Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:23

Украинада бийликтин алмашуусуна алып келген соңку окуялар Кыргызстанда кызуу талкуу жаратты. Майдандагы окуялар Кыргызстанда кайра кайталанышы мүмкүнбү? Ушундай суроолор тегерегиндеги талкууга Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев, киевдик журналист жана экономист Наталья Чурикова, Украинадагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Таалайбек Сариев, Бишкектен саясат таануучу Эмил Жураев катышты.

"Азаттык": Адегенде Украинадагы окуялар эмнеден улам от алганын эске сала кетсек. Наталья, нааразылык акцияларына ноябрда президент Янукович Евробиримдик менен кызматташтык келишимдерине кол коюудан баш тартканы башкы себеп болдубу? Же дагы башка олуттуу себептер бар беле?

Наталья Чурикова: Януковичтин Евробиримдик менен келишимдерге кол коюудан баш тартканы жөн гана кризисти от алдырган тамызгы болуп калды. Азыр артка кылчайып окуяларга көз чаптырсак, Украинада антикоррупциялык революция болду деп айтат элем. Адегенде ноябрь айында көчөгө студенттер чыккан, алар “бийлик биздин келечекке болгон, жакшы жашоого болгон үмүтүбүздү уурдап алды. Биз Европа менен бирге болгубуз келет” деген ураандарды көтөрүп чыккан. Евробиримдик менен келишимдерди анализдеп карасак, алар Украинада ар кыл тармактардагы реформалар жыйындысы болчу. Эл ага чейин бир да өкмөттүн реалдуу реформачыл иштерин көрө алган эмес. Улам бир бийлик жеке байлыгын көбөйтүү багытында гана иштеп келди. Азыр эми Януковичтин, мурдагы башкы прокурор Пшонканын үй-жайларын көрүп алып, эл чын эле алар байлыктан башканы ойлогон эмес турбайбы деп ого бетер ынанып олтурат.


"Азаттык": Ошентип, киевдик журналист Чурикова “Украинада антикоррупциялык революция” болду деп эсептейт. Эл, өзгөчө жаштар жеке өзүлөрүнө байлык топтоп, элди көзүнө илбей калган кылмыштуу бийликке андан ары чыдабай калган дейт ал. Чын эле украиналык карапайым калктын бийликке кыжырдануусу чегине жетип калган беле?

Таалайбек Сариев: Чындыгында эле ошондой болду. Көп жылдардан бери топтолуп келаткан нааразычылыктын бир вулкандай (жанар тоодой) жарылышы деп айтсак да болот. Жалгыз Януковичтин бийлигине эмес, эл 2004-жылкы саргылт ыңкылаптын жемишин, жыйынтыгын көрө албаганына да нааразы эле. Андан кийинки жылдары оозго алаарлык деле өзгөрүү болбой, 2010-жылкы шайлоого (Янукович уткан) элдин көбү барбай да койгон. Калктын жашоосу кыйындап, чындыгында нааразычылык күчтүү болчу, журналист Чурикованын айткандарына кошулам.

"Азаттык": Бир далай кабар-материалдарда Москва Украинага көз карашын таңуулап, экономикалык долбоорлордон улам саясий кысым көрсөткөнү украин калкынын кыжырын келтирди деп да айтылууда. Евробиримдик менен келишимге кол койбой койгон Янукович Москвага барып Орусиядан 15 млрд. жардам алмак болдук деп жарыялаган. Украина Бажы Биримдигине кошулушу мүмкүн деп айтылган эле. Министр Темир Сариевге суроо узатайын дедим эле. Бажы Биримдигине кошулуу ниети барып отуруп Бишкекте да ушундай массалык нааразылык акцияларына алып келбейби?

Темир Сариев: Биринчиден, тактай кетели, Украинада олигархтык бийлик бекемделе баштаган. Ошол олигархтык бийлик коррупциянын аябай гүлдөп кетишине жол берген. Президент ошол бийлигин колдон чыгарбаш үчүн атүгүл Конституцияны өзгөртүп, жеке бийлик укуктарын күчтөндүрүп кеңейтип алган. Анын кесепетинен Украинада улутчул радикал кыймылдар келип чыккан. Бизде, Кыргызстанда, кырдаал таптакыр башка. 2010-жылкы ыңкылаптан кийин биз Конституцияны түп-тамырынан өзгөртүп, парламенттик башкарууну бекемдедик. Азыр Жогорку Кеңештеги беш фракция бардык маселелерди талкуулап-талашып, чечим кабыл алып атат. Ал эми сиздин Бажы биримдиги тууралуу сурооңузга мындай деп жооп берет элем. Азыр биз бардык жагын санап-өлчөп атабыз. Бажы биримдигине кирсек, кандай утуш, кандай кыйынчылыктарга туш болобуз? Эгерде кирбесек, эмнеден утабыз жана эмнеден утулабыз? Баарын тең салмактап туруп, анан бир чечим кабыл алабыз. Бирок бир нерсени унутпайлы. Биздин бүгүнкү күндөгү интеграциялык байланыштарыбыз Орусия жана Казакстан менен тыгыз чырмалышкан. Анан ушул эки өлкө биримдик түзүп атса, биз андан сыртта калсак, зыяны, пайдасы кандай болот? Кыргызстандын жүз миңдеген жарандары дал ушул эки өлкөдө иштеп жашап, далайы ошол өлкөлөрдүн атуулдугун да алып атышат. Алардын тагдыры, алардын акыбалы кандай болот? Ушулардын баарын эске алып, баарын таразалап туруп бир чечимге келебиз деп ойлойм.



"Азаттык": Биз менен маектешкен киевдик журналист Наталья Чурикова да чындыгында Киевдеги нааразылык акцияларында анти-орусиячыл ураандар дээрлик болгон жок, орусиялык ири компания-уюмдардын (Сбербанк, Аэрофлот жана башка) офистери Майдандын тегерегинде жайнап турат. Аларды көздөй эч ким таш ыргыткан жок деп белгилейт. Элдин бийликтегилерге болгон ишеничи жоголуп кеткен, көрүнүктүү реформалар жасалган эмес. Мамлекеттин, элдин келечеги кандай болорун ачык-айткан, багыт берген программалар жок эле. Бийликтегилер элди коркутуп, кара күчкө салып, көзөмөл-кысымды болуп көрбөгөндөй күчөткөн дейт. Бишкекте түзүлгөн жаңы оппозициялык кыймыл Кыргызстанда бир да тармакта реформа жасалган жок деп сындап атат. Саясат таануучу Эмил Жураев мырза, сиз ушул пикирге макулсузбу?

Эмил Жураев: Бир тараптуу ак, же кара деп айтууга болбойт. Албетте, кайсыл бир тармактарда реформа жүргүзүлүп атат. Ошол эле кезде кыргыз бийликтеринин көптөп берки бир чоң өксүгү – бул маалымат саясатын туура жүргүзө албаганы. Эл менен сүйлөшүү, калкка өз максат, программасын жеткирүү жагынан мамлекеттик структуралар тийиштүү иш алып бара албай жатышат. Ошол эле борбордук телеканалдарды карасаңыз, элдин көйгөйүн, мүдөөсүн чагылдыргандын ордуна кайсыл бир саясий упай топтоо иштери менен көбүрөөк алек экени көзгө урунуп калып атпайбы. Бул өз кезегинде бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды күчөтүп жиберип жатат. Украинанын бийлиги кетирген ошол олуттуу катачылыкты азыр кыргыз бийликтери да кетирип жатат.

"Азаттык": Кайрадан Украинага кайрылсак. Киевдеги окуяларды карап отуруп, соңку күндөрү “мына, булар кыргыздардай болуп баарын талкалап-тоногон жок. Эч нерсеге тийбей, улуттук маданиятын көргөзүп жатышат” деген сөздөр көп айтылды. Кыргызстандык саясатчылар, коомчулук мындан кандай жыйынтык жасашы керек деп ойлойсуздар?

Таалайбек Сариев: Киевдеги башкы аянт – Майдандын борборундагы айрым мамлекеттик имараттарды – Кесиптик кошундардын башкеңсесин, Киев шаар акимчилигинин имаратын жана башка бир нече өкмөттүк имаратты басып алышты. Бирок бир да менчик имаратка кол салып, тийишкен жок. Украиндердин маданияты биздикинен жогору деп айткан деле туура эмес. Менимче, бул жердеги демонстранттар, митингчилер көчөдө үч ай турушту. Алардын башкаруучулары, уюштуруучу, коменданттары ишти аябай дыкат алып барышып, коомдук тартипке катуу көзөмөл салышты. Топ-топторго бөлүнүп, ар бири өзүндөгү ички тартипти сактап атты. Ошондуктан башаламан талап-тоноо, талкалоо болгон жок деп ойлойм. Кыргызстанда эки жолку ыңкылап тең чагылгандай эле тез болуп кетпедиби.

"Азаттык": Айтор, Украинадагы окуяларды, кийинки өнүгүшүн карап отуруп, Кыргызстын бийликтери кандай сабак алышы керек деп ойлойсуз?

Эмил Жураев: Менимче, биринчи кезекте өзүбүз кабыл алган Конституцияны бекем сактап, аны бузбай, өзгөртпөй, азыркы парламенттик башкарууну өркүндөтүшүбүз керек. Мамлекетти башкаруу бутактары ортосундагы тең салмактуулукту аябай кылдат сактап, бир жагына ооп кетпешине кепилдик беришибиз керек. Андан тышкары Орусия жана башка мамлекеттер менен саясатты аябай ойлонуп, таразалап, баарын эске алып жүргүзүшүбүз керек.


Темир Сариев: Биринчиден, бийликте ачыктык, айкындуулук болушу керек. Экинчиден, өкмөт натыйжалуу иштеп, бардык коррупциялык схемаларды жойгонго жан үрөшү керек. Таптакыр жоё албаса да, болушунча азайтууга милдеттүү. Үчүнчүдөн, келе жаткан шайлоого даярданышыбыз керек. Көп чыр-чатактын баары мына ушул шайлоодон чыгат. Менимче, Украинада президенттик шайлоону 25-майга белгилеп, өтө шашып кетишти. Региондордо бир кылка мыйзамдуулук орномоюнча шайлоо өткөрүү, анын жыйынтыгын легалдаштыруу кыйын болуп калат. Дагы бир коркунуч – Януковичти жөн эле кетирип, арызын алыша элек. Мунун баарын мыйзамдаштырбаса, тирешүү токтобой, дагы чоң чатактар чыга бериши мүмкүн.

"Азаттык": Эмил мырза, эмне үчүн бизде, Кыргызстанда мындай акциялар карактоо, кадимки уурдап-таламай менен аяктады? Чын эле маданиятыбыз төмөн, каныбызда жапайычылык барбы?

Эмил Жураев: Бул жагынан айырмабыз эми аңырайып эле көрүнүп калды. Аны тангандан эч кандай майнап жок. Чындыгында биздегидей мамлекеттинби, башка бирөөнүнбү, мүлкүн талап-тоноо, өрттөп-талкалоо, карактап уурдоо, доо келтирүү иштери Украинада байкалган жок. Муну эми украин саясатчылары ал жердеги акцияларды аябай кылдат уюштуруп, башкарганына байланыштырсак болот. Бир нече айга созулду да. Бизде саясатчылар чоң толкундоолор башталганда четте калып, элди башкара албай калышкан. Эми бизде жалпы эле элдин маданияты, саясий маданият азырынча төмөн экенин да айта кетпесек болбос.

"Азаттык": Москвалык журналист Аркадий Дубнов Киевдеги кандуу окуяларга 1-2 күн калганда шашып кетип, “Украинада эч ким ок атпайт, кантсе да бир украиндин өмүрү бир кыргыздын өмүрүнөн кыйла кымбат бааланат” деп жазып жиберди. Бул эми кыргызстандык саясатчыларды аябай эле намыстандыра турган билдирүү. Бийлик болобу, оппозиция болобу, элди тукуруп, астыга чыгарып коюп, артында ышкырып тура бергени адатка айланып бараткандай. Эли каракчы, саясатчылары жоопкерчиликсиз деген сөздөрдөн кантип тазаланабыз? Украинадагы соңку окуялардын ачуу сабагы бизди ойлондурабы?

Темир Сариев: Жалпы эле биз Украинадан гана эмес, өзүбүз башыбыздан өткөн окуялардан аябай ачуу сабак алышыбыз керек. Биринчи кезекте дал бийликте отургандар аябай ойлонуп, жыйынтык жасашы керек. Конституцияга ылайык өткөн шайлоодо жеңгенди да, жеңилгенди да үйрөнүп, мыйзамсыз иштерди жасагандан оолак болушубуз зарыл. Кыргызстанда азыр кандай болбосун маселени коомчулукка алып чыгуунун мыйзамдуу аянты, ыкмалары бар. Парламенттеги комитеттерде, парламенттин өзүндө да каалаган маселени талкуулап чечүүгө болот. Акыркы жылдары саясатчылар эле эмес, элибиз да түшүнүп калды муну.

Таалайбек Сариев: Биз 2010-жылы парламенттик системага өтөбүз деп аракеттенип, бул жагынан Украинадан алдыга кеттик. Ушуну биз жакшылап пайдаланышыбыз керек. Темир байке айткандай, баарын эле көчөгө алып чыга бербей, маселени парламентте чечкенге өтүшүбүз керек. Бажы биримдигине келсек, аны балким, бүткүл элдик референдумга алып чыгып чечкен оңдур. Анткени бул ар бир кыргызстандыктын жашоо-турмушуна тиешелүү маселе эмеспи. Жалпысынан, азыр Кыргызстан туура жолду тандады, эми ушундан жазбай өнүгүп кетиши керек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG