Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Юлдашев: Өзбекстан Кыргызстан менен сүйлөшүүгө даяр


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеёв. Ташкендеги ШКУ саммити учурунда. 23-июнь, 2016-жыл
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиеёв. Ташкендеги ШКУ саммити учурунда. 23-июнь, 2016-жыл

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримовдун ордун баскан бийлик башчылары кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу Үңкүр-Тоодон милиция кызматкерлерин чыгарууну чечти.

Өзбек тараптын Үңкүр-Тоо жана чек ара маселелери боюнча соңку кадамдарына кандай мүнөздөмө берсе болот? Кабарчыбыз Кубат Касымбеков бул суроо менен АКШда жашаган өзбек саясат таануучусу Ташпулат Юлдашевге кайрылды.

Ташпулат Юлдашев: Өзбекстан алаканы жакшыртуу багытында жарым кадам таштап жатат. Эми кыргыз өкмөтүнүн Сох, Шахимардан анклавдарына жолду ачканы жакшы. Эгер өзбек тарап жарым кадам таштаса, Кыргызстан да жакшы ниетин көрсөтүү үчүн андан көбүрөөк кадам таштаганы туура болот. Ошондо эки өкмөттүн ортосунда реалдуу диалог башталат.

Үңкүр-Тоо
Үңкүр-Тоо

“Азаттык”: Соңку жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын алакасы солгундап кеткени бышык. Өзбекстанга жаңы жетекчиликтин келиши менен эки өлкөнүн алакасы жакшырат деп күтүүгө болобу?

Ташпулат Юлдашев: Сиз менен талкуулап жаткан кабарлар деле жакшы жышаан. Бул - өзбек тарап сүйлөшүүгө жана мунаса табууга даярдыгын көрсөтүп турат. Мындан улам Өзбекстан өз ниетин билдирди деп эсептейм. Кыргызстан да ушул жакшы ниетти андан ары улантып кеткени маанилүү. Ошондо маселелер чечиле баштайт. Албетте, татаал көйгөйлөр бар, алар бир күндө чечиле койбойт. Маселени чечүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Алар үмүт жаратып жатат.

“Азаттык”: Демек, Өзбекстандын жаңы бийлиги бир гана Кыргызстан эмес, Тажикстан сыяктуу башка өлкөлөр менен маселелерин чечүүгө ынтызар деп айта болобу?

Ташпулат Юлдашев: Өзбекстан Кыргызстанга салыштырмалуу кыйла начар абалда. Себеби өзүн обочо калтырган же коңшуларга залакасын тийгизген саясат Өзбекстандын өзүндө да эч качан колдоо тапкан эмес. Андыктан азыркы бийлик коомдук пикирди да эске алып жатат. Жаңы бийлик канчалык деңгээлде элдин пикирин эске аларын жана эл бар экенин канчалык эсинде сактарын, албетте, убакыт көрсөтөт. Бирок азыр кандайдыр бир оң жагдайлар байкалып жатса, аларды колдоо керек. Ал өзбек тарапты мунаса табууга дагы шыктандырат, чек араларды ачык кармайт деп ойлойм. Себеби чек аранын ачык болушу эки тарапка тең керектүү. Өзбек тарап прагматикалык мамиле кылып, жасалма маселелерди сүйлөшүүлөр менен чечкендей кылышы керек.

Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу, 3-сентябрь, 2016-жыл.
Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу, 3-сентябрь, 2016-жыл.

“Азаттык”: Үңкүр-Тоо маселесин алсак, бул аймакты эки тарап тең талашып келгени маалым. Кыргызстанда коомчулук жана маалымат каражаттары бул маселеге тыкыр көз салып турушат. Ал эми өзбек коомчулугу арасында бул канчалык кеңири талкууланган маселе?

Ташпулат Юлдашев: Өзбекстан жабык өлкө болгондуктан бул маселе басылмаларда көп көтөрүлгөн жок. Көтөрүлсө да бир тараптуу берилип жатты. Өтө курч маселелер Өзбекстанда талкууланган жок. Бирок мен Үңкүр-Тоонун маселеси өз ара макулдашуунун негизинде чечилиши керек деп ойлойм. Чек араны тактоо иштерин улантуу керек. Бирде Өзбекстан мунасага барса, бирде Кыргызстан барганы жакшы.

“Азаттык”: Өзбекстанда жетекчилик алмашкандан кийин кандай өзгөрүүлөрдү күтүүгө болот?

Ташпулат Юлдашев: Албетте, Шавкат Мирзиёев экономиканы жакшы билет, мамлекеттер аралык мамилени да жакшы түшүнөт. Бирок ал Конституцияга туура келбеген жол менен бийликке келди. Ал өтө күчтүү коопсуздук кызматынын жардамы менен бийликти ээлеп алды. Менимче, Мирзиёев коопсуздук кызматынын башчысы Рустам Иноятовго баш ийет. Азыр чыныгы президент Рустам Иноятов болуп саналат.

Коопсуздук кызматы Өзбекстандагы кырдаалды күч менен кармап тургусу келет. Андай болсо позитивдүү жылыштар болору күмөн. Эгер Мирзиёев президент болгондон кийин Каримовдун кемчиликтерин ачык чыгара турган болсо, анда абал өзгөрөт чыгар. Бирок андай болот деп ишенбей турам.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG