Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

Жаза аткаруу кызматынын айтымында, ички эрежелерге ылайык, абактагыларга мындан ары сакал-мурут коюуга уруксат берилбейт. Ага көнбөгөндөрдүн сакал-муруттарын күчтөп алдырышууда. Укук коргоочулар бул адам укугун бузарын айтып жатат.

Түрмөдө отургандардын сакал-мурутун күчтөп алдырып жатышат деген маалыматты эң оболу “Борбор Азиядагы адам укугу” ассоциациясы деп аталган уюм айтып чыкты. Анда мындай көрүнүш өткөн жылы күзүндө №50 абакта болгон кандуу окуядан кийин башталганы, эми болсо бардык түрмөлөргө жайылганы айтылат.

Жаза аткаруу кызматы болсо укук коргоочу уюмдун билдирүүсүн четке кагууда. Аталган кызматтын маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын “Азаттыкка” берген түшүндүрмөсүнө ылайык, азыр ички эрежелер боюнча талап күчөдү:

- Биз буга чейин түрмөдө отургандарга атайын форма кийгизип, башка да талаптарды коё алчу эмеспиз. Азыр өкмөттөн акча бөлүнүп, биз алардын ич кийиминен тарта бут кийимине чейин берип, чачын, сакал-мурутун алдыртып, жаңы ачылган режимдик корпустарга көчүрүп жатабыз. Бул алардын укугун чектегенге жатпайт. Биз мыйзам чегиндеги нерсени гана талап кылабыз. Эгер биздин талапты укпаса, анда ал ички режимди бузуп жатат дегенди билдирет. Негизи түрмөдө отурганда чачы, сакал-муруту алынган болушу керек. Биз ошол режимди эле талап кылдык. Мажбурлоо деген жок. Баары мыйзам чегинде.

Негизи түрмөлөр менен диний-экстремизмдин байланышы тууралуу көп эле айтылып жүрөт. Айрым эксперттердин баамында, соңку учурда диний экстремисттер менен уюшма кылмыш топтор камыр-жумур болуп баратат жана алардын байланышы эң ириде абактарда башталат.

Негизи түрмөдө отурганда чачы, сакал-муруту кырылуу болушу керек. Биз ошол режимди эле талап кылып жатабыз. Мажбурлоо деген жок. Баары мыйзам чегинде.

Буга чейин диний терроризм-экстремизмге каршы күрөшүү үчүн муфтият менен Жаза аткаруу кызматы биргелешип иштери маалымдалган.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы абактардагы мечит, намазканаларга тыкыр көз салып турары, ошондой эле имамдарды жөнөтүп, жума күндөрү дарс өткөрөрү айтылган. Муфтияттын даават бөлүмүнүн өкүлү Данияр Мурадыловдун пикиринде, абактардагы сакал-мурут боюнча соңку талап дин эркиндигин чектөө деп эсептелбейт:

- Абакта сакалды апсайтып-сапсайтып, өтө узун кылып койгонго тыюу салат экен. Сакалды бир-эки сантиметр кылып коюп, тыкан, эки жагын кырып, кыска алып жүрсө уруксат берилет экен. Айрымдарда бул динге ишенген адамдын дин тутуу эркиндигине кол салуу дегендей түшүнүк болуп жатат. Бирок абак эркиндик чектелген жай деп эсептелет. Өзүнүн эрежелери бар. Ошол эрежелерге баш ийүү керек. Ал жакта сакал-мурутун устара менен таптакыр эле кырдырып салышпайт. Кыскарт деген талап коюшат экен. Эгер баш ийбесе, анда баса калып эле кыркып коюшат экен. Эми алар көчөдө, эркиндикте жүргөн адамдардын баса калып сакал-мурутун кырган жок да. Түрмөдөгү эрежелерге баш ийүү керек.

Анткен менен айрым укук коргоочулар бул көрүнүшкө укуктук баа берилиши керектигин айтышууда. Жаза аткаруу кызматынын байкоочу кеңешинин төрайымы Чолпон Өмүрканованын билдиришинче, жакында бардык абактарда абал-жагдай кеңири иликтенгени жатат жана анда дин тутуу эркиндигинин сакталышына да көңүл бурулат:

- Азырынча бизге эч ким кайрылган жок. Биз системалуу мониторинг жүргүзгөндө ушул маселеге да сөзсүз көңүл бурабыз. Негизи эле суроолор, маселелер көп. Баарын бөлүп-бөлүп карайлы деп жатабыз. Дин тутуу эркиндиги, бейтаптардын укугу, Жаза аткаруу кызматынын реабилитациялык программаларынын сапаттуулугу, айтор баарын иликтеп чыгабыз.

Кыргызстанда динзарлардын сакал-муруту, кийген кийими боюнча маал-маалы менен талкуулар болуп турат. Буга чейин хижаб, дааватчылардын кийимин тартипке салуу сунуштары айтылганы менен, бирок диний себептерден улам сакал-мурут койгондорду тыюу өңдүү чаралар болгон эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG