Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Кыргызстан БУУда ГЭСтер маселесин көтөрдү


Эрлан Абдылдаев БУУнун жыйынында сүйлөп жатат.
Эрлан Абдылдаев БУУнун жыйынында сүйлөп жатат.

БУУнун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөгөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ГЭСтерди куруу маселесин көтөрүп, Батыровго аянтча болгону үчүн ЕККУнун ишин сындады. Нью-Йоркко аттанган президент Алмазбек Атамбаев Стамбулда ооруп калганына байланыштуу кыргыз делегациясын БУУга тышкы иштер министри жетектеп кеткен.

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүп жатканына байланыштуу Кыргызстанда 2025-жылы мөңгүнүн көлөмү 30-40 пайызга азайышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бириккен Улуттан уюмунун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясында сүйлөп жатып билдирди. Андыктан Кыргызстан жана Тажикстандагы ГЭСтердин курулушу Борбор Азиядагы суу маселесин чечерин кошумчалады:

- Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жактан таза электр энергиянын булагына ээ. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү жаңы долбоорлордун курулушунда бир ымалага келиши абзел. Болбосо мөңгүлөрдүн эриши менен катар 2025-жылга барып суу тартыштыгы пайда болот.

Кыргызстан былтыр да ГЭСтерди куруу зарылдыгын БУУнун жыйынында көтөргөн. Бирок Өзбекстандын өкүлү жыйында дароо ГЭСтердин курулушу коңшу өлкөлөрдө суу тартыштыгын жаратарын айтып чыккан. Кыргызстандагы Камбар-Ата-1, Тажикстандагы Рогун ГЭСтеринин курулушуна коңшу Өзбекстан башынан эле каршылыгын билдирип келет.

ЕККУга айтылган сын

Кыргызстан ЕККУнун демократиялык баалуулуктарын толугу менен колдоп, иш жүзүнө ашырып келе жатат. Бирок ЕККУ тарабынан жасалган кош стандарттулукка жана бул уюмдун чагымчылдык менен өлкөнүн ички ишине кийлигишүүсүнө каршы. Эрлан Абдылдаев бул тууралуу июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз берилгенине байланыштуу айтты:

- Биз парламенттик демократияны өтө чоң аракеттер менен бир калыпка келтирдик. Ошол эле учурда ЕККУнун бардык сунуштарын кыйшаюсуз аткарып келе жатабыз. Бирок ЕККУ тарабынан Кыргызстанда издөөдө жүргөн адамдарга сөз сүйлөөгө аянтча түзүп берилишин өлкөнү сыйлабоо катары кабыл алыбыз. Мындай жүрүштүн аркасы менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) аянтчасында келечекте кылмышкерлер жана террористтер да сүйлөп калышы мүмкүн.

Эрлан Абдылдаев өз сөзүндө сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров Орусия тарабынан дагы издөө жарыяланганын кошумчалап, Кыргызстан өзүнүн ички ишин мамлекеттин кызыкчылыгын жана туруктуулугун эске алып чечээрин кошумчалады.

Кадыржан Батыров 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген.

2010-жылдагы июнь коогасын геноцид деп атаган жана кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган.

ЕККУ өкүлдөрү Батыров Интерполдун издөө тизмесинде, Улуттар Уюмунун “кылмышкерлер” тизмесинде жок болгондуктан Варшавада сөз берилгенин “Азаттыкка” билдиришти.

Батыров июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган жана алты жылдан бери издөөдө жүрөт.

Кыргызстандагы шайлоолор

БУУда сүйлөгөн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 2017-жылы өтө турган Кыргызстандагы президенттик шайлоону колдоого БУУну жана өнөктөш өлкөлөрдү чакырып өттү.

- Бириккен Улуттар уюмун жана өнөктөш өлкөлөрдү биздин аракеттерди колдоого чакырабыз. Биз шайлоолорду эл аралык стандартка ылайык өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатабыз, деди Абдылдаев.

Министр 2015-жылы Кыргызстандагы парламенттик шайлоо учурунда биринчи жолу биометрикалык технология киргизилгенин белгилеп, шайлоо жыйынтыгы бардык саясый күчтөр тарабынан таанылып, элдин биримдиги бекемделгенин айтып өттү. Бул шайлоону эл аралык коомчулук бир добуш менен демократиянын негизинде өттү деп тааныганын кошумчалады.

Мындан сырткары Абдылдаев 2017-жылы Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча экинчи дүйнөлүк форум өтөөрүн айтып, эл аралык коомчулук менен БУУну форумду жана Көчмөндөр оюндарын колдоого чакырды.

Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага 62 өлкөдөн спортчулар катышты. Ал эми ак илбирсти сактоо боюнча биринчи форум Кыргызстанда 2013-жылы өткөн.

Атамбаев барбай калган сапар

19-сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-сессиясына катышуу үчүн бараткан жолдо Түркиянын Стамбул шаарындагы аэропортто президент өзүн жаман сезип, алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Адистер президенттин жүрөгүндө оорунун белгилери бар экенин аныкташкан. Мындан улам ал 20-сентябрдан тарта кыска мөөнөткө өргүү алган. Кыргыз делегациясын болсо БУУга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеп кеткен.

23-сентябрдагы маалыматка караганда, мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Москвадагы Орусия президентинин иш башкармалыгына караштуу борбордук клиникалык бейтапканада дарыланууда жана абалы жакшы. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG