Линктер

Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген Кадыржан Батыров ЕККУнун жыйынына кандайча катышып калды? Жыйынды уюштурган ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин басма сөз катчысы Томас Ример "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

Томас Ример: Адам укуктары жана демократия принциптеринин аткарылышын караган бул жыйын ЕККУга мүчө 57 өлкөнүн биргелешкен чечими менен түзүлгөн. Бул жыйын мүчө өлкөлөрдүн, ЕККУнун жана жарандык коомдун адам укуктары боюнча пикир алмашуусуна аянтча болууну максат кылат. Анын эшиги мамлекеттерге да, жарандык коомдун өкүлдөрүнө да ачык. Алар интернеттен катталышып, бул жыйынга катыша алышат жана билдирүү менен чыга алышат.

“Азаттык”: Кыргызстанда улут аралык кастыкты козуткан деп өмүр бою эркинен ажыратылган адам – Кадыржан Батыров эмне үчүн бул жыйынга катышты?

Томас Ример: Кадыржан Батыров Алима Батырова атындагы “Эл достугу” университетинин президенти катары каттоодон өткөн. Ал жарандык уюмдун өкүлү болуп саналат. Биз жарандык коомдун өкүлү катары каттоодон өткөн, эл аралык террористтердин тизмесинде болбогон адамдарга жыйынга катышууга уруксат беребиз. 57 мүчө мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстандын макулдугу менен кабыл алынган эрежелерге ылайык, биз Кадыржан Батыровдун бул жыйынга катышуу укугуна каршы боло албайбыз.

Кадыржан Батыров 2010-жылы Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облустарындагы улут аралык араздашуу боюнча айыпталган.

Кадыржан Батыров 2010-жылы Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облустарындагы улут аралык араздашуу боюнча айыпталган.

“Азаттык”: Бирок сиздер катышуучулардын буга чейинки ишмердүүлүгүн текшересиздерби? Текшерсеңиздер кантип?

Томас Ример: ЕККУдагы эрежелерге ылайык, катышуучулар зомбулукту же террорчулукту пропагандалабаса жыйындарга катыша алышат. Биз Бириккен Улуттар Уюмунун тизмесинен текшеребиз. ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн баары БУУнун да мүчөлөрү болуп саналат. Биздин чечим ушул эрежеге негизделет. Кадыржан Батыров бул тизмелерде жок болчу. Андыктан буга чейин айткан жоболорго ылайык, анын бул жыйынга катталууга укугу бар.

“Азаттык”: Бирок сиздер Батыров Кыргызстанда өмүр бою эркинен ажыратылганын билчү белеңиздер?

Томас Ример: Менде Батыров мырзанын буга чейин ишмердүүлүгү тууралуу так маалымат жок. Биз сакташыбыз керек болгон эрежелерди сактаганыбызды гана билем. Ал процесске ылайык, Кадыржан Батыровдун катталуусуна уруксат бербегенге эч себеп жок болчу.

“Азаттык”: Кадыржан Батыров алты жылдан бери Кыргызстандан алыста жүрөт. Бирок ал жыйында өлкөдөгү кырдаал тууралуу өз көз карашын билдирди. Сиздер ал киши Кыргызстандагы чыныгы абалды жакшы билет жана түшүнөт деп ойлойсузбу?

Томас Ример: Бул суроо мага же бизге эмес. Мурда айткандай, бул жыйын ЕККУдагы адам укуктарынын сакталышы боюнча көз караштарды жана маалыматтарды эркин жана ачык түрдө алмашууну максат кылат. Ачык пикир алмашууну камсыз кылуу үчүн жыйынга катышкан өлкөлөрбү же жарандык коомдун өкүлдөрү болобу, алардын билдирүүлөрүнө комментарий бербейбиз.

“Азаттык”: Ошентип, кечээ Варшада Кыргызстандагы адам укуктары жана демократиянын абалы талкууланды. Кандай тыянак чыкты?

Томас Ример: Кийинки жуманын акырында жыйын аяктаганда ар кыл сессияларда айтылган сунуштарды камтыган баяндама жарыяланат.

Бир өлкө издөө салган адамдын эл аралык уюмдардын жыйындарына катышуусу нааразылык жараткан учурлар буга чейин да катталган. Мисалы, Орусия жикчил деп атаган Ахмед Закаевдин Европа кеңешине келиши орус өкмөтүнүн ачуусун келтирген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG