Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Үй-бүлөдөгү чабалдык - зомбулукка багыт


Адистер үй-бүлөдө мээрим, аёо сезими күчтүү болсо зомбулукка бөгөт болоорун айтышууда.
Адистер үй-бүлөдө мээрим, аёо сезими күчтүү болсо зомбулукка бөгөт болоорун айтышууда.

Аялды басмырлоону кантип токтотууга болот? Бул маселе зомбулукка бөгөт коюу боюнча 16 күндүк акциянын алкагында “Азаттыкта” талкууланды.

Талкууга Аялдарга колдоо көрсөтүү борборунун өкүлү, социолог-окумуштуу Топчугүл Шайдуллаева, Жогорку Кеңештин төрага орун басары, депутат Асия Сасыкбаева катышты.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз





"Азаттык": Аялдарга зомбулук - дүйнө күрөшүп бүтпөй келаткан эң эле талылуу көйгөйлөрдүн бири. Аялдары зомбулукка кабылган өлкөлөрдүн катарына, тилекке каршы Кыргызстан да кирет. БУУ кыргызстандык аялдардын жарымы физиологиялык же психологиялык зомбулукка кабылат деген маалымат таратты. Ошондой эле зомбулуктун жаңы түрлөрү да пайда болуп жатат. Алардын катарында, албетте жалпыга белгилүү кыздарга запкы көрсөтүү, аны видеотасмаларга тартып, таратуу сыяктуулар бар. Кандай дейсиздер, бул өңдүү жек көрүүүлүк, мыкаачы мамиле кайдан пайда болуп атат?

Асия Сасыкбаева: Биринчи кезекте, менин оюмча, үй-бүлөдөгү тарбияга, адамдардын жеке маданиятына жана билим деңгээлине жараша болуп атат. Кээ бир үй-бүлөлөрдө эне-атанын кылганын бала үйрөнүп, улап атат.


Топчугүл Шайдуллаева: Менимче, бул биринчи кезекте үй-бүлө институтунун чабал болуп, кыйрап калганынан болуп атат. Үй-бүлөдөгү баалуулуктун кыйрашы зомбулуктун биринчи себеби болуп атат. Үй-бүлөлүк баалуулуктарды көтөрүшүбүз керек. Эмне проблема менен жашап жатат? Эмне проблемалары бар? Мен карап көрсөм, 20 жылдан бери үй-бүлө маселелери бир да жолу изилденбептир. Биз кыргыз үй-бүлөсүнүн проблемасын жакшы билбей атабыз.

Үй-бүлөлүк саясатты мамлекет жакшы иштеп чыга албай жатат. Бүгүн аял кимден зомбулук көрүп атат? Эң жакын адамдарынан, өзүнүн күйөөсүнөн көрүп атат. 1997-жылы Борбор Азия боюнча изилдөө жүргүзгөндө 15-16 жаштагы кыздардан ким сени капа кылат деп сурасак, алар ошол өзүнүн агасынан, атасынан, инисинен зомбулук көрөрүн айтышкан. Ошондуктан сокур болуп калган көкүрөгүбүздү ойготуп, мээримдүүлүк, боорукердик, жакын кишини жакшы көрүп, аёо сезимдерин кайрадан жаратышыбыз керек.

Канчалык мыйзам кабыл алынганы менен адамдардын аң-сезиминде өзгөрүү болмоюнча зомбулук боло берет. Зомбулук байлыкка деле, жакшы жашоого деле, жокчулукка деле карабайт. Адамдын аң-сезимине, бири-бирине колдоосуна таянат. Мындай нерсенин бардыгы үй-бүлөдө болот. Биз биринчи кезекте үй-бүлө институтун чыңдашыбыз керек.


Асия Сасыкбаева: Чынында эле үй-бүлөлүк баалуулуктар пастап кетти. Мен башка жагын айтайын деп атам. Кээ бир эркектер үч-төрт аял алып, алардан балдарды төрөтүп коюп, биринен жок же экинчи үй-бүлөдөн жок жүрө беришет. Бул дагы зомбулуктун бир түрү. Ал жерде жабыр тарткандар – балдар. Анан кантип келечек муунду тарбиялайбыз. Ошон үчүн эркек баланы үй-бүлөдөн, бала бакчадан баштап тарбиялаш керек. Телеберүүлөр, маалымат каражаттары дагы жакшы инструмент болуп бериши керек. Балдар-кыздарды ошондой нукка бургудай мыкты программалар жок болуп атат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG