Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:23

Дүйнө-мүлкүңүздү ачыктайсызбы?


Адистер Кыргызстанда дүйнө-мүлкү 45 миллион сомдон көп жана декларациялык төлөмдү төгө ала турган адамдар жетиштүү санда экенин айтууда.

Адистер Кыргызстанда дүйнө-мүлкү 45 миллион сомдон көп жана декларациялык төлөмдү төгө ала турган адамдар жетиштүү санда экенин айтууда.

Кыргызстанда бүгүн, 1-июлдан тарта кирешени жана мүлктү легалдаштыруу өнөктүгү башталганы турат.

Эгемендиктин тарыхындагы ишке киргизилгени турган алгачкы экономикалык мунапыс тууралуу калың эл түгүл коомдун жигердүү катмары деп эсептелген ишкерлер арасында кеңири түшүнүк жок. Байкоочулар өнөктүктүн ийгилиги бир жагынан түшүндүрүү иштерине көз каранды болорун айтышууда. Бирок анын жыйынтыгы Кыргызстанда көмүскө экономиканын көрсөткөчү алдыда азаяр-азайбашын жана бийликке болгон ишеним деңгээлин анык көрсөтмөкчү.

Экономикалык мунапыс эмне берет?

Капиталга мунапыс же салык мунапысы дүйнө өлкөлөрүндө ар кандай шартта маал-маалы менен колдонулуп келе жаткан тажрыйба. Ал кээде ийгиликтүү болсо, кээде натыйжа бербей да калат.

Дүйнөлүк тажрыйбада экономикалык мунапыс жүргүзүүдө түрдүү механизмдер колдонулат экен. Адистердин айтымында, дүйнө-мүлктү легалдаштыруунун Кыргызстанда колдонула турган механизми адаттагылардан айырмаланат.

Ал айырмачылыкты “Азаттыкка” Салык кеңешчилер палатасынын төрайымы Татьяна Ким түшүндүрүп берди:

- Биздин мунапыс классикалык ыкмадан монетардык мүнөзгө ээ эместиги менен айырмаланат. Адатта капиталга мунапыс берилгенде мамлекет ачкан конкреттүү банк эсептерине реалдуу акча түшөт. Кыргызстанда башталып жаткан өнөктүк болсо маалымдап коюу гана мүнөзүнө ээ. Адамдар буга чейин тапкан дүйнө-мүлкүн ачык көргөзүп, андан ары укуктук талаада иштесин деген үмүт болуп жатат. Бул көп жагынан экономиканын көмүскө бөлүгүн ылдыйлатууга, буга чейин болбогон мыйзамдык укуктарды калыбына келтирүүгө, коомдун тазалануусуна багытталган. Киреше-мүлктү легалдаштыруу толугу менен ыктыярдуу жараян. Бул өнөктүккө катышар-катышпасын жаран өзү чечет. Мамлекет болсо алардын баары үчүн мүмкүнчүлүк берүүдө. Ал эми кандай чечим кабыл алат, бул жарандын өз эрки.

Мүлктү жана капиталды легалдаштыруу “Бирдиктүү салык декларациясын берүүгө даярдык жөнүндөгү” мыйзамдын негизинде жүргүзүлмөкчү.

Мыйзамды парламентте коргогон Экономикалык өнүгүү министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубан Айдаралиевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, быйыл 1-июлдан 31-декабрга чейинки өнөктүк учурундагы декларацияга кирүүчү маалыматтар кийин 2016-жылдан тарта милдеттүү түрдө берилүүчү салык декларациясына негиз болуп бере алат:

- Бул мунапысты жүргүзгөндөн кийин 2015-жылдын жыйынтыгы менен 2016-жылы бирдиктүү салык декларациясына өтүүнү баштайбыз. Эгер бүгүнкү күндө бизде 400 миңдей киши декларация тапшырса, 2016-жылы 600-700 миң болсо, андан кийин улам өсүп олтуруп, 5-7 –жылдын ичинде 2,5-3 миллионго чейин жеткизе алсак, ошол мезгилде бирдиктүү салык декларациясы күчүнө кирген болот. Башкача айтканда бай катмардын, көмүскө экономикада жүргөндөрдүн, мүлкүнөн, каражатынан салык төлөнүшүнө көзөмөл орнотууга мүмкүнчүлүк берилет.

Кыргызстанда жергиликтүү да, эл аралык да изилдөөлөр боюнча көмүскө экономика улуттук дүң өндүрүштүн кеминде 40 пайызына барабар жана андан да жогору болушу мүмкүн.

Товар өндүрүүчүлөр жана өткөрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Гүлнара Ускенбаева “Азаттык” менен маегинде киреше-мүлктү легалдаштыруу өнөктүгүнүн натыйжасы ишеним факторуна көз каранды экенин белгиледи:

- Менимче, декларациялык өнөктүктүн кандай ишке ашары азыркы өкмөткө бизнес тараптан ишеним бар-жогунун айдан-ачык индикатору болот. Эгер бизнес тараптан ишеним болсо, ишкерлер декларацияга барып, көмүскөдөн чыга баштайт. Өзүңүз түшүнгөндөй, активдерди декларациялагандан кийин ачык иштей аласыз да. Эгер бизнес азыркы өкмөттүн убадаларына, аракеттерине ишенсе, декларациялык өнөктүк ишке ашат да, мамлекет бюджетке жакшы эле каражат түшүрө алат. Анткени өлкөдө дүйнө-мүлкү 45 миллион сомдон көп жана декларациялык төлөмдү төгө ала турган адамдар жетиштүү эле санда. Алар кезинде мамлекеттик мүлктөн бир нерсени менчиктеп калгандар, ошол эле” Дордой” менен “Кара-Суудан” байыгандар. Сөздүн чынын айтканда, бизде “Дордой” менен “Кара-Суудан” (базар) бир эле миллионер чыккан жок да.

Гүлнара Ускенбаева алдыдагы декларациялык өнөктүк мүлк ээлери жана ишкерлер үчүн да, кезинде бир батирди менчиктештирген катардагы жарандар үчүн да маанилүү экенин кошумчалады. Ушундай эле ойду Салык кеңешчилеринин палатасы да айтууда

“Бирдиктүү салык декларациясын берүүгө даярдык жөнүндөгү” мыйзамдын талаптарына ылайык, өкмөт тарабынан бекитилген формага бир гана үлгүдө жазылган декларация мамлекеттик нотариалдык кеңселер тарабынан гана бекитилет. Ал документ декларанттын өзүндө гана сакталат, мазмуну эч ким тарабынан териштирилбейт.

Салык кеңешчилер палатасынын төрайымы Татьяна Ким “Азатыкка” жарандар ал декларацияда эмнелерди көргөзө алары тууралуу буларды айтты:

- Нотариалдык кеңсеге өзүң же ишеним кат берилген мыйзамдуу өкүлүң келет. Толтурулган бланкты алган нотариус декларанттын өздүгүн жана паспорттук маалыматтарын гана текшерет. Декларациянын мазмуну менен таанышпайт, ырастоочу документтерди талап кылбайт. Декларанттын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн колун гана бекитет. Жалгыз гана үлгүдөгү декларация дароо эле декларанттын өзүнө берилип, анда сакталат. Мамлекеттик нотариуска, мамлекеттик мекемелерге көчүрмөсүн алууга тыюу салынат. Декларацияда болсо кандай мүлкү бардыгы, сатылып алынган мезгили жана учурдагы баасы көргөзүлөт. Банкта акчасы, баалуу кагазы, ишканаларда үлүшү бар болсо аны да жаза аласың. Декларациянын формасы абдан эле жөнөкөй, анын мазмуну менен эч ким тааныша албайт. Декларациялардын реестри түзүлөт. Анда мамлекеттик нотариус декларациянын номерин жана декларанттын паспорттук маалыматтарын гана жазат. Башка эч нерсени көрсөтпөйт.

Мыйзамдын талаптары боюнча декларацияга көргөзгөн мүлкүн ар бир жаран өзү баалайт. Эгер ал мүлк 45 миллион сомдон ашпаса, декларант декларция бланкы менен нотариустун 150 сомдук кызматын гана төлөйт.




Ал эми мүлкүн 45 миллион же андан ашыра баалагандар 450 миң сомдук пошлина төлөөгө туура келет. Өлкөдө андай суммадагы мүлкү барлардын саны болжолдуу эсептерге караганда, жалпы калктын 10 пайызын түзүүсү мүмкүн.

Бирок Салык кеңешчилер палатасынын төрайымы Татьяна Ким легалдаштыруу өнөктүгүнө катышып коюу катардагы жарандар үчүн деле пайдалуу экенин айтат:

- Кааласаңар жөнөкөй адам үчүн мисал келтирип берейин. Мисалы орто же ортодон төмөн кирешелүү жарандарда деле качандыр бир мезгилде приватташтырылган батирлери бар. Иш жүзүндө шаардын жарымы ошондой батирлер. Алар кезинде рубль менен, же сомго которулганда 30-40 сомго менчиктештирилген. Бүгүн алардын ээлерине мүлктүн базар баасын ырастап коюу абдан пайдалуу деп эсептейм. Эгер батир менчикте узактан бери турса, мыйзам боюнча киреше салык алынбайт. Эгер сатып алып, кызыма же балама белекке берген болсом, алар эки жылга жеткизбей эле сатууну каалашса, анда киреше салыгы алынат. Батир сатылган баанын 10% өлчөмүндө салык төлөнөт. Эгер мен адегенде батиримди легалдаштырып, декларацияда базардагы реалдуу бааны, мисалы 80 миң доллар деп көргөзүп, андан кийин кызыма белекке берсем, ал саткан учурунда салык 10 миң долларынан гана төлөнөт.

Экономика министрлигинен “Азаттыкка” билдиришкендей, мүлктү жана кирешени легалдаштыруу боюнча жарым жылдык жараяндан бюджетке мынча каражат түшөт деген болжолдуу эсеп жок, андай максат да көздөлгөн эмес.

Анткен менен киреше-мүлктү легалдаштыруу өнөктүгүндө көздөлгөн башка максат – көмүскө экономиканы азайтууга тийүүчү таасири калктын кирешелүү жана мүлктүү бөлүгүнүн бул өнөктүккө жасоочу мамилесине көз каранды болчудай.

Кыргызстанда канча бай бар?

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров өз иликтөөлөрүнө таянуу менен Кыргызстандын бай деп саналган үй-бүлөлөр санын 130 миңдин, орто катмар 700 миң үй-бүлөнүн тегерегинде деп атап жүрөт.

Ал “Азаттык” менен маегинде легалдаштыруу өнөктүгүнүн калктын кирешелүү катмары арасындагы келечеги тууралуу айтты:

- Мен кезинде мурунку президентке (Бакиевге) сунуштагам. Эгер легалдаштырууну сиз өзүңүз, башкы прокурор, ички иштер министри, депутаттар, соттор, салык инспекциясындагылар баштаса, эл алардын артынан ээрчийт дегем. Мына ушундай учурда жол башчылар алдыга чыгып, мисал көрсөтүүсү абзел. Тың чыкмалардын, мыкчыгерлердин көбү дүйнө мүлкүн тууган-туушканына, кайын-журтуна жаздырып коёт. Эми өзүлөрүнө, бала-чакасынын ысымына которууга мүмкүндүк берилип жатат. Таза коом түзүү үчүн экономикалык жактан биринчи кадам жасалды.

Ал эми Салык кеңешчилер палатасынын төрайымы Татьяна Ким өнөктүктүн калктын негизги катмары арасындагы келечеги түшүндүрүү иштерине жана ишеним факторуна көз каранды болорун да айтты:

- Адамдар көп учурда бул жараяндын маңызын түшүнбөй жатышат. Эмне үчүн, эмнеге, кандай жана эмне болот дегенди. Бирок аларга кандай артыкчылыктар, процедуралар, кепилдиктер бар экендигин түшүндүргөндө мисалы мен маектешкендердин көбү муну сөзсүз жасаш керек деп айтышат. Иш жүзүндө кандай болот, муну мезгил көргөзөт. Өзү капиталга мунапыс берүү өнөктүгүнүн ийгилиги менимче, эки нерседен көз каранды. Биринчиси, жарандын өкмөткө, өлкөгө болгон жалпы ишеними. Бул биринчи фактор. Ал эми экинчи фактор - мамлекет бул идеяны канчалык пропаганда кылары, жарандар менен кандай иш алып барары, жараяндын артка кайтпастыгы боюнча кепилдикти канчалык ишенимдүү берери. Менимче, мыйзамда кепилдиктер жакшы эле жазылган. Азыркы документ мыйзамдык да, процедуралык да кепилдиктерди берет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG