Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Балдарымды ойлогондо жүрөк сыздайт


(Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы гендердик зомбулукка каршы БУУ - Аялдар глобалдык өнөктүгүнүн алкагында сунуштаган баяндар түрмөгүнөн).

Бул окуяны азыр Москва шаарында эмгек миграциясында жүргөн Нурайым айтып берди. (Этикалык себептен каармандардын чыныгы ысымдары өзгөртүлдү).

Мен күйөөм Алтынбек менен эки жыл мурда ажырашып кеттим. Анын негизги себеби эле: күйөөмдүн жанда жок кызганчаактыгы. Дээрлик күн куру эмес мас болуп келген сайын колу да, тили да тийе берди.

15 жыл жашаганбыз, ортодо бир уул, бир кызыбыз бар. Алар азыр мектепте окуп жатышат. Алтынбек экөөбүз баш кошкондон көп өтпөй, медсестралык кесибим менен кош айтышууга туура келди. Тагыраак айтканда, Алтынбек иштетпей койду. Адегенде балдарга карап, иштебей жүрдүм. Кийин балдар чоңоюп калган соң иштейин деп үйүбүздүн жанындагы поликлиникага орноштум. Ошол күндөн баштап үйүбүз чыр менен ыйга толду.

Күйөөм мас болуп келгенде мени ар кандай богооз сөздөр менен мазактап, сабай берди. Көгөргөн жерлеримди кымтып жашырып, эптеп ар кандай жоопторду ойлоп таап, эртеси жумушка барам. Бирок бара-бара токмогу күч алып, ордуман тургус акыбалга жеткирип сабап салды.

Алтынбек - ички иштер органынын кызматкери. Үйгө келгенден коркуп, кошуналарда, тууган-уруктарда айласыз баш калкалап жүрдүм. Эки балам да чүнчүп кетишти. Ошентип үйгө келбей койгонума жинденгенби, бир күнү бычак көтөрүп, мен иштеген жерге келип, аңдып отуруптур. Аз эле жерден өлбөй, аман калдым.

Ушул үрөй учурарлык окуядан соң ата-энем айылдан келди да, мени балдарым менен Баткенге көчүрүп кетти. 15 жыл ичинде таякты да болушунча жедим, бирок балдар деп чыдап келдим. Анын үстүнө мурда күйөөм мынчалык көп иччү эмес.

Айылда үйүбүз жок, ата-энемдин колунда иним үй-бүлөсү менен жашайт. Кызымды апама, уулумду чоң иниме калтырдым да, тобокел деп Москвага кеттим. Антпесе кантим балдарымды багам? Өмүр бою кор болуп өтүшсүнбү? Азыр уул-кызым же ата, же эне мээримин көрбөй, чоңоюп жатышат. Аларды ойлогондо жүрөгүм сыздайт. Айла канча?

XS
SM
MD
LG