Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Муфтий келиндерди коргоп чыкты


Иллюстрация
Иллюстрация

Адистер ажырашуулардын жарымы кайын журт менен келиндин тил табыша албаганынан болорун белгилешүүдө.

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев да ушул темага кайрылып, келиндер кайын журтка кызмат кылууга милдеттүү эместигин жана күйөөсү да туугандарына жагууга аялын мажбурлабашы керектигин билдирди.

Диний лидердин келиндерди жактаган сөзү коомчулукта талкууга түшүп, айрымдар колдосо, кээ бирлер муну улуттук баалуулуктарды жокко чыгаруу катары сыпаттап жатышат.

Келин ким?

Кыргыздарда таң атпай үй тазалап, чай коюп, үйдөгүлөргө тамак берүү – келиндин милдети. Келин конок тосуп, кир жууп, талаа иштерине жетишип, балдарын карап, алардын окуусуна көз салуусу шарт. Кеч жатып, эрте туруу алар үчүн жазылбаган мыйзам. Ооруп жатса да, көйгөйү болсо да кайын журтка сылык мамиле жасап, кызмат кылышы керек. Ага чыдабагандар сөзгө калат. Эзелтеден келаткан мындай эреже келиндердин айрымдарына алкыш алып келсе, кээ бирлеринин үй-бүлөсүнүн бузулушуна себеп болууда.

Келин түшүнүгү кыргыздарда эле эмес, Борбор Азия элинде да түрдүүчө бааланып келет. Келиндин жашоодогу ордун, түйшүк жана милдеттерин талдоого өтөрдөн мурун коомчулук арасында аларга берилген сыпаттамаларга көңүл буралы:

Келин – бирөөнүн кызы.

Келин – бүлөө.

Келин – үйдөгү түйшүктүн баарын көтөргөн адам.

Келин – жаңы тууганчылыктардын данакери.

Келин – тыңчы.

Келин – сөз ташыгыч.

Келин – ашпозчу.

Келин – кубаныч.

Келин - чарчоону билбеген жан.

Келин – жакшылык-жамандыктын себепчиси.

Келин – байкуш.

Келин - уулду энеден бөлүүчү.

Келин – көйгөйлөрдү жайгаруучу.

Келин - эч ким...

Кыргыздарда келин текебер сүйлөбөй, дайыма ийкемдүү болушу, кайын журтка кынк дебей кызмат кылууга милдеттүү экени айтылат. Күйөөсүн сыйлаган келин кайын журтту урматташы керек, муну баскан-турганы, жасаган иши менен далилдеши зарыл. Антпесе күйөөсүн тоготпоо болуп саналат.

Бактылуу өмүр сүрүүдө көбүнчө эки жаштын өз ара түшүнүүсү эмес, кайын журт менен ымала табуу маселеси роль ойнойт.

Күйөөнүн эмес, кайын журттун көңүлү...

Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Манзура 29 жашта. Кайын журтунун талаптарына чыдабай, бир балалуу болгондо ажырашып кеткен:

- Мен келинге болгон мамиле маданиятына такыр түшүнө албайм. Эмне үчүн кыз келин болуп барган үй-бүлөдө экинчи сорттогу адам болушу керек? Ал ошол үй-бүлөгө толук кандуу мүчөсү болуп келбедиби, туурабы? Анда эмне үчүн анын орду босогодо, ашканада же сарайда болушу керек? Бул такыр түшүнүксүз... Мен тиричилик иштеринен качпайм. Бардык жумуш колумдан келет. Бирок тириликти келиндин мойнуна үйүп салган туура эмес да. Бул бир эле менин башыма түшкөн мүшкүл болбосо керек. Келин бала төрөп, күйөөсүнүн муунун улантып жатпайбы. Анан эмнеге келинге кызматкер, кул катары мамиле кылуу калыптанган?

Жаңы келген келин
Жаңы келген келин

Манзура Ошто университетти аяктап, 23 жашында турмуш курган. Кичинесинен шайыр, тамашакөй болгону үчүн кийин да ал мүнөзүн өзгөртө албаптыр. Бул адаты кайын журту менен ортосуна сууктук түшүргөн экен:

- Байкаштырсам, кайненеме, кайнежелериме менин ачыктыгым жакпаптыр. Күйөөмө унчукпадым. Бирок аябай таң калдым. Былтыйып, унчукпай жүргөнгө караганда, ачык-айрым болгон жакшы эмеспи. Апам, эжелерим, бир туугандарым “келиндин тили кыска болушу керек” деп айтышат. Эмнеге менин тилим кыска болушу керек? Келин жерден чыгыптырбы? Ал деле адам го.

Манзуранын мүнөзүнөн улам чыккан пикир келишпестиктер чоң чырга айланып, бул арада каарманыбыз бир балалуу болот.

- Балам аябай ыйлаак болду. Андан улам убагында тамак бышыра албай калам. Кээде үйдү жыйнаганга жетишпей кыйналчумун. Бул кайын журтума шылтоо болду. “Тиричиликти эптей албайт” дешип, күнөөлөй башташты. Жемеден башым чыкпай калды. Же курбуларың менен сүйлөшүп чер жаза албайсың, же ата-энеңди сагынган учурда өз каалооң менен барып көрүп келе албайсың. Айла жок, ажыраштым. Күйөөм менен эмес, кайын журтум менен тил табыша албадым.

Адистердин эсебинде, Кыргызстанда үй-бүлөдөгү ыдык көрсөтүүлөргө туш болгон келиндердин 45 пайызын кайын журту менен тил табыша албай, алардын түрткүсүнө кабылгандар түзөт. Ошол эле учурда психологдор келин менен ымала таппай стресске кабылган кайненелер да көп экенин айтышат. Бул сандар бейөкмөт уюмдар чыгарган болжолдуу статистика. Кеңири изилдөө жүргөн эмес.

Муфтий келиндерге эркиндик берүүгө чакырды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчиси, муфтий Максатбек ажы Токтомушев жакында Бишкектеги Борбордук мечитте келиндер темасында жума кутбасын окуду:

- Келин күйөөнүн үйүнө кул болуп келбейт. Ушуну эске сактагыла! Келинге кайнатасы да, кайненеси да, күйөөсү да, кайнеже, кайнага, кайын сиңди да буйрук бергени туура эмес. Шариятта ата-энеге кызмат кылуу - келиндин мойнундагы милдет болуп эсептелбейт. Ал - уулдун милдети. Муну ачык айтып коюшубуз керек! Ата-энеге уулу кызмат кылсын. Бирок ал аялына “ата-эне, туугандарыма кызмат кыл” деп айтууга да акысы жок. Келиндин мойнунда эч кандай милдет жок. Ыймандуу келиндер кайната-кайненесине, кайын журтуна кызмат кылып батасын алып келишкен. Бирок бул милдеттүү эмес.

Максат ажы Токтомушев
Максат ажы Токтомушев

Муфтий келинге коюлган милдеттер жана анын баскан-турганынан чыккан пикир келишпестиктер ажырашууларга себеп болуп жатканын “адамдардын чоң кемчилиги” деп баалады:

- Келиндин кызматы ажырашууларга, үй-бүлөнүн бузулушуна себеп болбошу керек. Шейх Абдулхай Арифий аттуу аалым замандашыбыздын бул жаатта айткан сөздөрү бар: “Аялым менен 40 жыл жашадым. Бир жолу да өзүмдүн ишиме зайыбымды жумшаган эмесмин. "Батинке тазала, кийим жуу" деп буйрук берген эмесин. Чай куйдуруу бул жакта турсун, “суу алып бер” деп айткан эмесмин. Өз акылы менен тамак жасап, кир жууп, чай куюп жатабы, муну кадырлаш керек”. Зулумдук кылбайлы. Шүгүр кылалы!

Ошол эле учурда муфтий келиндер да текеберленбей, майда-чүйдөгө нааразы боло бербей, тилин тыйып, сый мамиледе жүрүшү керектигин белгилейт:

- Кыз киши өз ата-энесин, ага-ини, туугандарын таштап башка үйгө келип жатат. Бул чоң курмандык. Ага чоочундукту байкатпай, махабат менен мамиле кылып койсок, ал өз үйүн унутуп, баш-оту менен күйөөсүнүн үй-бүлөсүн сүйүп калат.

Келин – жумушчу күч

Кыргыздар арасында эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда, Азербайжан сыяктуу мамлекеттерде келин темасы коомчулукка жакын. Адабияттарда, кинолордо келиндердин тагдырлары, алардын түйшүктөрү көп чагылдырылып келет.

Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева келин күтүү маданияты кылымдар бою калыптанганын айтууда. Ал муфтийдин баяндамасы улуттук баалуулуктарга дал келбей калганын белгилейт:

Каныкей Эралиева
Каныкей Эралиева

- Муфтийдин айткандарына макул эмесмин. Келин кайын журтун сыйлоого милдеттүү. Кайын журту аны жактырып алып жатат да. Той кылып, элге дасторкон жайып жатпайбы. Ага карабай, келин “күң эмесмин, кул эмесмин” деп айтканы туура эмес. Эгер келин өзү жакшы болсо, кайын журту аны сүйүп калат. Келин күтүү бул – өтө сонун каада салт. Эч ким аны малай кылбайт. Идиш-аякты жууп, үй тазалап койсо эле күң же кул болуп калабы?

Кыргызда кай бир үйгө жаңы келин келсе, күйөөнүн туугандары эле эмес, колу-коңшу, айылдаш кишилер аны сыноодон өткөрүп, мүнөздөмө беришет. Жакшылык же жамандыкка себепчи кылып, “келиндин буту ийгиликтүү болду” же “келиндин буту жакпады” дешип, жоромол чыгармай адаттар да бар. Ошого жараша келиндер ар бир ишине этияттык менен мамиле жасашат. Үй тазалап, кир жууп, короо тазалап, күйөөсүнүн туугандарына чай куюп, болушунча өзүн жакшы көрсөткөнгө аракет жасайт. Бул кылымдардан бери уланып келатат.

Бирок блогер Данияр Айтман мындай көрүнүштү кыргыз коомунда аялдардын эркин эместигин далилдеген көрүнүш катары баалайт:

Данияр Айтман
Данияр Айтман

- Келиндер кыргыз коомунда аялдардын эркин эместигине, бирөөлөрдүн эрежеси менен жашоого мажбур экендигине даана мисал болот. Кыздар көп учурларда өз каалоосу менен эмес, чоңдордун айтканына баш ийип турмушка чыгышат. Же зомбулук менен ала качып кетишет. Үй-бүлө кургандан кийин келиндер акысыз жумушчу күчкө айланат. Күйөөсүнө гана эмес, кайын журтунун баарына кызмат кылат. Алардын эркиндиги чектелген. Өзүнүн жеке жашоосу үчүн убактысы аз. Дос-жар же жакын адамдары менен каалаган учурда жолугууга мүмкүнчүлүгү жок. Ал өзү үчүн эмес, башкалар үчүн жашайт. Тиричиликтеги негизги түйшүк келинге жүктөлүп калат.

Кайненелер да стресс болушат

Социологдор келин маселесинде бир тараптуу тыянак чыгаруу мүмкүн эместигин белгилешет. Келиндер өздөрү да кемчиликке жол берип, улуттук баалуулуктардан аша чаап, эркиндикке умтулуусу – башкаларга жакпайт. “Данакер” деп аталган үй-бүлөнү бекемдөө борборунун жетекчиси, психолог Чынара Термечикова:

Келин келди - "күң" келди

Келин келди - "күң" келди

- Албетте, жаңы үйгө келген келин стресс болот. Башка үй-бүлөнүн адаттарын өздөштүрүү татаал жараян. Кыз турмушка чыкканда бактылуу жашоону көздөп келет. Анын кыялдары канат кагып турган учурда үй-тиричиликке, оокат-ашка тыгып салуу стресс жаратат. Андай кезде кайын журттан келинге колдоо керек.

Кыргызстанда аялдарга укуктук жана психологиялык көмөк көрсөткөн бир катар бейөкмөт уюмдар бар. Аларга үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси менен кайрылган келиндердин жарымы эле кайын журту менен тил табыша албагандар.

Чынара Термечикова маселени чечүүдө “келинди башынан кармаш керек” деген стереотиптүү көз караштан арылууну сунуштайт.

Актриса Назира Мамбетова кайнене ролунда.
Актриса Назира Мамбетова кайнене ролунда.

- “Келинди антип коюш керек, минтип коюш керек” деген ойлордон улам, мамилени бузуп алабыз. Бирок келиндер да өтө эле аша чаппаганы туура. Анткени, азыр кир жуугуч машинелер, ысык суу, муздак суу айыл жерине да жетип, тиричилик иштери жеңилдеп калган заман эмеспи.

Термечикова келин менен кайын журт ортосундагы тиреш кайненелерди да кыйнап келерин белгилейт. “Келини батырбай коюптур” деген имиштер эл арасында тез-тез айтылып калат. Адистин байкоосунда кайненелердин да тең жарымы келиндин пейилине чыдабай стресске кабылат. Андай кезде негизги түйшүк күйөөгө түшөт. Аялы менен апасынын арасында тараза болууну эптегендер үй-бүлөсүн сактап калат. Эки тараптын көңүлүн көтөрүп жашайт. Жолун таппагандар ажырашат. Андай эркектер коомдун 30 пайызга жакынын түзөрүн “Данакер” уюмунун адистери белгилешет.

Коом өзгөрүшү керек

Эл артисти Каныкей Эралиева баалуулуктарды сактоо менен катар чыр-чатакты ырбатпай, адам укугун да бузбай жашоо эки тараптын колунда деген пикирде.

- Көп нерсе адамдын өзүнөн көз каранды. Айрымдар келинин жаман көрүп, терс мүнөзүнүн баарын ошого көрсөтөт. Анын ордуна келинге жакшы мамиле жасап койсо, ал он эсе кайтат. Ошол эле учурда келиндер да эрегишпей, ыймандуу болууга тийиш. “Менин тоюмда мындай кылгансыңар” деп өткөн иштерди чукуп, майда-чүйдөнү эсептешип отурса, чыр чыга берет. Жокко да, барга да чыдап жашоо – жакшылыкка алып барат.

"Келиндер козголоңу" спектаклинен.
"Келиндер козголоңу" спектаклинен.

Келиндик милдет көп элде дээрлик окшош. Кыргыздардын салтына ылайык келиндер дайыма сылык сүйлөп, кайын журтундагылардын атын атабай, тергеп келген. Баарына “сиз” деп кайрылган. Үй тазалоо, той-топурда казан башындагы түйшүк да алардын мойнунда. Азыр заманга жараша бул салт аз-аздан жоюлуп баратат. Казактарда да ушул сыяктуу. Өзбек жана тажик элинде таң атпай туруп короо жана көчө шыпыруу - келинге милдет. Бул салт кылымдар бою өзгөрбөй келүүдө.

Келин кыйналган учурда арманын айткан адамы - күйөөсү же төркүнү. Бирок дайым эле колдоо таба албайт. Көбүнчө “келинсиң, чыдашың керек” деген насаат угушат.

Кыргызстанда аялдардын укугу боюнча изилдөөлөрдүн дээрлик баары зомбулуктарга байланыштуу. Келиндик милдеттин оош-кыйышын талдаган өзүнчө масштабдуу изилдөө болгон эмес.

Блогер Данияр Айтман мамлекеттин өнүгүүсү аялдардын эркиндигине жана тең укуктуулугуна көз каранды экенин белгилейт:

- Ар бир кыргызстандык аял жеке жашоосун коргоого укуктуу. Аял каалабаса турмушка чыкпайт, каалабаса бала төрөбөйт. Биз аялдардын дараметин колдонушубуз керек. Аларга толук эркиндик берип, талантын пайдаланышыбыз абзел. Кыргызстан качан ийгиликке жетет? Качан гана жарандардын баарына кызыкчылыктарын, каалоосун ишке ашырууга жол ачылганда. Жарандардын жарымы эле аялдар. Аларга толук эркиндик берели.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG