Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Кыргызстан-АКШ: кызматташтыкка чейрек кылым


Кыргызстан менен АКШнын ортосунда дипломатиялык байланыш түзүлгөнүнө 25 жыл толду.

1991-жылдын 27-декабрында АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп таанып, бир жылдан кийин Бишкекте элчилигин ачкан.

Соода-экономикалык, маданий жана коопсуздук жаатында тыгыз кызматташып келген эки өлкө ортосундагы мамиле Эл аралык антитеррордук борбор Бишкектен чыгарылгандан кийин салкындаганы айтылып келатат.

Ар тараптуу көмөк

Эки өлкө дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндөгү келишимге 1991-жылы кол коюшкан. Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун мурдагы директору, эксперт Талант Султановдун пикиринде, АКШ Кыргызстанга айрыкча демократияны орнотуу, адам укугу жаатында бир топ салым кошту.

- Кыргызстан эгемендүүлүктү алганда АКШ биринчи тааныган өлкө болгон. 25 жылдын ичиндеги мамиледе көп эле жакшы нерселер болду. Эң негизгиси Кыргызстан аймакта демократия, адам укугу боюнча үлгү көрсөтчү өлкөгө айланды. Мында АКШнын салымы чоң.

АКШ өкмөтү Кыргызстанга экономикалык, социалдык, билим берүү жана коопсуздук багыттары боюнча ар кандай долбоорлор аркылуу көмөктөшүп келет. Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы жана Канададагы элчилигинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, 2014-жылы эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 237 миллион долларды түзгөн. Кошмо Штаттар менен Кыргызстандын кызматташтыгынын активдүү учуру 2001-жылдан кийинки мезгилге туура келет.

11-сентябрда АКШда болгон ири терактка байланыштуу терроризмге каршы биргелешкен эл аралык күрөштө расмий Бишкек транзиттик авиабазаны жайгаштырууга уруксат берген. Ижара акыга Кыргызстан жылына 65 миллион доллар алып турган.

Кремлдин карааны

Кыргызстан 13 жылдан кийин каражаттан жана базадан баш тартып, бул келишимди бир тараптуу бузган. Ал эми өткөн жылы июнь айында кыргыз өкмөтү эки өлкөнүн өкмөттөр аралык кызматташуусу тууралуу 1993-жылы кабыл алынган макулдашууну дагы бир тараптуу токтоткон.

Өкмөттүн бул чечими Кыргызстандын соту кылмышкер деп тааныган укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШ өкмөтү тарабынан эл аралык сыйлыктын ыйгарылышына жооп катары бааланып жүрөт.

Бул багытта Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да пикирин ачык айтып, АКШны өлкөнүн ички ишине кийлигишет деп сындап жүргөн жайы бар. Акыркы жолу мындай пикирин 2016-жылдын аягында берген маалымат жыйынында дагы бир жолу кайталады:

- Биз Америка менен атайын мамиле бузалы деген оюбуз жок болчу. Бирок, биз эгемендүү мамлекетпиз. Муну бардык мамлекет түшүнүшү керек. Орусиянын базасын 49 жылдын ордуна 15 кылып койдук. Алар туура түшүндү.

Анткен менен кыргыз өкмөтү токтотуп койгон эки тараптуу келишим кайра жаңыланып, кол коюуга даярдалып жактандыгы айтылып келатат. Бирок качан, кандай жоболор кабыл алынары белгисиз бойдон калууда.

Эксперттер АКШ менен Кыргызстан мамилесинин солгундашына Орусия олуттуу таасирин тийгизгенин айтышат. Укук коргоочу Динара Ошурахунова бул көрүнүш айрыкча Евразия экономикалык биримдигине кирүү жараянынан кийин даана байкала баштады дейт:

- ЕАЭБга киребиз дегенден баштап мамиле сууй баштады. Буга чейин базаны чыгардык. Ал база бюджетке көп акча алып келчү эле. Андан эмнеге баш тартканыбыз түшүнүксүз. Буга Орусия таасир этиши мүмкүн. АКШда жаңы президент шайланды, эми алар артыбыздан ээрчип жүрө бербейт. ЕАЭБ биздин тышкы саясаттагы мүмкүнчүлүктөрүбүздү кыскартты.

Бишкек-Вашингтон: жаңы макулдашууга жол

Бишкек-Вашингтон: жаңы макулдашууга жол

Кыргызстан менен АКШнын ортосунда кызматташуунун жаңы багыттарын караган макулдашуунун долбоору даярдалып жатканы белгилүү болду.

2016-жылы АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керринин Борбор Азиядагы сапарынан кийин C5+1 келишими түзүлгөн. Чөлкөмдөгү беш өлкө менен АКШнын ортосундагы солгун тарткан ымала дал ушул долбоордон улам кайрадан жанданары божомолдонууда.

4-декабрда АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык кызматташтыктын мааракесине арналган жыйында АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни негизги саясат көз карандысыздыкты бекемдөө экенине токтолду.

- АКШнын Кыргызстанга карата саясаты өлкөнүн көз карандысыздыгын сыйлоого жана аны бекемдөөгө, аймактык бүтүндүгүн сактоого багытталган. Мындай багыттагы саясат чейрек кылымдан, же алгачкы элчилердин бири Маллойдон бери такыр өзгөргөн жок. Биздин максатыбыз өтө жөнөкөй жана бекем. Кыргызстандын ийгилигин гана максат кылабыз.

Америка өз кезегинде Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип келет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG