Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:20

Апта: Саясаттагы биригүүлөр, мыйзамдагы келишпестиктер...


"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев "Республика" партиясына ыктап баратканы айтылууда.

"Ата-Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев "Республика" партиясына ыктап баратканы айтылууда.

Кыргыз саясатчыларынын арасында көптөн бери көмүскө жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары чыгып, айрым саясий лидерлер биригүүгө баратканы маалым болду.

Узаган аптада мындан чырткары Шайлоо жөнүндөгү мыйзам боюнча бийликте карама-каршылык чыкты. Парламент кышка даярдык боюнча өкмөттүн маалыматына канааттанды.

"Саясий борборлор"

Кыргызстандын саясатчыларынын арасында көптөн бери көмүскө жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдүн алгачкы жыйынтыктары чыга баштады. Акыркы чекиттерди коюп, кол беришүүгө жана тизмелерди бекитүүгө дагы убакыт бар. Бирок ошондой болсо да өлкөдөгү негизги саясий борборлор аныкталып, мына ошол борборлордун тегерегинде саясий күчтөр, саясатчылар топтоло баштады.

"Ата Мекен" партиясынын желеги

"Ата Мекен" партиясынын желеги

Азыркы кезге карай Кыргызстанда төрт-беш саясий борбор түзүлүүдө. Алардын биринчиси, албетте бийликтеги КСДП партиясы. Бул партиянын айланасына өлкөдөгү эң бай, бийликтеги жана таасирлүү адамдар чогулууда. Бул партияны жандоочусу катары эски да, жаңыдан түзүлгөн да партиялар бар.

Экинчи борборго “Ата Мекен” партиясы айланууда. Партияны акчалуу мүчөсү Карганбек Самаков кетип, Эркинбек Алымбеков сыяктуу “чабуулчусу” кылчактап турганына карабай, башка бир топ таасирлүү, каражаттуу саясатчылар жана саясий күчтөр айланчыктап турат. Алардын арасында Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов, Акылбек Жапаров, Иса Өмүркулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаровдор бар экени маалым. Бул саясий лидерлер “Ата Мекенге” келген болсо, анда партия бир топ бекемделери анык.

Ташиев Бабановго ыктап баратат

Үчүнчү борборго Өмүрбек Бабанов айланууда. Акчасы, маалымат каражаттары жетиштүү Бабановдун саясаттагы иши да алдыга жылып, ийгиликтер келе баштады. Маселен, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев командасы менен “Республикага” ыктап калды. Бул “Ата-Журт” партиясына таандык маалымат каражаттарында эки лидердин жакындашуусун өтө эле даңазалоосунан да байкалып турат.

Өмүрбек Бабанов парламенттеги фракциясына көзөмөлдү да толук кайра колуна алды. Эгерде жай айларында бир топ депутаттар “Республика” фракциясынын лидерлигине “бир болчу” Абдыжапар Бегматовду шайлап, фракция иш жүзүндө Өмүрбек Бабановдун көзөмөлүнөн чыгып бараткан болсо, эми кайра ордуна келди. 17-сентябрда 15 депутат фракция лидерлигине Максат Сабировду шайлап, кош бийликтүүлүктү жоюшту.

Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев

Өмүрбек Бабанов менен Камчыбек Ташиев

Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановдун шартында “Республикага” кириши күтүлөт. Анткени “Ата-Журттун” өз алдынча “оюн” жүргүзүүгө чамасы чакталуу болуп турат. Партия лидерлеринин финансылык да, имидждик да жоготуулары мына ушундай натыйжага алып келди. Мына ошонун айынан Ташиев “Республикадан” орун-очок алууга баратса, Акматбек Келдибеков өлкөдөн сыртта жүрөт. Садыр Жапаров эң биринчилерден болуп партиядан чыкканын жарыялаган. Ал эми Мыктыбек Абдылдаев келерки шайлоого “Ата-Журт” менен барбашын ачыктады. Өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен партия мына ушундай абалга кириптер болууда.

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров

Кыргызстан саясий майданында төртүнчү борборго айлануу мүмкүнчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясында бар. Эгерде “Бир бол” партиясынын Адахан Мадумаров менен бирге болуу максаты ишке ашса, анда “Бүтүн Кыргызстан” бир топ бекемделет. Акматбек Келдибековдун да “Бүтүн Кыргызстандын” лидери менен жакындыгы белгилүү. Ошондуктан анын да финансылык жана башка ресурстары “Бүтүн Кыргызстанга” иштеши күтүлөт.

Булардан сырткары Кара-Балта, Жалал-Абад, Нарында таасирлери бар “Ак шумкар”, “Өнүгүү” , “Эмгек”партиялары өз ара сүйлөшүү жүргүзүп жүргөнү маалым. Бирок алардын республикалык масштабда саясий борборго айлануусу байкала элек.

Саясат таануучу Аалыбек Акунов саясий партиялардын эртелеп бириге башташын оң баалады:

Аалыбек Акунов

Аалыбек Акунов

- Шайлоого бир жыл калганда эле саясий партиялардын бири-бири менен биригүүнү караштыра башташы бул аябай жакшы көрүнүш. Шайлоого чейин шайлоочуларга толук маалымат жетет деген үмүт да. Шайлоочулар эми өзүнүн тандаганына добуш берет деген үмүт пайда болуп атат. Биригүүлөрдүн эрте башталышы шайлоонун таза өтүшүнө таасир эте турган негизги факторлордон.

Аалыбек Акуновдун пикиринде, биригүүлөрдүн саясий партияларга оң жана терс таасирлери болушу мүмкүн.

“Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун башчысы Кадыр Маликов саясий партиялардын биригүүсүн мыйзам ченемдүүлүк катары баалады:

- Парламентке өтүш үчүн жер-жерлерде адам ресурсу керек. Андан сырткары эң башкысы финансылык мүмкүнчүлүк керек. Мына ушул эки негизги компонент бардык партияларды биригүүгө, келишимдерге барууга түрткү берүүдө. Ошондуктан саясий соодалашуунун негизинде саясий бирикмелер түзүлүүдө.

Кадыр Маликовдун айтымында, келерки шайлоодо мына ушул саясий борборлордон башка, жаңы саясий борбордун түзүлүшү кыйын. Жаңы саясатчыларды, жаңы күчтөрдү эски күчтүү партиялар өз катарына тартып кетет.

Шайлоо мыйзамы боюнча карама-каршылык

Келерки жылдагы парламенттик шайлоону адилет жана таза өткөрүүгө бийлик убада берип, аны ишке ашыруунун бир жолу катары биометрикалык маалыматтарды топтоону атаган. Бул багытта бир топ иштер жүргүзүлүп, атайын жабдуулар алып келинген жана биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери башталган. Мындан сырткары шайлоонун алдында мыйзамдарды өзгөртүү боюнча дагы аракеттер жасалган.

Кыргыз парламенти

Кыргыз парламенти

Белгилүү болгондой, парламенттеги башкаруучу коалициянын лидерлери, депутаттары кирген демилгелүү топ “Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча долбоорду иштеп чыгып, ал парламентте биринчи окууда кабыл алынган. Ал мыйзамда республикалык бирдиктүү тизмеден сырткары, партиялардын регионалдык тизмелерин түзүү караштырылган. Адегенде мыйзам долбооруна президенттик аппарат дагы каршы болгон эмес. Бирок 16-сентябрда президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев регионалдык тизме түзүүнү артка кетүү катары баалап, эгерде ал парламентте кабыл алынса, президент вето коюуга аргасыз болорун билдирип чыкты. Президент тарап 2010-жылдагыдай эле бирдиктүү тизме менен партиялардын ат салышуусун максатка ылайыктуу деп эсептейт.

Мыйзамдын негизги демилгечилеринин бири, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттин каршылыгына карабай мыйзам кабыл алынарын билдирип жатат.

Бул карама-каршылык тууралуу саясат таануучу Аалыбек Акунов буларды билдирди:

- Албетте экөөнүн ортосундагы каршылыктан азыркы бийлик экиге бөлүнүп, президенттик бийлик менен Текебаевдин каршылаштары пайда болушу жакшы эмес. Мына биз коомчулук, серепчилер тогуз округга бөлүнүшүн колдоп жатканбыз. Бул бир лидердин партиясы болбойт, жок эле дегенде тогуз лидер пайда болот, депутаттар шайлоочуларга жакындайт. Азыркы депутаттардын арасында шайлоочулары жок депутаттар бар. Мына ошондойлорго жол берилбейт дегенбиз.

Мыйзам боюнча мына ушундай карама-каршылыкка келген Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев өкмөттү биргелешип көзөмөлдөп келатат. Президент Атамбаев өкмөттөгү КСДПнын квотасындагы министрликтерди күчтөндүрүүгө киришти. Биринчи болуп ички иштер министри Абдулда Суранчиев кызматынан кетип, анын ордуна Мелис Турганбаев дайындалды.

Мелис Турганбаев

Мелис Турганбаев

Мелис Турганбаев 19-сентябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө министрликке эмне үчүн дайындалып жатканын ачыктагандай “кырдаалды дестабилдештирген адамдар катуу жазасын аларын” эскертти. Министр ошондой эле реформа жүргүзөрүн, ал милиция кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүдөн башталарын билдирди. Кайра аттестациялоо адатта коррупциялык көрүнүштөр менен коштолору айтылып келет.

Ички иштер министри менен удаалаш маданият жана маалымат министри Камила Талиева да кызматынан бошоду. Бул эки министрлик жана алардан сырткары саламаттык сактоо, билим берүү жана илим, жаштар, эмгек жана миграция, энергетика жана өнөр жай министрлеринин дарегине да көп сындар айтылып келген. Жалпы эле өкмөттүн ишине канааттанбагандык коомчулукта байкалып турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева өкмөттүн ишиндеги кемчиликтерди каражаттын жоктугу менен байланыштырды:

- Эми аракет кылып атышат. Бирок бардык нерсе каражатка байланыштуу. Акча каражаты жок болгондуктан алардын ишинин жыйынтыктары билинбей жатат. Акча каражаты болсо башкача болмок. Жок болгондуктан жыйынтыгы көрүнбөй жатат.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бегалы Наргозуев өкмөттөгү анча-мынча кадрдык алмашуулар жалпы абалды оңдоп кете албайт дейт:

Бегалы Наргозуев

Бегалы Наргозуев

- Бир нече министрлерди алмаштырып, Оторбаевди калтырып, анча-мынча кадрдык алмаштыруулар менен элди алдамай, кийинки жылкы шайлоого даярдык деп эсептеймин. Бирок бул экономикада натыйжа бербейт. Азыр Бажы биримдигине кирүү, Кумтөр маселесин, энергетикалык кризистен, кышкы оорчулуктун соккуларынан КСДПнын келечектеги өкмөтүн сактап калуу, Оторбаевди, “Ата Мекенди” салып берүү айласы деп ойлоймун.

Суу кайда кетти?

Оторбаевдин өкмөтү 18-сентябрда парламентте кышка даярдык боюнча маалымат берди. Депутаттар анда бир топ сын айткан менен өкмөттүн маалыматы эске алынсын деген токтом кабыл алышты. Жогорку Кеңеште энергетика тармагында түзүлгөн кырдаал кескин сынга алынганы менен Ош, Кызыл-Кыя, Кадамжай, Айдаркен шаарлары газ менен качан камсыз болору айкын болгон жок. Өкмөт электр энергиясын пайдаланууга ар бир регионго лимит киргизилерин, ал лимиттен ашкан учурда электр энергиясы жапырт өчүрүлөрүн эскертти.

Токтогулда суунун аздыгы боюнча талкууда депутат Дастан Жумабеков Кыргызстан менен бирдей шарттагы Тажикстандын суу сактагычтарында суулар жетиштүү экенин айтып, Кыргызстанда эмне себептен суу жок болуп калганын сурады. Өкмөт башчы ага "кургакчылыктан" деген жообун берди.

Бирок төрага Асылбек Жээнбеков энергетикалык кризистин булагы бул багытта мамлекеттик саясаттын жоктугунан деп атады:

Асылбек Жээнбеков

Асылбек Жээнбеков

- Ар бир өкмөт келип, ошо жылы эптеп иштеп кетейин, бюджетти толтурам деп электр энергиясын сатканы үчүн ушундай абал келип жатат. Бир өкмөт мамлекетке зыяндуу болгонуна карабай 1.8 центтен да саткан. Аны дагы ачык айтыш керек. Азыркы өкмөт эмес, мурункулар саткан. Кийинки өкмөттөр да ошентип кетти. Бүгүнкү күндө өкмөт үнөмдөп жатат. Сууну үнөмдөө, топтоо боюнча, электр энергиясын иштеп чыгуу боюнча узак мөөнөттүк саясат болбоду.

Мына ошентип өкмөт кышка даярдык боюнча парламенттин биринчи “сурагынан” азырынча аман-эсен чыкты. Кыш күрөөдө калк электр энергиясы, жылуулукка муктаж болбой чыкса, өкмөт мына ошондо чыныгы сынактан өтөт эле.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG