Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Стамбул: теракт жасаган адамда кыргыз паспорту болгонбу?


Түрк полиция кызматкери.
Түрк полиция кызматкери.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Стамбулда 39 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулга кыргызстандык жарандын катышы боюнча текшерүү баштады. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Ал коопсуздук комитети Түркиянын атайын кызматтарына расмий кайрылуу жолдоп, учурда тыгыз байланышта иш жүргүзүлүп жатканын айтты.

Ошондой эле Сулайманов Стамбулдагы кол салууга шектүү колдонду делген паспорт боюнча текшерүү жүрүп жатканын кошумчалады.

Терактты уюштурууга шектелген адам.
Терактты уюштурууга шектелген адам.

Стамбулдагы кол салууга шектүү делген адамдын Кыргызстандын жаранынын паспортун колдонду деген маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы да текшерүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Тайырбек Сарпашев "Азаттыкка" билдирди. Сарпашевдин айтымында, учурда маалымат каражаттарына жарыяланган паспорттун үлгүсү боюнча иликтөө иштери башталды.

- Азыр бизге маалымат каражаттарына жарыяланган аталган паспорттун үлгүсү келип түштү. Анын негизинде текшерүү башталды. Жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарына маалымат беребиз, - деди Сарпашев.

Сарпашев бул жаатта Түркиянын расмий органдарынан эч кандай кайрылуу болбогонун кошумчалады.

Түнкү клубдагы кол салууда 39 адам набыт болгон.
Түнкү клубдагы кол салууда 39 адам набыт болгон.

Буга чейин түрк маалымат каражаттары кол салууга шектүүнүн кыргыз паспортун колдонуп жүргөнүн жазып чыгышты эле.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, туш келди ок чыгара баштаган. Андан 39 адам каза болуп, 70ке жакыны жараат алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчу тобу өзүнө алган.

Түрк бийлиги бул окуяны “теракт” деп атап, кылмышка шектүүнү издеп жатат.

Теракт учурунда өлгөндөр арасында бирден Орусия, Саудия, Канада жарандары, эки Иордания, үчтөн Ирак жана Ливан жарандары, андан сырткары Тунис, Ливия, Индиянын атуулдары, дагы бир израилдик араб, ошондой эле Белгия-Түркия кош жарандуулугу бар бир адам бар экени аныкталды.

XS
SM
MD
LG