Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:52

Компьютер оюндары менен интернетке байлануу балдардын мээсине канчалык пайда же зыян экени окумуштуулар арасында талаш туудурууда.

Дүйнөдөгү эң компьютерлешкен азиялык мамлекет - Түштүк Кореяда калктын 95 процентинин жашоосу интернет менен тыгыз байланышкан. Интернетке же санариптик медиага такай байланып алуу мээнин өнүгүүсү үчүн пайдалуубу? Жаш балдар компьютерди кайсы курактан тарта пайдалана баштаса болот? Бул суроолор азыр адамдын мээсинин иштешин изилдеген нейрофизиктер арасында кызуу талкууланып жаткан кез.

Берегидей суроолордун коюлушу - Түштүк Кореяда соңку кездери 20дан 30 жашка оогон курактагы жаштар арасында көбүрөөк учурай баштаган медициналык илдеттерден улам келип чыкты. Соңку изилдөөлөр боюнча, бул курактагылар арасында улгайган адамдар сыяктуу эс-тутуму начарлап, оюн бир жерге топтой албагандар жана уйкусу качып кыйналгандар көбөйгөн. Дарыгерлердин айтышынча, бул жаштардын көп убактысын телевизор, компьютер алдында өткөрүп, түрдүү видео оюндарды күн сайын бир нече сааттан ойноп, смартфондорду көп колдонгонунун натыйжасы.

Манфред Спицер Германиянын Ульм университетинин психиатрия бөлүмүн жетектейт. Ал компьютерди ашыкча көп колдонуу жаш балдардын мээсине зыян келтирет деген окумуштуулардын бири:

- Мен күнүнө беш мүнөт убакыт кетиргендер тууралуу сөз кылып жатканым жок. Компьютер алдында күнүнө жети жарым саат өткөргөндөр жөнүндө айтуудамын. Германияда орточо ушунча убакыт медиага жумшалат. Бул жерде болбой турган жана натыйжасы жок бир нерсе бар. Себеби, биздин мээбиз аны пайдалануудан тынбай өзгөрүп турат. Эгер сиз санариптик медианы колдонсоңуз, ал сиздин мээңизди өзгөртөт, - жаман жагына өзгөртөт.

Манфред Спицер былтыр чыккан “Санариптик кем акылдык” деген илимий изилдөөнүн автору. Анын айтымында, жаш балдар менен 18 жашка толо элек тестиер курактагылардын мээси “пластилиндей” жумшак болгондуктан, каалагандай калыпка жеңил түшөт. Дал ушул куракта мээнин нейрондорунун иштөө өзгөчөлүгү калыптанат.

Спицер мээ көп тараптуу өнүгүүсү үчүн жаш бала виртуалдуу эмес, реалдуу дүйнөгө аралашып жашаганга, анын проблемаларын чечкенге үйрөнүш керек деп эсептейт:

- Сиз эгер кайсы бир нерсени кол менен кармап көрсөтпөстөн, чычканча менен эле көрсөтчү болсоңуз, ал объектти жакшы билбей каласыз; орточо алганда, бул учурда сиздин мээңиз кыймылыңыздын үчтөн бирин көзөмөлдөйт. Бир нерсе жасаганда сиздин колуңуз кыймылдап, мерчем менен иштейсиз. Ошентип, ал нерсени үйрөнүп жатканда мээнин үчтөн бири иштебейт, мээнин мына ушу үчтөн бир бөлүгүн сиз жанагы нерсе тууралуу ойлонуп жатканда пайдалана албайсыз.

Манфред Спицердин сөзүнө караганда, интернетте бир текстен экинчисине же бир видео оюндун кадрларынан башкасына ылдам көңүлдү буруу, арийне, мээнин нейрондорунда тааныш жагдайда ылдам чечим алуу жөндөмүн өнүктүрөт.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, америкалыктар ар кандай бир сайтты караганга орто эсеп менен бир мүнөт гана жумшайт. Бул бара-бара адатка айланып калат жана маанилүү сайттарга да ушундай үстүрт мамиле пайда болот. Ушундан келип, илимпоз 17 жашка чейинки балдардын мектепте компьютер пайдалануусуна караманча каршы.

Бирок, санариптик медианы пайдалануу мээнин иштөөсүн жакшыртат деп ишенген илимпоздор да арбын. Алардын бири Женева университетинин профессору Дафне Бавелье. Илимпоз интернет пайдалануучулар аны колдонбогондорго салыштырганда коюлган маселеге көп тарабынан жана кеңири карашат дейт:

- Видео оюндарда мээнин ийкемдүү болуусу, бир нерсени үйрөнүүсү, ага көңүл буруусу, аны байкоосу үчүн абдан кубаттуу айрым ингредиенттер бар. Мына ошол активдүү ингредиенттерди жакшы оюндарды жасоодобу, билим берүүдөбү же бейтапты дарылоодобу колдонуу үчүн аларды түшүнгөнгө аракет кылып жатабыз.

Бавелье айымдын айтышынча, видео оюнчулар ар түркүн белгилерди же видео тасмаларды көргөндө, ойнобогондорго караганда алда канча көп нерсени байкашат. Алар машинени да кунт коюп айдашып, жол белгилерин көз жаздымда калтырышпайт. Илимпоз бирок видео оюндарды узак убакыт ойноо зыяндуу экенин айтат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG