Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:15

Оппозициячыл саясатчылар жана коомдук ишмерлер тобунун бийликти басып алуу пландары делген аудио, видео тасмалардын таратылышы жана андан кийинки камоолор, Аксыдагы чек ара чыңалуусу учурунда бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн кайым айтышуусунун, бири-бирин айыптоосунун мазмуну коомчулукта бир катар суроолорду жаратты. “Азаттыктын” кезектеги “Өңүт” апталык берүүсүндө ушул маселе талкууга алынды.

Эгемендиктин жыйырма беш жылында Кыргызстан коомчулугу бийлик менен оппозиция ортосундагы карым-катнашка, каршылашуунун түрдүү формаларына күбө болуп келди.

Аскар Акаевдин тушунда биринчи адамды, ал түзгөн системаны аёосуз сындагандарды камоолор, ар кандай кылмыш иштерин ачып, кысым көрсөтүүлөр менен коштолгон жараяндар, экинчи президент Курманбек Бакиев учурунда мамлекет башчынын саясатына же багытына каршылардын жеке турмушуна кийлигишип “абийирин ачуу”, буюрутма берип сабатуу, акыры келип өмүрүнө коркунуч жаратууга чейин өсүп жеткен эле.

Президентти сындагандардын “абийирин ачуу” ыкмасы азыркы бийлик учурунда да практикалана баштады. Өмүрүмө коркунуч келди деп өлкөдөн чыгып кеткендер азыркы бийлик оппоненттери арасында да бар.

Ал эми бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда чыккан соңку жараяндар, эки тараптын кайым айтышуулары менен аргументтер күрөшүнүн мазмуну, эки тараптын аракеттенүү ыкмалары, мурдагыдан да примитивдүү деңгээлге түшүп кеткенин көргөзүүдө.

Болгону мурдагы учурдан бир айырмасы Конституцияда каралган парламенттик же системалык оппозиция өз функцияларын аткара албай калгандыктан маселе бийлик менен системалык эмес оппозициялык топтордун ортосунда чыгып жатат.

Кыргыз-орус славян университетинин профессору, илимпоз Бекбосун Бөрүбашев “Азаттык” менен маегинде азыркы көрүнүштөрдү буга чейинки жараяндардын мыйзам ченемдүү уландысы жана адаттан тыш эмес деп баалады:

Бекбосун Бөрүбашев

Бекбосун Бөрүбашев

- Бүгүн эле пайда болуп калды, ушундай бизде да бар экен деп таң калуунун эч кереги жок. Анткени, коомубуз саясий өнүгүү жагынан ушундай тескери жолго түшүп албадыбы. Туура бул жаман көрүнүш, бирок ошол эле саясий элита дегендерибиз, азыркы бийлик жана бийликке барабыз дегендер ушул жолду карманып, ал көнүмүшкө айланып жатканы өкүнүчтүү. Азыр болсо бийлик үчүн жакшы шарт түзүлүп калгандыктан, оппозициядабыз дегендердин баш көтөргөндөрүн терип-терип камап жатышпайбы. Бул дагы ар кандай ойго түртөт. Менде бүт баарын эле кармап, отургузуп койсун деген ой жок. Колдон келсе, эч кимисин отургузбай эле бийлик дагы тегерек столго барышы керек болчу. Бирок алар биринин быкыйын бири чукуганы менен эч кимди уккусу келбейт, Менимче, коомдун астында экөөнүн тең күнөөсү бар.

Оппозиция өкүлдөрү аларды тыңшоо, угуу аракеттери жасалып жатканына президент Акаев, Бакиев учурунда айтып, даттанышчу. Акаев доорунда Жогорку Кеңештин ошол кездеги оппозициячыл делген депутаттарынын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу жабдуулар табылып, коомчулукка шардана кылынган учурлар болгон.

Тыңшоолор менен аңдуулар Бакиев учурунда да күч алганы айтылган, бирок 2010-жылкы ыңкылаптан кийинки бийлик, атайын кызматты же Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти саясатка кийлигиштирбөө убадасын бергени да коомчулук эсинде. Бирок жакында шардана болгон тасмалар атайын кызматтын бул багыттагы ишмердиги мурдагыдан да күчөгөнүн ишара кылууда.

"Азаттык” “Өңүт” программасында маектешкен талдоочулар оппозициянын бийликти басып алуу планы делген тасмалардын нукуралуулугу али талаштуу болгону менен Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин бешинчи жылына келип, эски өнөкөттүн кайра жанданып, ыңкылап демилгелердин кайра жаралышына түрткү берген себептер бардыгын жокко чыгарышпайт.

Эгер Кыргызстандын азыркы саясий элитасы жөнүндө айтсак, алар бул категорияга таандык деген бүтүм чыгарыш кыйыныраак. Материалдык байлыкка ээлердин баары эле элита дегенди билдирбейт да. Бул интеллектуалдуу байлык менен да коштолуусу керек.

Ал жагдай чечимдердин формалдуу жагы мурдагыдай эле өкмөттөн же парламенттен чыкканы менен иш жүзүндө президенттин жакынкы чөйрөсүндөгү бир нече адам тарабынан эле кабыл алынып жаткандыгында. Илимпоз, философия илимдеринин доктору Осмон Тогусаков “Азаттыкка” төмөнкү пикирлери менен бөлүштү:

- Биз өзүбүз туура түшүнүүбүз керек экен. Кээде бийлик да чекилик кетирип жатпайбы. Ошол аткаминерлердин кетирген каталыгы оппозициянын колуна ойноп, алар муну пайдаланып жатат. Коом болбосо бийлик кимди бийлейт? Демек, элдин дагы сөзүн угуш керек да. Бул жерде бийлик менен элдин ортосунда байланыш үзүлүп калган. Бийликке жеткенде баары жакшы үмүт менен эле келет экен, иштеп берем деп. Бирок чөйрө бар да. Саясатты ошол айлана-чөйрө жасап, бийлик башында турган киши ага аргасыздан макул болот тура. Акаев, Бакиевде үй-бүлөлүк башкаруу болду дейлик, азыркы бийликте болсо тегерек-чөйрө башкарып жатпайбы. Үй-бүлөсү болбосо да бийликте туруп, колунан бир нерсе келгендер өз саясатын жүргүзүп жатпайбы. Азыр жакынкы чөйрөсүнүн (президенттин) башкаруусу орноп калды дегендерге мен толук кошулбасам да, ошондой пикирлер бар.

Президент Алмазбек Атамбаев өзү 2020-жылды күтпөй эле өзгөртүүнү демилгелеген 2010-жылкы Конституциянын бийлик бөлүштүрүүнү караган жоболору формалдуу сакталганы менен турмушта иштебей калганы жашыруун эмес.

Бийлик системасында, анын ичинде экономикалык, кадрлык маселелер боюнча чечим кабыл алууда мурдагыдай эле президент аппараты негизги оюнчу. Соңку бир катар дайындоолор премьердин ыйгарым укугундагы кадрлар деле президент аппаратынан тандалып жатканын ишара кылып турат.

Нукуралуулугу талаштуу ал тасмаларга чейин Аксыдагы чек ара чыңалуусу учурунда бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн кайым айтышуусунун, бири-бирин айыптоолорунун мазмуну коомчулукту түйшөлтүүсү керек болгон бир катар суроолорду жаратууда.

Алардын бири саясий элитанын коом алдында жоопкерчилиги барбы, дегеле Кыргызстанда саясий элита барбы, анын сапаты жакшырбастан, тескерисинче начарлап жаткан жокпу деген суроо.

Эске салсак, Аксыдагы чек ара кризиси учурунда бийлик да, системалык эмес оппозиция да бири-бирин коңшу Өзбекстандын пайдасына иш кылганы үчүн айыптады.

Саясий элитанын сапатын көтөрүү үчүн балким мен муну окутуучу катары айтып жатам, саясий маданиятты көтөрүү керек. Бул эми билимге, адамдар карманган баалуулуктарга көз каранды нерсе да.

Бишкек гуманитардык университетинин окутуучусу, саясий илимдердин кандидаты Кубатбек Султанбеков Кыргызстандын саясий элитабыз деген катмарына мындайча мүнөздөмө берди:

- Эгер кепти элита терминологиясынан баштасак, бул эми коомдун каймактары дегенди түшүндүрөт да. Эгер Кыргызстандын азыркы саясий элитасы жөнүндө айтсак, алар бул категорияга таандык деген бүтүм чыгарыш кыйыныраак. Материалдык байлыгы барлардын баары эле элита дегенди билдирбейт да. Бул интеллектуалдуу байлык менен да коштолуусу керек. Элита өлкөнүн өнүгүү келечегин, аны кантип башкаруу керектигин, кандай кризистик кырдаалдар же тескерисинче өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөр жараларын күн мурунтан болжолдоп айта алышы керек. Коомдун өнүгүүсүнүн стратегиялык жана тактикалык багыттарын иштеп чыгып, аны ишке ашыра билиши абзел. Кыргызстандын шартында бийликтеги жана оппозициядагы азыркы лидерлерге саясий элита дегенге караганда, жөн эле бийликтеги же оппозициядагы партиялардын, кыймылдардын лидерлери деген гана аныктама бергенибиз туурараак. Саясий илимдин теориясынан караганда саясий элитанын стратегиялык, уюштуруучулук жана интегративдик деген кеминде үч функциясы бар. Мына ошол интегративдик функциясы - стабилдүүлүктү камсыздоо. Эгер өлкөдө стабилдүүлүк жок болсо, нааразылык көрүнүштөрү чыгып жатса элита өз функциясын аткара албай жатат да. Менимче, биздеги саясий элита эмес, кыймылдардын, бийликтеги же оппозициядагы партиялардын лидерлери коомдо стабилдүүлүктү сактоо боюнча максат коюп, аны ишке ашырып жатат деп айтуу кыйын.

Саясат таануучу Кубатбек Султанбеков “Азаттык” менен маегин улантып, Кыргызстанда эгемендиктин өткөн чейрек кылымы ичинде саясий элитанын калыптануу механизми жаралбаганын кошумчалады:

- Бизде элитанын калыптануу механизми жок да. Өйдөгө тез секирип, тескерисинче, ылайга бат кулап калгандары жок эмес. Кайра эле саясий илимдин теориясынан караганда, элита даярдалышынын ачык жана жабык механизми бар да. Бирок ал калыптануучу чөйрө коомдун туруктуулугуна барып такалат. Башкача айтканда, тартип болуш керек. Ошондо адамдар бийликке тепкич-тепкич менен көтөрүлүп анан жетет. Эгер мурдагы ойчулдардын окууларына таянсак, элитанын калыптануусу үчүн кандайдыр бир убакыт, он беш, жыйырма жыл керек. Эгемендиктен берки 25 жыл балким биз үчүн аздык кылды. Саясий элитанын калыптануу механизми менен катар ал андан ары эволюцияланып, өнүгүп турушу абзел. Саясий элитабыз дегендердин программалары, сөзү салмактуу болушу керек. Азыр тигил же бул лидерлердин сөзүн эл угабы, бул жерде чоң суроо бар. Мына ушул критерий, индикаторлор менен бизде элита бар же жок деп айтууга болот.

Жогорку Кеңештин депутаттары

Жогорку Кеңештин депутаттары

“Азаттыктын” “Өңүт” программасынын маектештери Кыргызстанда саясий элитанын ролун аткарып жаткандардын сапаты бийликте да, оппозицияда начарлап жатат деген пикирлерге дээрлик бир ооздон макул болушту:

- Элитанын сапаты албетте түшүүдө. Анткени, билим деңгээли жалпысынан төмөндөөдө. Азыркы Жогорку Кеңештин сапаттык курамын карап көрөлүчү, кимдер кирди ал жакка. Билим деңгээлдери, жетекчилик, саясий тажрыйбасы талапка жооп бербейт. Бул албетте мамлекет үчүн минус. Саясий элитанын сапатын көтөрүү үчүн балким мен муну окутуучу катары айтып жатам, саясий маданиятты көтөрүү керек. Бул эми билимге, адамдар карманган баалуулуктарга көз каранды нерсе да. Азыркы учурда болсо биринчи орунга материалдык баалуулук чыгып калбадыбы. Баары деп айта албайм, бирок саясатка киргендердин көбү буга мамлекетти, коомду ойлонбостон өзүлөрүнүн материалдык көйгөйүн чечүү үчүн гана барып жатпайбы,- деди саясий илимдердин кандидаты Айгүл Бактанова.

Саясат таануучу Эмил Каниметов саясий элитанын жаңыланып, сапаттык өсүшү шайлоо механизмдери аркылуу такыр эле ишке аша албай жатканын айтып, буларга токтолду:

- Карасак азыркы кыргыз коомунда, кыргыз жаштары арасында билим деңгээли, иш тажрыйбасы жетиштүү, ой-пикири бийик, мамлекетке берилген инсандар көп. Бирок тилекке каршы, ошондой адамдар бийлик органдарына, кызматтарына тартылып пайдаланылбай, сыртка сүрүлүп калган. Бул адамдарды канткен күндө, бийликке, чечүүчү кызматтарга алып келип пайдалана алабыз. Маселе ушунда. Коомчулуктун, өзгөчө өзү бийликти көздөбөгөн алдыңкы адамдардын биримдиги, ынтымагы чогуу аракет кылуусу аркылуу ошондой катмарды, жаштарды бийликке коюу жолу менен саясий элита өзгөрүшү мүмкүн. Ага чейин менимче азыркыдай башкаруу системасы орноп турганда эч кандай чыныгы саясий элита түзүлүп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон топко айлана албайт.

"Азаттыктын” дагы бир маектеши, философия илимдеринин доктору Осмон Тогусаков болсо саясий элита ролун аткарып жаткандардын саясий маданияты азыр турмуш-тиричилик деңгээлине чейин түшүп кеткенин, саясий элитанын сапаттык жактан жакшыруусу бир жагынан электораттын көз карашы жаңы нукка түшөр-түшпөсүнө байланыштуу болорун белгиледи.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG