Линктер

бейшемби, 30-март, 2017 Бишкек убактысы 08:45

Акыйкатчы институту Кыргызстанда балдар менен аялдардын укугу корголбой жатканын билдирип чыкты. Аталган институт алты облуста жана 33 тигүү цехинде сурамжылоо жүргүзгөн.

Ага катышкан кыз-келиндер начар шартта эмгек келишими жок иштеп жүргөнү, майрам жана дем алыш күндөрү да эс албай, ашыкча эмгектенип бирок аз айлык алары белгилүү болду.

Нурайым он жылдан бери Бишкекте тикмечилик кесипти аркалап келүүдө. Бул убакыт аралыгында бир нече тигүү цехтеринде иштеп көргөн. Алардын дээрлик баарында шарт начар деп билдирди:

- Цехтер негизинен эски имараттарда орун алган. Кышында суук, үшүйсүң, жайында ысык. Мурдагы цехке караганда, азыркы иштеп жатканым жакшы. Айлыкты убагында берет. Жаңы имарат болгону үчүн жылуу, бирок көк басып кетти. Көп цехте даараткана жок, тигүүчүлөр сыртка чыгат.

Тикмечи кыздар.

Тикмечи кыздар.

Атыргүл болсо он беш жыл мурун маянанын аздыгынан жогорку окуу жайлардын бириндеги мугалимдик кесибин таштап, тигүү цехине кирип алган. Иштеген ишканалардын бири менен да эмгек келишимин түзгөн эмес:

- Менчик болгону үчүн алардан эч нерсе талап кыла албайбыз. Биздики туруктуу эмес жумуш. Соода болсо болот, болбосо жок. Мамлекет биздин көйгөйдү караса жакшы болмок. Эмгек келишимин түзүп, китепче ачтырмакпыз. Пенсияга кетмек. Биз болсо салык төгөт элек. Тигүү цехтеринин салыктары кымбат, ошон үчүн көбү жашыруун иштейт.

Кыз-келиндер ийне-жип кармабай калды...

Акыркы мезгилде кыргыз аялдары мурдагыдай ийне кармап, сайма сайбай калышты. Бир кездерде өз кийимин өзү тиккен доор артта калгандай. Айрымдар муну барчылык менен түшүндүрсө, уз-чеберлер бул көрүнүштү жалкоолуктан дешет.

Тикмечилердин көпчүлүгү эмгек акыларын жума сайын алат. Бул кесип менен бутуна тургандар деле бар. Анткен менен тигүүчүлөрдүн көбү мындайлар аз экенин айтышат.

Тигүү тармагынан тышкары ири шаарларда кыз-келиндер көбүнчө ашкана, кафе-ресторандарда эмгектенет. Башкалаадагы кафелердин биринде идиш жууган Алымкан аттуу келин кышында деле муздак суу колдонорун, бирок айла жоктон иштеп, акысына күн сайын 300 сомдон аларын айтып отурду: ​

- Эртең мененки саат 9дан кечки 10го чейин иштейм. Керели-кечке идиш жууйм. Мурун башка кафеде иштечүмүн. Анын кожоюну бир аз кечигип калсаң эле бир күндүк айлыгыңды бербей койчу.

Кыз-келиндердин басмырлоого каршы жүрүшү. 8-март, 2017-жыл

Кыз-келиндердин басмырлоого каршы жүрүшү. 8-март, 2017-жыл

Кыргызстанда аялдардын эмгекке болгон укугу корголбой жатканы Акыйкатчы институтунун 14-мартта жарыялаган баяндамасында да белгиленген. Мекеменин Балдар укугу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жана гендердик басмырлоодон коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматованын айтымында, алты облус жана 33 тигүү цехинде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы аялдар шарты жок ишканаларда иштеп жатканын айгинеледи:

- Аялдардын көпчүлүгү тигүү цехтерде иштейт, алардын иши үчүн талаптагы шарттар түзүлгөн эмес. Жада калса Бишкектин борборундагы цехтерде дааратканалардын абалы өтө начар, ишкананын өзү суук. Ажатканалары абдан начар экен. Цех жайгашкан имараттарда өрт коопсуздугу сакталган эмес, айрымдары эски, авариялык абалда экени ачыкка чыкты. Электрди күйгүзүүчү жабдыктар ачык турганын көрдүк, сүрөткө да тартып алдык. Кээ бир имараттардын терезеси жок, аялдар ал жерге жаздыктарды тыгып коюп, эптеп жылуулап отура беришет экен.

Муфтий келиндерди коргоп чыкты

Адистер ажырашуулардын жарымы кайын журт менен келиндин тил табыша албаганынан болорун белгилешүүдө.

Сурамжылоого катышкан аялдар эмгек келишими жоктугун, иш убактысынан ашыкча иштеп жатышканын, майрам жана дем алыш күндөрү да эс албай турганын айтышкан. Ошондой эле кош бойлуу аялдар өздөрүнө эч кандай жеңилдик жоктугун, алар үчүн ишке орношуу кыйын экенин жашырган эмес.

Буга чейин БУУ акыркы баянында Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөдөгү зомбулук жана жумушсуздук өскөнүн, үй тиричилиги менен алектенген аялдар эмгекке жарамдуу калктын 72 пайызын түзөрүн жарыялаган. Укук коргоочулар аялдардын иштебегени алардын көз каранды болушун жана зомбулукту шарттап жатканын белгилешүүдө. Гендердик эксперт Жаңыл Абдылдабек кызынын пикиринде, тигүү цехтери көмүскө иштегендиктен, тикмечилердин укуктары корголбой жатат:

- Көмүскө экономикада иштеген кызматкерлердин 70 пайызы аялдар. Ал көмүскө экономика болгон соң, салыкка, Социалдык фондго төлөмдөр төлөнбөйт. Ал жакта эмгектенген аялдар келечекте пенсия албайт, жөлөк пулдары калып калууда.

Акыйкатчы институту аялдардын эмгек укугун коргоо боюнча тиешелүү мекемелерге кайрылуу жолдоп, маселени парламентте да көтөрүүнү көздөп жатат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдиришинче, бүгүнкү күндө 55 миң адам жумушсуз катары каттоодо турса, анын 30 миңдейи кыз-келиндер.

Акыйкатчынын акыркы баяндамасында балдар укугу да сакталбай жатканы айтылып, Кыргызстанда 5-17 жаштагы ар бир төртүнчү бала иштөөгө аргасыз экени да жазылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG