Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Визасыз каттамды жоюу туризмди чектейби?


Кыргызстанда үч жыл мурда өнүккөн 45 өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз каттам тартибин алып салуу сунушталды. Анын демилгечилери визасыз каттамды террорчулар да колдонушу мүмкүн деп ырасташууда.

Парламенттин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети жеңилдетилген виза режимин жокко чыгаруу өлкөнүн коопсуздугу үчүн маанилүү экенин айтып, өз сунушун өкмөткө жиберди.

Ал эми туристтик компаниялар кайра виза режимин киргизүү өлкөгө келип жаткан туристтердин санын кескин кыскартарын жана эл аралык коомчулукта ачык өлкө катары кабыл алынып бараткан Кыргызстандын имиджине тескери таасир этерин белгилешүүдө.

Баатырбеков: визасыз режим өзүн актаган жок

Өнүккөн 45 өлкөнүн жарандарына киргизилген визасыз режимди алып салууну депутаттар азырынча сунуш иретинде гана өкмөткө жиберди. Парламенттин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Алмаз Баатырбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, визасыз режим өзүн финансылык, инвестициялык жана туристтик жактан актаган жок. Ошол эле учурда өнүккөн Батыш өлкөлөрүндө да террористтик аракеттер күчөп жаткандыктан, Кыргызстан да өзүнүн коопсуздугун ойлошу керек болуп турат дейт эл өкүлү.

- Визасыз режимди алып салуу боюнча катты өкмөткө мен жибергем. Себеби дүйнөдө азыр эмне болуп жатат көрүп жатасыздар. Франциядагы окуянын түп-тамыры Бельгия, Голландияга чейин жетип жатат. Бул биздин коопсуздук үчүн керек болуп турат.

Алмаз Баатырбеков кошумчалагандай, мурда визанын арты менен өлкө казынасына жылына 5 млн. доллардан ашык каражат түшүп турган. 45 өлкөгө визасыз режим киргенден кийин бул каражаттар туризм, инвестиция аркылуу келиши керек эле, бирок андай болгон эмес.

Туристтердин саны азаябы?

2012-жылы АКШ, Германия, Франция, Жапония сыяктуу дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алат.

Визасыз режим киргизилген 45 өлкө атайын критерийдин, башкача айтканда, бул өлкөлөрдө ИДП жан башына 7 миң евродон жогору болушу керек деген шарт менен киргизилген.

2014-жылы Кыргызстанга 4 миллиондон ашык турист келген. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 26 387 адамга көп болгон. Туризм департаментинин маалымдашынча, визасыз режим кирген 45 мамлекеттен былтыр келген саякатчылардын жалпы саны 67 545 адамды түзгөн.

Эми ушул 45 мамлекетке визасыз режимди алып салуу сунушуна туроператорлор каршы. Алар визасыз режимди жокко чыгаруу өлкөнүн артка кеткендиги болот деп баалашууда.

Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын аткаруучу директору Нурбек Сапаров Кыргызстан ошол визасыз режим аркылуу ачык-айкын өлкө катары чет элдик саякатчылардын санын көбөйтүп жатат деген ойдо. Эски режим кайтса туроператорлор жабыркап, туристтердин да саны кескин азаярын Сапаров мындайча ырастады:

- Коопсуздукка шылтап визасыз режимди алып салган болбойт. Борбор Азияда Кыргызстандын өзгөчөлүгү визасыз режимде болгондуктан туристтер да бизге келип атышат. Визасыз режим кирген өлкөлөрдүн арасында Швейцария, Ватикан деген өлкөлөр бар. Алардан кандай коркунуч келмек эле бизге?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев 27-ноябрда күч түзүмдөрүнүн координациялык жыйынында Кыргызстанга визасыз режимди колдонуп, террорчулар кириши мүмкүн деген коркунуч бар экенин билдирген.

Атайын кызматтын башчысы мындай коркунучту Кыргызстан аймагына кирип-чыккан чет элдиктердин абдан аз бөлүгү гана каттоого турары жана “Ислам мамлекети” тобунун катарында өнүккөн Батыш Европа өлкөлөрүнүн жарандары да бардыгы менен негиздеген.

Түркияга визасыз режим алынабы?

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти өлкөнүн коопсуздугу биринчи орунда турганын белгилегени менен, визасыз режимди жоюу кайра эле туризм тармагына кедергисин тийгизерин белгилөөдө.

Департаменттин жетекчисинин орун басары Михаил Кимдин “Азаттыкка” билдиришинче, убактылуу визасыз режимди киргизсе болорун, аны да бардык мамлекеттерге эмес, тизмедеги кооптуу делген өлкөлөргө гана киргизүү сунушун айтууда. Михаил Ким андай мамлекеттердин катарына Түркияны да кошууда.

- Бул маселени аябай салмактап туруп карашыбыз керек болуп атат. Биздин туроператорлор Жапония, Түштүк Корея жана Кытай менен визасыз режимге тийбегиле деп өтүнүп атышат. Себеби көп туристтер ушул жактан келет экен. Биз болсо кооптуу өлкөлөргө визаны киргизүү сунушун берип жатабыз. Алсак, Түркия менен жарым жылга визаны киргизе турсак болот. Мен өзүмдүн катымда ушундай позицияны жазып бердим.

Туристтик компаниялар айрым өлкөлөргө визасыз режим киргизилгенден бери өлкөгө келген туристтердин саны 30-40 пайызга көбөйгөнүн билдиришүүдө. Алардын оюнча, визасыз режим киргизилген 45 өлкөнүн арасында азыркы учурда согуш жүрүп жаткан же кооптуу деп эсептелген Сирия, Ирак, Ливия, Йемен, Ооганстан, Египет сындуу өлкөлөр жок, андыктан визасыз режимди жоюу негизсиз.

XS
SM
MD
LG