Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Хип-хоп маданияттарды бириктирет


Будда Стретч Кыргызстанда 4-февралдан 11-февралга чейин болот.
Будда Стретч Кыргызстанда 4-февралдан 11-февралга чейин болот.

Хип-хоптун алгачкы хореографы, америкалык өнөрпоз жергиликтүү бийчилер менен жолугушуп, хип-хоп аркылуу ич ара араздашууну жөнгө салуу тажрыйбасын көрсөтүп, маданияттын бул түрү аркылуу жаштарды туура жолго салып, ак жолтой келечек курса болот деген көз карашын жайылтууда.

"Хип-хоп – бул жөн эле денени кыймылдатуу эмес. Ал ыргакты сезип, аны менен кошо жашаш керек. Сен – бул хип-хоп, хип-хоп – бул сен". Ушул сөздөр ньюйорктук хип-хоп бийчи Будда Стретчти азыркы деңгээлине жеткирип, эми бул осуятты өз окуучуларына айтып жүрөт.

Көптөргө өөн көрүнгөн, бирок хип-хопко ынтызарлардын көзүнө көндүм эле кийинген Стретч Нью-Йорктогу теги африкалык америкалыктар арасында хип-хоп жаңы тарап келаткан 1970-жылдар аягында бул өнөргө аралашып, Майкл Жексон, Дайана Росс сыяктуу жылдыздар менен иштеп, ийгилиги арткан.

- 1960-жылдын аягы, 1970-башында Нью-Йоркто кылмыштуулук күчөп кеткен. Аны көзөмөлдөгөн беш топтун тирешинен далай күнөөсүз жарандар ажал тапкан. Акыры ал топтор чогулуп, мындай болбой турганын сүйлөшүшкөн. Анан кайсы райондон ким кыйын экенин ошол кезде алар билген өнөр – бул бий, рэп ырдоо жана граффити тартуу аркылуу көрсөтүп, мелдештерди өткөрүүнү чечишкен. Ошентип мелдештер өтүп, бири-бирине даңктап жатып, бул стиль өзүнчө бөлүнүп, хип-хоп деп аталып калган. Анан топтор бири-бири менен урушпай, хип-хоп аркылуу бири-биринин өзгөчөлүгүн көрсөтүп, аны өнүктүрүп, маданияттын бир бөлүгүнө айландырышкан.

Хип-хоптун тажрыйбасына каныккан Будда Стретч маданият аркылуу ар кандай араздашуулар менен чырларды жөнгө салып, атүгүл эки тарапты бириктирсе болот деген оюн ортого салыш үчүн Кыргызстанга келиптир. Бул күндөрү америкалык өнөрпоз хип-хопко ынтызар жергиликтүү жаштар арасында сабак өтүп жүрөт.

- АКШда дене-баштын түсү боюнча бөлүнүү бар. Аны биз расизм дейбиз. Силерде болсо улуттар арасында маселелер бар. Бизде Түштүк Америкадан келгендер түбү африкалык америкалыктарга доомат артышат, же тескерисинче. Мен алардан "силер эмне эле бири-бириңерге нааразы болуп жүрөсүңөр" деп дайыма сурайм. Силер окшошсуңар да. Айырмачылыктарды эмес, окшош нерселерди көрө билиш керек да. Анан маданиятта, маселен, хип-хопто ошол окшоштуктар көрүнүп, ажыратып эмес, бириктирип турат. Музыка, бий аркылуу бири-бирибизди бириктире турган нерселер табылып, бакубат жашаш үчүн диалог башталат.

Бийчи Жан Воиновдун айтымында, хип-хоп өлөкөдө жакшы өнүгүп баратат.
Бийчи Жан Воиновдун айтымында, хип-хоп өлөкөдө жакшы өнүгүп баратат.
Жергиликтүү хип-хоп бийчилер Будда Стретч менен жолугушуудан чоң таасир алып жаткан экен. Сөз бийчи Жан Воиновдо:

- Хип-хоп Кыргызстанда жакшы өнүгүп баратат, чет өлкөдөн ушундай тажрыйбалуу бийчилер келип, чеберчилигин көрсөтүп, ушул эле жол менен жыла берсек, келечеги кең. Бирок, тилекке каршы, бизди материалдык жактан колдогондор аз. Хип-хоптун азыркы деңгээли – бул биздин тынбай эмгектенгенибиздин мээнети. Кыргызстанда хип-хоп маданиятына кызыккандар көп, 10 миңдей болот болуш керек.

Будда Стретч Кыргызстанга АКШ элчилигинин чакыруусу менен келген. Элчиликтин басма сөз кызматынын өкүлү Робин Соломондун айтымында, Мамлекеттик департаменттин тажрыйба алмашуу программасы аркылуу Кыргызстанга ар тармактуу адистер келип, жергиликтүүлөр менен пикир алмашып, байланышты чыңдап жатышат.

- Азыр АКШда хип-хоп абдан популярдуу болуп, заманбап маданияттын бир бөлүгү болуп калды. Анан ошол өнөрдү ортого салуу үчүн биз Будда Стретчти чакырдык. Кыргызстанда биз дайыма өз маданиятыбызды көрсөтүүгө аракеттенебиз, анткени америкалык маданият кыргыздардыкына окшоп абдан бай. Азыр Кыргызстан жаштары арасында хип-хоп популярдуу болуп, өнүгүп бараткан үчүн Будда Стретч аларга кызыктуу болот деп аны чакырдык.

Будда Стретч Кыргызстанда 4-февралдан 11-февралга чейин болуп, Бишкек жана Ош шаарларында хип-хопко кызыккан жаштар менен жолугушуп, өнөрүн үйрөтөт. Акырында Бишкектеги хип-хоп бийлегендер ортосундагы эрөөлгө катышмакчы.
XS
SM
MD
LG