Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Жогорку Кеңеш жашы жетелек балдарга сексуалдык ыдык көргөзгөн адамдарды химиялык кастрациялоо боюнча үч кодекске киргизилген өзгөртүүлөрдү биринчи окууда жактырды.

Кылмыш, Жаза жана Жаза аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамды кастрациялоо соттун жана атайын экспертизалык комиссиянын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

Мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Кыргызстанда соңку эки жылда жашы жете элек балдар-кыздарга карата сексуалдык кылмыштар эки эсе көбөйгөн. Маселен 2010-жылы 75 факт катталса, 2012-жылы алардын саны 150дөн ашкан. Башкы прокуратура жыл башынан бери 116 жашына жете элек бала зордукталганын билдирет. Алардын 67си 10 жашка чыга элек балдар.

«Өңүт» берүүсүндө химиялык кастрациялоо кылмышкерди токтотобу жана мындай жазанын күңгөй-тескейи талкууланды. Жогорку Кеңештин депутаты, аталган мыйзам долбоорду жазган топтун мүчөсү Турсунбай Бакир уулу, Фридом Хауз уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн эксперти Токтобек Омукеев, тибет медицинасынын доктору Анархан Надирова катышты.

Азаттык: Турсунбай мырза, сиздер сунуш кылган долбоордо бардык бачабаз же педофилдерге карата жазаны катаалдаштыруу каралганбы же жалаң сексуалдык зомбулук көрсөткөндөргө каратабы?

- Бир эле сексуалдык зомбулук эмес, кээ бир учурларда алар арам оюн ишке ашыра албай калган учурларда дагы химиялык кастрация колдонулат.

Азаттык: «Педофилия» деген термин юриспруденцияда колдонулбайт. Бул медициналык, атап айтканда сексологиялык термин. Анархан айым, педофилия деген оорубу? Химиялык кастрациянын жол-жобосу кандай?

- Педофилия оору экени эбак эле тастыкталган. Эл аралык оорулардын классификациясына киргизилген. Мен педиатр катары айтсам, педофилияны баланын кичине кезинде эле аныктап, диагноз койсо болот. Педофилия дартын күчөтүп жибербей, алдын алууга дагы мүмкүн.

Кандай жаза берилсе дагы, андай адам дарыланбаса эч өзгөрүүсүз калат. Химиялык кастрация - эркек гармонго каршы гармон менен дарылоо. Бул жол аркылуу ал адамдын эркек гармонун гана азайтып жатабыз, анын чыныгы илдетин дарылаган жокпуз да. Мындай препаратты өмүр бою алууга туура келет. Ал адамдын бир гана жыныстык органына эмес, мээсинен тарта бардык органдарына залалын тийгизет. Организмде гармондук баланс деген бузулат.

Азаттык: Турсунбай мырза, оорукчан адамды жазалабай, аны дарылоо керек да. Туурабы?

- Туура, эгер анын эч кимге жамандыгы жок болсо, балага зордук-зомбулук көрсөтпөсө, анда аны дарыласа болот. Бирок мыйзамды тоготпой, башка адамдын укуктарын басмырлап, өзгөчө өзүн коргой албаган жаш балдарга күчүн көрсөтүп, зордуктап, зомбулук көрсөтсө - биринчи кезекте жазалоо керек. Ошол эле мезгилде кийин эркиндикке чыкканда ошол кылмыштарды кайталабасын деп, муну дарылоо керек. Биз даярдаган мыйзам долбоорунда ошондой шарттар жазылган. Дарыгерлер, психиатрлардан комиссия түзүлүп, анын канчалык оорулуу экенин далилдеп, анан дарылайт деп жазылган.

Мындай кылмыш жасагандардын баары эле оорукчан адамдар эмес. Бул ишке атайын баргандар болууда. Мисалы, туугандар арасында зордуктоо болсо аны жашырып жабышат. Ушулар жазасыз калууда. Бул жерде бир гана оорукчан эмес, атайын кылмыш жасагандар дагы болуп жатат.

Постсоветтик аймакта химиялык кастрация тууралуу берене Орусия жана Молдованын Кылмыш кодекстерине киргизилген.

Молдовада ал мыйзам өткөн жылдын май айынан бери күчүнө кирген. Андан бери бир кылмышкер жыл аягында ошондой жазага өкүм кылынды. Эмнести Интернешнл уюмунун Молдовадагы программаларынын координатору Игорь Стойко мыйзамга каршылыгын мындайча айтып берди.

"Бул мыйзамды адилетсиз деп баалайбыз. Себеби анда 14 жашка чыга элек балдарга карата сексуалдык кылмыш жасаган адамдарды күчкө салып химиялык кастрациядан өткөрүү каралган. Кылмышкер 10-15 жылга түрмөгө кесилигенден тышкары эркиндикке чыгаарына үч ай калганда ошол жаңы мыйзамга ылайык кастрация жасалышы керек. Ал киши эки жолу жазалангандай болуп калат. Анан ага коом алдында өзүн реабилитациялоого мүмкүнчүлүк берилбейт. "Мен дарыланууга макулмун" деп өзү кайрылса бир жөн, бизде болсо күчтөп кастрациялоо каралган. Муну маанисиз чара деп эсептейбиз".


(талкуунун толук аудиосун угуңуз)
Азаттык: Турсунбай мырза, мындай мыйзам Кыргызстандын Конституциясына каршы келбейби? Адам укугун бузуп, кыйноолордун жаңы түрүн жаратпайбы?

- Туңгуч акыйкатчы катары Кыргызстандын абактарын кыдырып чыккам. Педофилдер үчүн эң чоң жазалоо алардын түрмөдө отурганы. Аларды биринчи күндөн тарта кыйнашат. Экинчиден, оңолбогон кылмышкерлерге, жаш балдарды зордуктоону максат кылгандарга каршы дагы бир мыйзам иштелүүдө. Ал мыйзам боюнча жашы жете электерди зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылат. Ал түрмөдөн чыкпайт. Зордуктабай, бирок ага аракет кылганы үчүн 20 жылга эркинен ажыратылат деген беренеси дагы бар. Мындай кылмыш жасагандарга шартуу түрдө жаза чегерүү жана мунапыс колдонулбайт. Бул катуу жазалоо жана мындан кийин кылмышка барам дегендер ойлонуусу керек.

Азаттык: Токтобек мырза, химиялык кастрация ал адам келечекте кылмышын кайталабайт деп кепилдик бербей турганын адистер айтышат. Андай кылмыш жасаган адамды 20-30 жыл абакка кесүү керек деген сунуштарга сиздин пикириңиз кандай?

- Адам кылмыш жасаса, ал сот жообуна тартылып, жооп берүүсү керек. Эгер психологиялык жактан оорулуу адам болсо аны түрмөдө эмес, коомдон обочо кармап, атайын жайда дарылоо керек. Анткени андай адамдар өз кылганын аңдап, жооп бере албайт - бул мыйзамда деле жазылган. Алар психологиялык жактан оорулуу адамдар.

Бул ыкманы колдонууда өзүбүздү өнүгүп кеткен өлкөлөр менен салыштыра албайбыз. Алардын жетиштүү акча каражаты бар. Экинчиден, алардын сот, прокуратура системасы коррупциясыз, таза иштешет. Кандай мыйзам кабыл алынса дагы кылмыштарга бөгөт койсо болду.

Азаттык: Талкууланган тема кыргыз коомундагы талылуу маселенин бири. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жыл башынан бери 116 жашына жете элек бала зордукталганын билдирет. Алардын 67си 10 жашка чыга элек балдар. Бул сандардын артында ата-эненин көз жашы, баланын аянычтуу тагдыры турганы белгилүү. Ким болбосун жасаган кылмышы үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш. Ал эми кылмышкердин жазасын аныктоодо адилеттүүлүк жана мыйзамдын үстөмдүгү сакталышы абзел.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG