Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

Отунбаева: Тэтчер Батыштын жылдызы болчу


Экс-президент Роза Отунбаева Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тэтчер менен болгон жолугушуусу, "темир айымдын" дүйнөлүк саясаттагы ролу тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Маргарет Тэтчер менен кандай жагдайда жолуктуңуз эле? Кандай маселелер талкууланган анда?

Отунбаева: 1997-жылы мен Кыргызстандын элчиси болуп дайындалып Британияга барып калдым. Анда Маргарет Тэтчер премьерликтен кеткен кези болчу. Ал киши баронесса болуп, Британия парламентинин жогорку палатасына мүчө болуп, эл аралык катнаштарды карап, Британия боюнча лекцияларды окуп жүргөн экен.

Мен элчи катары Кыргызстанды таанытуу боюнча бир топ жыйындарды өткөрдүм. Британияда иштеш оңой эмес. Бул баарын көргөн өлкө.

Бир ирет инвестициялык жыйын өткөрөбүз деп жатканда, Кыргызстандан бир учак толо жогорку даражалуу аткаминерлер, министрлер, ишкерлер келди. Ошондо мен Кыргызстандан келген делегация менен Тэтчер айымды сөзсүз көздөштүрүшүм керек деген максат коюп, жолугушууга жол издей баштадым.

Мен мурунтадан эле Тэтчердин кеңешчиси лорд Чарльз Пауэллди таанычумун. Ал киши жолугушууга чоң жардам берди. Биз жыйын өткөрүп жаткан жерге Маргарет Тэтчер келди. Ошол жерде баарыбыз менен учурашып, сүйлөшүп отурду. Көп суроо берди. Талкууда демилгени бат эле өз колуна алып, эч кимге сөз бербей, айткан сөзүнөн кайтпаган айым экенин көргөздү.

Биз ал кишиге Кыргызстан тууралуу кенен маалымат бердик. Британия дүйнөнүн саясий картасындагы өлкөлөрдүн баарын жакшы билет. Советтер союзунун курамында болгон Кыргызстан кандай өлкө, кандай ресурстары бар деген темада кеңири сөз болду. Мен ал киши менен англисче сүйлөшүп отурдум. Түшүнбөгөн нерселерин кайра менден сурап атты. Ошондо мен ал киши менен биринчи жана акыркы жолу жолуктум. Андан кийин кездешүү болгон жок.

“Азаттык”: Тэтчерди Кыргызстан боюнча эмнелер кызыктырды? Кандай суроолор басымдуулук кылды?

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



Отунбаева: Башкаруу системасы, реформаларды ишке ашыруу кандай жүрүп жатканы, өткөөл мезгилди кантип башыбыздан өткөрүп жатканыбызга, ресурстарыбызды кантип иштетип жатканыбызга кызыкты. Ал кез эгемендиктин алгачкы жылдары эле. Биздеги өзгөрүүлөр бул кишиге кызыктуу болду.

Советтер союзу кулашына бул кишинин ролу, көз карашы чоң мааниге ээ болду. Горбачевдун башкача формациядагы жетекчи болгонун, СССРдин урай турганын туюп-билип, Горбачевду колдоп, Союздун ыдырашы үчүн Рейган экөө көп эле иш жасашты.

Маргарет Тэтчер узак иштеген, кадыр-баркы күчтүү премьер-министр болду. Рейган экөө Батыштын жылдыздары болчу.

“Азаттык”: Тэтчер лидер, саясатчы аял катары сизге кандай таасир калтырды?

Лондон, 6-апрель, 1989-жыл
Лондон, 6-апрель, 1989-жыл
Отунбаева: Маргарет Тэтчердин өмүр баяны, саясий жолу тууралуу көптөгөн өлкөлөрдө бир топ китептер жазылды. Биз ал кишиден бир муун жашпыз. Биз үчүн ал үлгү болчу. Бул киши өз чечимдерин ишке ашырууда катуу турган. Эл жактырбаган иштерге коркпой, тайманбай барчу.

Өлкөдөгү профсоюздарга каршы чыгып, катуу чараларга барды. Мисалы, агартуу министри болуп турганда, жакыр үй-бүлөнүн балдарына өкмөт бекер сүт берчү экен, кийин “болду, жетет” деп ошону кыскартып салган. Ага абдан көп адам каршы чыкты. Ошондо да тайманбай ишин улантып жатты. Кичинекей дүкөн кармаган кишинин кызы болгондуктан, абдан үнөмдүү, сарамжал болуп өскөн.

Премьер-министр болуп турганда “өлкөнү кантип башкарып атасыз?” - деп сурашканда, “үйдү башкаргандай эле башкарып атам, аял башкарганда үйдө кандай тартип болсо, өлкөнү башкарып атканда деле ошондой тартип болот,” - деп жооп берген. Башкарып атканда мамлекеттик каражатты үнөмдөө жагынан абдан чечкиндүү кадамдар жасаган.

XS
SM
MD
LG