Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:31

КТРК балдар каналын обого чыгарды


КТРКнын «Баластан» каналынын бет ачарына арналган иш-чарадан бир көрүнүш
КТРКнын «Баластан» каналынын бет ачарына арналган иш-чарадан бир көрүнүш

Коомдук телерадиокорпорация балдарга арналган “Баластан” телеканалын обого чыгара баштады.

Азырынча берүүлөр кабелдик каналдар аркылуу Чүй облусу менен Бишкек шаарына чыгат. Ал эми калган облустарга жергиликтүү телестудиялар аркылуу таратылат.

Кыргызстанда жарык көргөн алгачкы балдар каналдын мазмуну, өзгөчөлүктөрү тууралуу Коомдук телерадио корпорациянын башкы директору Кубат Оторбаев “Азаттыкка” айтып берди.

- Кыргызстандын 5,5 миллион калкынын 1 миллион 700 миңи 14 чейинки балдар. Бул өтө чоң потенциал, өтө чоң аудитория. Ошондуктан бул катмарды көңүл сыртында калтырып коюу мүмкүн эмес. Буга байланыштуу биз балдар каналын ачып, аны ишке бердик.

Негизинен Кыргызстан 2015-жылдан тарта санариптик телеберүүгө өтүүгө камынып жатат. Бул форматка өткөн маалда жалпы эле Коомдук телеканалды, балдардын “Баластан” жана былтыр ачылган маданий “Музыка” деген каналды бекер көрө алышат. Бирок биз ага чейин күтүп отуруу кеч болуп калат деп эсептеп, каналды ачтык. Каналдагы көрсөтүүлөрдүн 70 пайызы мамлекеттик кыргыз тилинде жана 30 пайызы орус тилинде обого чыкмакчы.

- Бул каналды ачууга канча каражат сарпталды? Коомдук телеканал муну көтөрүп кете алабы?

- Биздин корпорацияда 760 адам эмгектенет. Бизди ушул ресурстарды туура пайдаланбайт деп сындап келишкен. Муну эске алып, биз кошумча каражат, кошумча штат ачууну сураган жокпуз. Бирок айрым кызматкерлерди келишимдик негизде алып жатабыз. Алардын айлык акысын ички структуралык өзгөрүүлөрдүн негизине төлөп берип, жаңы штаттарды ачып, каражатты өз эсебибизден чыгарып жатабыз.

Учурда канча каражат кеткенин эсептеп жатабыз, так санды азырынча айта албайм. Албетте жаңы каналды ачуу кошумча каражатты талап кылат. Бирок мунун баары балдар үчүн жасалып жаткандыктан келечекте өзүн-өзү актайт деп ойлобуз. Муну менен биз Коомдук телеканал катары моюнубуздагы миссиялардын бирин аткарып жатабыз деп эсептейбиз.

- Дагы бир маанилүү жагдай, бул телеканалдын контентин, мазмунун кантип толтурган жатасыздар? Канал өзгөчө аудиторияга багытталгандыктан, балдардын жаш өзгөчөлүгүнө, табитине ылайыкталган программаларды, көрсөтүүлөрдү даярдоо түйшүктүү иш болсо керек...

- Ооба, туура айтасыз. Биз буга чейин балдар менен иштеген бир нече уюм менен жолугушууларды өткөрүп, кеңештик. Маселен, “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду, ЮНИСЕФ, БУУнун Өнүгүү программасы, Мамлекеттик цирк, Муса Жангазиев атындагы куурчак театры, “Сейтек”, “Балажан”, “Алтын түйүн” сыяктуу балдардын чыгармачыл борборлору менен жолугуп, каналдын алкагында кызматташуу боюнча сүйлөштүк.

Муну менен катар мультфильмдерди, балдар үчүн тасмаларды тарткан продакшн-студиялар менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатабыз. Андан тышкары контентти толтуруу боюнча архивдик материалдар, мультфильмдер, тасмалар бар. Аларды колдонобуз.

Буга кошумча биздин чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз менен да контент алмашуу багытында иш алпарып жатабыз. Маселен, Орусиянын Биринчи каналынын курамында балдарга арналган “Карусель” деген канал, Казакстандын “Балапан”, Түркиянын “ТРТ Чожук” аттуу каналдарынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Мына ушул каналдар алган продукцияларды кыргыз тилине которуп, көрсөтүп турабыз.

- Каналдын эфирдик убактысы канча саат болот?

- Азырынча саат 7ден кечки 10го чейин болот. Бирок көрсөтүүлөр үч ирет кайталанат. Негизги убактысы 5 саат. Муну чама-чаркыбызга жараша бара-бара көбөйткөнгө аракет кылабыз.

- Рахмат. “Баластандын” сапары байсалдуу болсун!
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG