Яхъё Машрапов 3-январда Стамбулдан учуп келгенин айтып берген. Учакка отурардан мурда аны түрк күч органдары суракка алып, окуяга тиешеси жок экени аныкталган соң кое беришкен.

“Стамбул аэропортунда учакка отурдум. Анан укук коргоо кызматкерлери мени учактан түшүрүштү. Алар мени бир сааттай суракка алышты. Бишкекке каттамды кармап турушту. Алар Жаңы жыл түнүндөгү терактка байланыштуу суракка алышканын, сырткы түспөлүм кылмышкердин сүрөтүнө окшошуп кетерин айтышып, кечирим сурап, учакка кайра отургузушту”, - деди Машрапов.

Түрк медиасынын маалыматы

Түркиянын полициясы Стамбулдагы кандуу кол салууга шектелген киши кыргызстандык же өзбекстандык экенин ырастай элек. Ошол эле маалда жергиликтүү маалымат каражаттары, алардын ичинде “Хүрриет” басылмасы шектүү киши 20-ноябрда Кыргызстандан Стамбулга жубайы жана эки баласы менен учуп келип, андан ары Конья шаарына барып жайгашканын жазып чыгышты. Маалыматта шектүү адам Коньяда бир батир таап, үч айлык ижара акысын алдын ала төлөгөн. Түрк полициясы шектүүнүн сүрөттөрүн жарыялагандан кийин батирдин жанында жашагандар бул адамды көргөнүн полицияга билдиришкен.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, полиция шектүү адамдын жубайын кармап, аны суракка алды. Анын жубайы күйөөсү кол салууга шектелип жатканын тележаңылыктардан көргөнүн, “Ислам мамлекети” террордук тобуна жакын экенин билбегенин айткан.

Түркия: терактка шектүү адам
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:44 0:00

HaberTurk басылмасы шектүү киши уйгур улутунан болушу мүмкүн деп божомолдойт. Басылманын маалыматы боюнча ал Жаңы жыл түнү Стамбулдун Зейтинбурну районунан такси менен чыгып, түнкү клуб тарапка келген. Полиция Зейтинбурну районунда рейд жүргүзүп, кеминде 12 кишини камакка алганы кабарланды.

CNN Turk телеканалы кармалгандардын арасында өзбектер жана кыргыздар бардыгын кабарлады.

Мамлекеттик “Анадолу” агенттиги кармалгандардын жалпы саны 14кө жеткенин кабарлады.

Түркиянын премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмуш шектүү тууралуу кошумча маалыматтар табылганын билдирген эле.

- Террорчунун манжасынын тактары, сырткы түспөлү аныкталды. Эми анын тек-жайы такталат. Биз террорчуну гана эмес, анын байланыштарын, клубдун ичинде жана сыртында ага колдоо көрсөткөндөрдү аныктайбыз деп үмүттөнөм.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, туш келди ок чыгара баштаган. Андан 39 адам каза болуп, 70ке жакыны жараат алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган. Чабуул жасаган киши учурда издөөдө, түрк полициясы анын сүрөттөрүн жарыялады.

Түркиянын маалымат каражаттары кол салган адам мыкты даярдыктан өткөнүн, түнкү клубда баш аягы 180дей ок чыгарганын жазып жатышат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG