Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:29

Өкмөт Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирет.

Мындай токтомго 4-апрелде өкмөт башчы Темир Сариев кол койду. Ысык-Көлдөгү “Рахат”, “Дилором”, “Золотые пески” жана “Бустон” пансионаттарын Кыргызстанга өткөрүү менен кыргыз-өзбек мамилелери кандай нукка бурулат. “Азаттык” ушул темада мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов менен маектешти.

«Азаттык»: Аликбек мырза пансионаттарды менчиктештирүү демилгеси эмнеден улам чыкты дейсиз, деги эле бул кандай жыйынтыктарга алып келет?

А. Жекшенкулов: Саясатта, анын ичинде өзгөчө тышкы саясатта ар кандай кырдаалдар болот. Бирок пансионаттарды менчиктештирүү маселелери өтө оор чечим болуп калды окшойт. Бул токтомду угуп алып мен да таң калдым. Ушундан улам бир нече суроо пайда болду: Биринчиден, биздин өкмөт шашып кеткен жокпу? Экинчиден, бул популизм эмеспи? Үчүнчүдөн, бул чечим эл аралык абройго канчалык таасир этет? Себеби бул пансионаттар кайсы жылы, кайсы чакырылыштагы депутаттардын уруксаты менен Өзбекстанга берилди деген маалыматтар айтылган жок.

1996-жылы Акаев Өзбекстанга барганда, кийин 2006-жылы Бакиев барганда да бул маселелер көтөрүлгөн эмес эле. Бирок кандайдыр бир чечимдер болгон. Ушул маалыматтарды тактап туруп, өкмөт элге түшүндүрүп берсе болмок. Себеби, эки мамлекет ортосунда ушундай чечимди кабыл алар астында тараптар сүйлөшүү өткөрөт, шарттарды тактайт. Андан кийин бири-бирине мамиле бузулбаш үчүн ушундай кадамдарга барат. Бул жакта компенсация маселеси, өзбек тараптын пикири да керек.

Албетте, мен бул чечимди туура эмес деп айтпайм. Бирок эл аралык норма деген бар, ошонун алкагында эле чечимдерди кабыл алса деле болмок.

«Азаттык»: Ал эми бир тараптуу чечим кабыл алуу эл аралык келишимдерде кандай таасир этет?

А. Жекшенкулов: Эл аралык нормаларга таянып Өзбекстан Кыргызстанды эл аралык сотко бергенге деле укуктуу. Себеби, жер биздики болсо да ошол жакта объекттер өзбек туугандардын эсебинен салынган да. Ошондуктан бул маселе ачык бойдон турат, компенсация кылабызбы же кандай эсептешебиз?

Андан сырткары дагы бир суроо жаралып атат. Болуптур, пансионаттарды алдык, бирок аны кандай пайдаланабыз? Мына "Мегаком" буга сонун мисал болуп бере алат. Аны кечээ эле менчиктештирип алып, кайра сатабыз деп жатабыз. Эми пансионаттарды мамлекет иштете алабы же кайра эле сатуу үчүн алдыкпы? Мындан тышкары өкмөттүн бул чечими өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизет.

«Азаттык»: Кыргыз бийлиги соңку жылдары туризм тармагын өнүктүрүүгө багыт алып жатканын эске алсак, Өзбекстан колдонуп келген төрт пансионатты менчикке алуу бул тармакка кандай таасирин тийгизет?

А. Жекшенкулов: Туризм тармагына келгенде Өзбекстанда 32 миллион эл жашайт. Биз тескерисинче өзбектерди көлгө тартып, туризмди өнүктүрүү кадамдарына барсак жакшы болмок. Азыр ушундай маалыматты уккандан кийин өзбек коңшулар эс алганы келбейт. Ошондой эле туризмге каражат салабыз, пансионаттары курабыз деген башка мамлекеттерде, Европа, Индия, Кытай жана Орусияда кызыкдар адамдар бар да. Ошолордун ою да азыр тескери бурулат. Пансионаттарга инвестиция кылабыз дегендер бүгүнкү өкмөттүн аракетин көрүп, ойлорунан кайта баштайт. Ошондуктан бардыгын таразалап, эл менен кеңешип, анан гана ушундай кадамга барса болмок. Азырынча өкмөттүн аракети популизмге окшошуп жатат.

«Азаттык»: Аликбек мырза, кыргыз-өзбек мамилесинде эң эле орчундуусу бул чек ара маселеси болуп турганы анык. Буга чейин деле сүйлөшүүлөрдө эч кандай жылыш болгон жок, ошентсе да мындан аркы сүйлөшүүлөрдү таптакыр эле тоңдуруп койбойбу?

А. Жекшенкулов: Эки тараптуу маселе анын чоң-кичинесине карабай бирге отуруп чечилет. Азыр Кыргызстан миң километрден ашык чек ара сызыгын чечип алышы керек. Бирок ошол эле кезде чек ара сүйлөшүүлөрүндө пансионаттарды менчиктештирүү маселеси чоң таасирин тийгизет.

Өзбек жетекчилиги азырынча өз пикирин салмактап жаткандай. Бирок кыргыз бийлиги сүйлөшүүлөрдө саясий соодалашуу катары колдоно турган көзүрлөрүбүздү жоюп салдык. Мен муну шашылыш жана популисттик чечим деп айтаар элем.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG