Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Кыргызстан анклав деп эсептеген жерлерди Өзбекстан менен Тажикстан анклав деп эсептебейт. Чек ара маселелери боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов "Азаттыкка" маек курду.

- Президент Роза Отунбаева 7-февралда Баткен облусуна барганда облустук активдин алдында сүйлөп, сөз арасында Өзбекстан менен анклавдар боюнча сүйлөшүүлөрдө жерлерди барабар баада алмашуу жөнүндө гана кеп болушу мүмкүн экенин баса белгилеп кетти. Анклавдарды алмашуу боюнча Кыргызстан менен анын коңшуларында кандай жолдор, мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар бар? Анклавдардын маселеси ушул өңүттөн мурда кийин коюлганбы?

- Ушул өңүттөн маселе козголгон эмес. Себеби ушул ишти аткарууга эки тараптын тең даярдыгы жок. Мисалы, биз анклав деп эсептеп келаткан жерлерди биздин коңшулар анклав деп эсептебейт.

1924-27-жылдарда улуттук-аймактык жер бөлүштүрүү мезгилинде мамлекеттердин карамагында калып калган жерлер колхоздоштуруу учурунда чарбалык чек аралар менен төмөнкү аймактардан бөлүнүп калган. Тилекке каршы, ошолор мыйзамдаштырылбай бүгүнкүгө чейин талаш маселелерди жаратып келет. Ошондуктан биздин түшүнүгүбүздө биз ошол жерлерди анклав деп эсептеп келатсак, кошуна тараптар аларды анклав деп эсептебейт, алар мыйзамсыз чарбалык жол менен ээленип алынган жерлер, аны кайра алышыбыз керек деп билишет.

Ал эми бардык жагынан барабар тең келген жерге алмашуу маселесине келсек, бул жерде жалаң эле жер алмашуу маселеси чыкпайт. Себеби ошол жерде абдан көп калк жашайт. Ошол жердеги калктын социалдык-экономикалык абалын да ойлонуу, чечүү керек болот. Берчү жерлерди калкы менен беребизби деген маселе чыгат, эл ага макул болобу же жокпу деген маселени ойлонуш керек.

- Президент Р. Отунбаева Барак анклавын ага барабар жерге алмашуу мүмкүндүгү жөнүндө айтыптыр. Сиздин оюңузча ушундай мүмкүнчүлүк барбы, мурда кийин каралганбы?

- Биздин аймакта Кадамжай районунда Өзбекстандын Таш-Дөбө деген анклав айылы бар. Кара-Сууда биздин Барак деген айылыбыз бар. Мына ушул эки кичинекей аймактарды алмаштырууга болот. Анда биз Барактагы элибизди өзүбүздүн аймакка көчүрүп кетишибиз керек. Ташдөбөлүктөрдү Өзбекстан өзүнүн аймагына алып кетиши керек. Айылдарды бошотуп койсок, маселени ушундай жол менен чечүүгө болот. Ал эми чоң анклавдар жөнүндө маселе такыр башка, мен жогоруда айткандай абдан татаал.

- Кыргызстан менен анын коңшуларынын ортосунда канча анклав бар?

- Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын төрт анклавы бар, Тажикстандын эки анклавы бар. Тажикстандын бир анклавы кичинекей аймак. Эки чарчы километрге жете турган аймак. Проблема болуп жаткан жер негизинен Ворух. Ворух анклавы боюнча Тажикстандын туруму да Өзбекстанга окшош. Алар дагы жыйырманчы жылдардагы чек бөлүштүрүү материалдарына таянып, Ворух анклав эмес, тилке түрүндө кирип кеткен аймак деп эсептешет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG