Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

АКШнын “Манастагы” транзиттик борборуна күйүүчү май ташыган Mina Corp компаниясы Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаевдин Москвада жасаган билдирүүсүн айыптап чыкты. Кыргыз бийликтери ишинде коррупциялык схемаларды колдонгону үчүн күнөөлөп келген бул компания кыргыз өкмөт башчысынын Орусиядагы сөздөрүн бизнести басып алуу ниети катары баалаган.

Кыргызстандын аймагына Орусиядан авиакеросин алып келүү маселеси премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин Владимир Путин менен 18-мартта Москвада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жуп башында эле көтөрүлгөн. Ал жолугушуунун орус өкмөтүнүн расмий сайты жарыялаган стенограммасында кыргыз премьер-министринин төмөнкүдөй сөздөрү келтирилет:

- Сиз билгендей, биз орусиялык авиакеросиндин реэкспортун токтотуучу биргелешкен ишкананы 15-февралга дейре уюштурууну убада кылганбыз. Он жылдай мындай реэкспорт биздеги авиабаза аркылуу жүргүзүлүп келинген жана буга мурдагы бийликтер аралашып кеткен.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев жана Орусиянын премьер-министри Владимир Путин, 27-декабрь, 2010-жыл
Бизде мындай биргелешкен ишкана 17-февралда түзүлдү. Кабыл алуу, өткөрүп берүү сыяктуу нерселер аягына чейин чыгарылды, маселе чечилди. АКШнын өкмөтү менен камсыздоонун 50 пайызын дал ушул биргелешкен ишканага берүү жагы макулдашылды. Бирок мен АКШнын Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү менен акыркы жолугушуумда биз эми экинчи бөлүк боюнча иштөөбүз керектигин айттым. Анткени биз ташууну “Мина” фирмасы жүргүзүүсүн каалабайбыз. Мунун артында, биздин маалымат боюнча, ошол эле Максим Бакиев турат.

Биз бул ташуулар да кыргыз өкмөтүнүн катышуусу менен жүргүзүлүүсүн талап кыларыбызды айттык. Биз балким дагы бир биргелешкен ишкана түзүүгө даярбыз. Бирок биз бул ташуулар да кыргыз өкмөтүнүн катышуусу менен жүргүзүлүүсүн кааларыбызды эскерттик.


Узакка созулган кайым айтыш

Кыргыз бийликтери менен Mina Corp компаниясынын ортосундагы кайым айтышуулар дээрлик бир жылга жакын убакыттан бери жүрүп келүүдө. Расмий Бишкек Дубайда катталган бул компания “Манастагы” мурдагы америкалык база, азыркы транзиттик борборду май менен жабдууда коррупциялык схемаларды колдонгонунун айынан Кыргызстан былтыр Орусия өлкөгө ипорттолуп жаткан күйүүчү майга кошумча салык киргизүүсүнө кириптер болду деп эсептейт.
Компаниянын Кыргызстандагы иши үзгүлтүккө учураган жок. Компания АКШнын транзиттик борборун мурдагыдай эле “жүз пайыз” камсыздоодо.


Компанияны Кыргызстандагы таза эмес иштери үчүн президент Роза Отунбаева да айыптап, маселе анын АКШ жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрү учурунда да көтөрүлгөн. Mina Corp болсо кыргыз тараптын дооматтарын каралоо катары мүнөздөп келүүдө. Компаниянын соңку билдирүүсүнө караганда, алар премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы сөздөрүн да мына ушундай маанайда кабыл алгандай.

Mina Corp компаниясынын расмий өкүлү Жон Лав (John Lough) “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бул - Mina Corp компаниясынын бизнесин ээлеп алуу боюнча бир нече айдан бери жүрүп жаткан өнөктүктүн уландысы. Ал апрелдеги ыңкылаптын артынан дароо эле Убактылуу өкмөт тарабынан башталган, эми коалициялык өкмөт тарабынан улантылууда. Премьер- министр Алмазбек Атамбаев Москвада Mina Corp компаниясынын артында Максим Бакиев турат деп ырастады. Бул толугу менен жалган. Өкмөт бул ырастоосу боюнча эч бир далилди, эч бир формада бере элек. Биздин көз-карашыбызда, кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк инвестицияны коргоо, АКШ өкмөтүнүн “Манас” транзиттик борборун камсыздап жаткан контрактторлорунун ишине кийлигишпөө боюнча милдеттемелерин бузуп жатат.

Ал эми премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязов Mina Corp компаниясынын Алмазбек Атамбаевдин дарегине айткан дооматтары боюнча “Азаттыкка” мындай пикирин билдирди:

- Кандай комментарийлешсе, ошондой комментарийлешсин. Бул алардын укугу. Атамбаев "биз бул компаниялар (Mina Corp жана Red Star) май ташууну улантуусун каалабайбыз, анткени аларды ачык-айкын иштейт деп эсептебейбиз жана алар Максим Бакиев менен байланышта тургандыгы боюнча көп маалыматтар бар" деп айткан.

Mina Corp компаниясынын иши боюнча Кыргызстанда прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголгону белгилүү, бирок тергөө жыйынтыктала элек.

Иш уланууда

Бишкектик талдоочу Кубанычбек Өмүралиевдин пикиринде, мына ушул жагдай да кыргыз тараптын далили жок деген сөздөрдүн чыгышын шарттоодо:

- Ал мурунку үй-бүлө менен канчалык деңгээлде байланышта болуп, канча акча төлөгөнү далилденбей жатпайбы. Экинчи жагы, мына бир жылга жакындап келе жатат, биздин тартип коргоо органдары ак же көк деп, же мындай зыян келтирди айта алышпай жатпайбы.

Ал эми Mina Corp өзүнүн ак экендигин азыркыга чейин АКШ Конгрессинин иликтөөсү менен негиздеп келүүдө.

АКШ Конгресси сегиз айга созулган иликтөөсүнүн жыйынтыгын былтыр декабрда жарыялап, анда "Манас" транзиттик борборун май менен жабдыган эки компания көз боёмочулукка барганы, бирок ал компаниялардын Бакиев режими менен каржылык байланышта турганы боюнча ишенимдүү далилдер табылган эместиги айтылган.
Биз балким дагы бир биргелешкен ишкана түзүүгө даярбыз. Бирок биз бул ташуулар да кыргыз өкмөтүнүн катышуусу менен жүргүзүлүүсүн кааларыбызды эскерттик.
Алмазбек Атамбаев.


Айтор эки тараптын кайым айтышуусу али уланып жатканы менен Mina Corp компаниясынын өкүлү Жон Лав (John Lough) “Азаттыкка” курган маегинде ырастагандай, компаниянын Кыргызстандагы иши үзгүлтүккө учураган жок. Компания АКШнын транзиттик борборун мурдагыдай эле “жүз пайыз” камсыздоодо. Ал АКШ өкмөтүнөн, тактап айтканда Коргоо министрлигинен бир жылга эсептелген акыркы контрактты былтыр ноябрда алган жана анда келишимди кийинки жылга узартуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Кыргыз тарап болсо эми АКШ өкмөтү менен жетишилген макулдашууга ылайык, транзиттик борбордун майга болгон муктаждыгынын кеминде 50 пайызга чейинкисин кыргыз-орус биргелешкен ишканасы камсыздоосуна жетишүүнү көздөөдө. Кыргыз бийлиги бул долбоорду транзиттик борборго май сатуудан түшкөн кирешени бюджетке буруу аракети катары мүнөздөөдө. Өкмөт өкүлдөрүнүн ырастоосунда, мындан бюджетке жылына 50-60 миллион доллардын тегерегинде каражат түшөт.

Маселенин артынан маселе чыгып...

“Газпром Нефть Аэро Кыргызстан” деп аталган биргелешкен ишкана Бишкекте катталды. Анын 51 пайызына Орусиянын “Газпром Нефть Аэро” компаниясы, 49 пайызына Кыргызстандан “Манас май кую комплекси” мамлекеттик ишканасы ээлик кылат.

"Манас май кую комплекси” мамлекеттик ишканасынын баш директору Максат Шариповдун “Азаттыкка” айтканына караганда, биргелешкен ишкана али Орусиядан уруксат кагаздарын ала элек болгондуктан, Кыргызстан аймагына май алып кире элек. Ал эми “Манас” транзиттик борборун камсыздаганга чейин кыргыз-америкалык келишим Жогорку Кеңеште ратификацияланып, анын артынан коммерциялык келишим да түзүлүүсү зарыл:

- Жогорку Кеңеште чечип бергенден кийин биз Американын өкүлдөрүн чакырып, чогуу келишим түзүү керек. Ошол келишимде баары жазылат. Андан кийин гана биргелешкен ишкана транзиттик борборго май сатууга мүмкүнчүлүк алат. Бүгүнкү күндө андай контракт жок болгондуктан май алып келген күндө деле сата албайт.

Максат Шарипов “Азаттыкка” курган маегинде кошумчалагандай, “Манас” транзиттик борборунун күйүүчү майга болгон жылдык муктаждыгынын 50 пайызы болжол менен 160-190 миң тонна. Бирок биргелешкен ишкана алгачкы мөөнөттөрдө 50 пайыздык чекти камсыздай албоосу мүмкүн:

- Себеби бизде күйүүчү май сактоочу кампаларыбыз өтө кичинекей. Ошондуктан бир-эки айдын ичинде биз башка мунай базаларын ижарага алышыбыз керек. Ушундан кийин гана, экинчи, үчүнчү айларда барып гана 50 пайызды сатканга даяр болушубуз мүмкүн.

“Манас” транзиттик борборун май менен камсыздоодо үлүштү бөлүшүү маселеси аягына чейин чечилгенден кийин да дагы бир маселе кала берүүдө. Бул - транзиттик келип жаткан күйүүчү майдан салык алуу маселеси. Жакында парламенттеги оппозициялык фракциялар бул боюнча атайын мыйзам долбоорун киргизгенде, өкмөт жана АКШ элчилиги мындай шарт Транзиттик борбор боюнча 2009-жылкы келишимде каралбагандыгын эскертишкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG