Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Казакбаев: Түркия бизге жакшы каралашып жатат


Ушул тапта президент Алмазбек Атамбаев менен кошо Түркияда расмий сапарда жүргөн Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кезинде кыйла жыл бою Түркияда иштеген.

Руслан Казакбаев: Эң оболу эки өлкө ортосундагы тарыхый, маданий, саясий алака-катыштарыбызды бекемдөө жөнүндөгү жалпы декларацияга кол коюлду.

Экинчиси, 2012-2013-жылдары кызматташуу боюнча протоколго кол коюлду. Түркия менен Кыргызстан 2010-жылы кол коюшкан келишимде экономикалык, жарандык жана кылмыш иштери боюнча эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуу жагы каралган. Ошол келишимди эки жак тең ратификациядан өткөрүп, эми иш баштала турган болду.

Экономикалык жааттан айтсак, өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны апрелде Кыргызстанда өткөрүлөт. Бизге финансылык жардам берүү боюнча биринчи сүйлөшүүлөр болууда.

Түркиядан Кыргызстанга же Кыргызстандан Түркияга келген ишкерлерге жеңилдетилген инвестициялык чөйрө түзүп берүү, экономикалык окуу уюштуруу боюнча пикир алмашып жатабыз. Маселен, ар түрдүү экономикалык кесиптерге ээ биздин жарандарды Түркиянын окуу жайларында, министрликтеринде тажрыйбага каныктыруу боюнча келишимдер тууралуу сүйлөштүк.

"Азаттык": Түркияда кыргыз мигранттары аз эмес, аларга байланыштуу маселелер козголдубу?

Казакбаев: Мигранттар боюнча, биринчиден, визасыз режим боюнча бир, бир жарым айдын ичинде бүтүрөбүз деп жатышат. Бул жерде иштөө үчүн Социалдык камсыздоо жана эмгек министрлигинен уруксат алыш керек.

Мен Эмгек министри менен кездешем. Эки өлкө арасындагы келишимдин долбоору биринчи талкуудан өттү. Эмгек уруксатын Түркия бир дагы мамлекетке берген эмес, мыйзамында, тажрыйбасында андай жок. Бирок булар Кыргызстан үчүн өзгөчө жагдай түзөбүз дегендей ниетте, азырынча аягына чыккан жокпуз, бирок иштеп жатабыз.

Негизгиси: мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын ортосунда миграция боюнча өз ара түшүнүү бар. Ошондуктан натыйжага жетебиз деп ойлойм. Бул жолу Кыргызстандын эмгек мигранттары үчүн Түркиядан берилчү квота боюнча жаңы долбоордун үстүнөн иштей баштадык.

"Азаттык": Атамбаевдин президент катары биринчи болуп Түркияга келишинин чоң мааниси бар деп айтылууда. Сиз кайсы маанисин белгилээр элеңиз?

Казакбаев: 2010-жылдын апрель, андан соң июнда түштүктө болгон каргашалуу окуялардан кийин Кыргызстанга биринчилерден боор тартып каралашкан, өзгөчө жардам берген мамлекеттердин ири алды Түркия болду. 21 млн. доллар грант, 11 млн. доллар кредит, ошондой эле биздин Түркияга тышкы карызыбызды жоюшту. Түркия премьер-министринин, тышкы иштер министринин, президентинин Кыргызстанга ырасмий сапарлары болду. Анын ичинде Тышкы иштер министрлигинин ортосунда да кызматташуу аябай кеңейип атат.

XS
SM
MD
LG