Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Жогорку Кеңеш өлкөдөгү телеканалдардагы көрсөтүүлөрдүн 50 пайызын мамлекеттик тилде даярдоого милдеттендирген мыйзамды экинчи окууда жактырды. Депутаттар аталган мыйзам мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталганын ырасташат.

Бирок айрым адисттер бул мыйзамдын толук кандуу иштеп кетишинен күмөн санап жатат. Алар телеканалдарда мазмунун кыргыз тилинде толтурууга жеткиликтүү мүмкүнчүлүк жок экенин айтышууда.

Өлкөдөгү маалымат каражаттарына байланышкан кезектеги мыйзам долбоор санариптик телеге өтүү программасына ылайык иштелип чыккан. Анда телеканалдарды каттоодон өткөрүү, мазмунду толтуруунун критерийлери камтылган. Ага ылайык, өлкөдө иш алып барган телеканалдар 50 пайыздан кем эмес көрсөтүүлөрдү кыргыз тилинде даярдоого милдеттүү.

Демилгени колдогон депутаттардын бири Руслан Казакбаев бул мыйзам долбоор ириде кыргыз тилди өнүктүрүүгө жана маалыматтык коопсуздукту коргоого багытталганын билдирүүдө:

- Бул мыйзам долбоор өзгөчө маалыматтык коопсуздукка тиешелүү. Коопсуздук маселеси биринчи тилден башталат. Ошондуктан, өлкөдөгү бардык телеканалдардагы көрсөтүүлөрдүн 50 пайызы кыргыз тилине өтсө эң жакшы болот. Коопсуздукту күчөтөт жана тилди өнүктүрөт.

Мамлекеттик телеканалдар өзүнүн контентин толтурушу мүмкүн. Бирок жеке каналдарга кыйын болот жана аларга кандайдыр бир чектөө болуп калышы мүмкүн.

Депутаттар мыйзам долбоор өлкөдөгү санариптик көрсөтүүгө өтүүгө шарт түзүү максатын да көздөй турганын ырасташат.

Аталган мыйзам долбоорду парламент жайкы каникулга кетер алдында экинчи окууда жактырды. Аны жыйынга катышкан дээрлик бардык депутаттар колдоп добуш беришти.

Коомчулукта бул мыйзам долбоордун кабыл алынышын кубаттагандар арбын. Алар мыйзам долбоорду өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн маалыматтык чөйрөнү түзүүгө шарт түзөрүн белгилешүүдө.

Мамлекеттик 5-каналдын директору Евгения Бердникова бул демилгени аткаруу кыйын болсо да, аны аткарууга туура келет дейт:

- 5-канал башынан эле эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүүлөрдү даярдап келген. Ошондуктан, бул маселе биз үчүн анча кыйынга турбайт. Учурда биздин каналда кыргыз тилинде көрсөтүүлөр 50 пайызга жетпейт. Бирок мыйзам кабыл алынган соң аны 50 пайызга жеткиребиз деген ойдомун.

Бирок мындай жакшы максатты көздөгөн мыйзамдын толук кандуу иштешине күмөн санагандар да бар. Маселен, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул мыйзамды учурда аткаруу мүмкүн эместигин айтып чыккан. Себеби учурдагы мамлекеттик телеканалдардан башка жеке каналдардын көпчүлүгү башка өлкөлөрдө даярдалган продукцияларды көрсөтүшөт. Ошондуктан, бир учурда көрсөтүүнүн теңин кыргыз тилине которуу жана мыйзамды толук кандуу сактоо мүмкүн эместигин айтышат.

Бул маселе боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, иликтөө жүргүзгөн. Алар демилгени дароо ишке ашыруу мүмкүн эмес деген жыйынтыкка келишкен. Медиа эксперт Гүлзада Медералиева бул демилге канчалык жакшы экенин эске албастан, аны аткаруу кыйын болорун билдирүүдө:

- Албетте өлкөдөгү телеканалдардын кыргыз тилинде жана башка тилдерде 50/50 пайызда көрсөтүшүн баарыбыз эле колдойбуз. Идея аябай жакшы. Бирок убакыт чукул болуп жатат. Мамлекеттик телеканалдар өзүнүн контентин толтурушу мүмкүн. Бирок жеке каналдарга кыйын болот жана аларга кандайдыр бир чектөө болуп калышы мүмкүн.

Эксперттер бул жаатта коңшу Казакстандагы абалды мисал катары көрсөтүшөт. Бул өлкө телеканалдарда казак тилинде контентти байытуу үчүн 10 жыл берип, жылына 17 миллиард тенге бөлүп турган. Кыргызстанда бюджетте мындай каражат бөлүнбөйт. Ошондой эле чукул учурда кыргыз тилине өтүү кыйын болорун адистер белгилешет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG