Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Турсунбеков: Коалиция иштей берет деген үмүт бар


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыкка” коалициядагы азыркы жагдай туурасында айтып берди.

“Азаттык”: “Ата Журт” фракциясынын коалициядан чыгууга даярбыз деген 19 депутаты койгон талаптар аткарылдыбы? Себеби ал талаптарды аткаруу мөөнөтү бүгүн бүтүп атат.

Чыныбай Турсунбеков: Сиздер билесиздер, биз өткөн аптанын аягында шайлоочулар менен жолугушуу үчүн тарап кеткенбиз. Бирок ошого карабастан ошол мезгилде “Ата Журттун” лидери Камчыбек Ташиев тарабынан 10 пункттан турган сунуш берилген экен. Ошонун алдында биз жалпы коалициялык көпчүлүктүн жыйынында Коалициялык кеңеш түзүү маселесин караганбыз. Бул маселелердин бардыгын бүгүн-эртең Коалициялык кеңеш карап, анан мыйзам чегинде айтылган маселелерге жоопторду табат деп ишенип турабыз.

“Азаттык”: “Ата Журт” фракциясы койгон талаптардын ичинде, республикалык мааниге ээ шаарлардын мэрлерин 4 айдын ичинде шайлоо аркылуу тандоо, эгер премьер-министр президенттик шайлоого катышуу ниети болсо, кызматынан кетүүсү керектиги айтылган экен. Буларды аткарууга мүмкүнбү?

Турсунбеков: Бул маселелер Жогорку Кеңештин укугунда, парламент чече турган нерселер. Ошондуктан жеке эле коалициялык көпчүлүк эмес, ал парламенттин жалпы отурумунда карала турган мыйзамдар болушу керек. Ал мыйзамдар азырынча бизге түшө элек. Түшкөндө бул маселелерди мыйзамдын негизинде карап, кайсы жерде шайоо өткөрүш керек, кайсы жерде шаардык кеңештин шайлоосу менен тандаш керек деген нерселер чечилет.

Ал эми “Ата Журт” койгон калган маселелердин бир тобун, 7-апрелде, июнда набыт болгондор сыяктуу маселелер боюнча ансыз деле башынан бери биз иштеп келатабыз. Бул боюнча ыңкылапка катышкан партиялардын милдети да, кызыкчылыгы да бар. Булар негизинен аткарыла турган маселелер. Мэр, премьер боюнча сунуштарды биз мыйзамдын чегинде гана чече алабыз.

“Азаттык”: Алардын кеңири коалиция түзүү керектиги тууралуу сунушу кандай болот?

Турсунбеков:
Бул боюнча мен дайыма айтып келатам. Биз КСДП башынан эле дайыма башкаларга да ачык бололу деп башынан сунуш кылганбыз. Керек болсо биз коалициялык өкмөт түзүү аракети учурунда парламенттин сыртында калган партиялардын айрым өкүлдөрүн да өкмөткө чакырганбыз. Тилекке каршы акыркы коалиция түзүлүп атканда дал ушул биздин көпчүлүктөгү башка эки партиянын сунуштары боюнча башкаларды тартуу ойлорубуз ишке ашпай калган.

Негизи эле дал ушул “Ата Журт” партиясынын өзүнүн талабы менен башка, сырттагы партиялардан өкмөткө кирүү укугу алынып, ушундай пункт киргизилген. Ошондуктан бул боюнча бизде каршы боло турчу негиз жок. Тескерисинче бул позицияны “Ата Журт” өзү ич-ара тактап, анан айтышы керек.

“Азаттык”: Буга чейин премьер-министр Алмазбек Атамбаев да айтты эле, “бул он пункттан турган сунуштар аткарылбай турчу сунуштар эмес, эгер сөз жүзүндөгү сунуштар болбосо” деп. “Ата Журт” фракциясынан сөз жүзүндөгү талаптар болгон жокпу?

Турсунбеков:
Эми ал талаптарды Камчыбек Ташиев өзү билет болуш керек, кимге айтканын. Жалпы биздин депутаттардын баарына оозеки түрдө жетип аткан айрым сунуштар бар. Бирок аны мобундай болду деп айтууга колубузда документ да жок, негиз да жок.

“Азаттык”: Мындай учурда сизде “коалиция ушул курамында ишин уланта берет” деп айтканга негиз барбы?

Турсунбеков: Азыркы кырдаал коалиция иштейт деп айтканга толук үмүт берет. Маселенин бардыгы “Ата Журттун” ички маселелерине байланыштуу деп эсептейм.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG