Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Кыргызстанда таза суу маселесин чечүү үчүн 40 миллиард сом керек. Ушул тушта өлкөдө жүздөгөн айылдарда ичкенге суу жок.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети “Таза суу” долбоору боюнча аткарылган иштерди иликтегени жатат.

Бул долбоорго 2001-2014-жылдары эл аралык донорлордон миллиондогон каражат келген. Бирок түтүктөр орнотулган айылдардын теңинен көбүндө суу чыкпай калганы, сапатсыз курулганы, коррупциялык айла-амалдар менен коштолгону ушу тапта ачыкка чыгууда.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында, айрым айылдарда мал кечкен, бир катар кыштактарды аралап аккан, булганган арык суусун ичүү кадимки эле көрүнүш. Мындан улам оору-сыркоо да көп.

Баткенде жалпысынан 90го жакын айыл сууга муктаж. Акыйкатчынын аймактагы өкүлү Хайыт Айкынов элди таза суу менен камсыз кылуу иши жөнгө салынбаганын, алгылыктуу иш жүрбөй жатканын сындап келет:

- Мисалы, Кадамжай районунда 50дөн ашык айыл таза суу менен камсыз болгон эмес. Бир убактарда эл өзү да салым кошсун деп акча да чогултулган. Азыр ошол акча турат. Бирок ар түрдүү себептер менен долбоорлор ушул күнгө чейин ишке ашпай, эл сууга жетпей турат. Мамлекеттен таза сууга деп бөлүнгөн акча өтө аз болгондуктан маселелер чечилбей жатат.

Көзөмөлсүз калган долбоор

Кыргызстанда иче турган суу маселесине 2000-жылдары көңүл бурула баштаган. “Таза суу” долбоору 2001-жылы башталган. Аны Азия өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банк каржылап, дээрлик 70 миллион доллар бөлгөн.

2009-жылы долбоордун биринчи этабы жыйынтыкталып, анда 500дөн ашык айылга суу түтүгү киргизилген деп айтылган. Бирок долбоорлоо иштеринде, тендер өткөрүүдө, суу түтүктөрүн куруу коррупциялык айла- амал менен коштолгону, натыйжада миллиондогон каражат кымырылып кеткени белгилүү болгон. Мындан улам Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтотуп, калган 30 миллион доллар акчаны бербей койгон.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Бакыт Рыспаевдин пикиринде, ошол кездери эң ириде жергиликтүү тургундар жакшы көзөмөл кылган эмес:

- Суу алгач киргизилип жатканда жергиликтүү эл дагы активдешип, уюмдаша элек болчу. Көзөмөл жок болуп калды. Экинчиден, тендерди утуп алган, ошол түтүктөрдү курган ишканалардын айрымдары дагы абийирдүү иштебей койду. Кээ бир жерлерде жакшы жасады. Кээ бир айылдарда ушундай көзөмөлдүн жоктугунан начар жасалып калды. Ошол эле учурда жакшы жасалгандарды жакшы сактап калган, бузуп жоготкон айылдар да бар. Мен Тоңдо аким болуп турганда айылдарды кыдырганда “Таза суу” долбоору менен суу кирген айылдарда түтүктөр талкалангандары бар болчу. Башка айылдан келип талкалап кетпейт, өзүңөр эле буздуңар десек моюнга алгандары да болгон.

“Таза суу” долбоору ушул жумада Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинде сөз болду. Бул комитеттин мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов анда атайын комиссия түзүп териштирүүнү сунуштаганын билдирди:

- Бизге жеткен маалымат боюнча суу киргизилген айылдардын теңинен көбүнөн суу чыкпай калган. 2001-2014-жылдары дээрлик 90 миллион долларга жакын акча жумшалыптыр. Азыр 650 айылда суу жок деп жатат. Ошондуктан биз баарын тактап чыгалы дедик. Канча айылда бар, канча айылда жок. Канчасына курулуп чыкпай калды деп болгонун тактап көрөлү деп жатабыз.

Ишенимди кайтаруу аракети

Кыргызстанда 1800дөн ашык айыл бар. Таза суу дээрлик жок деген кыштактардын саны 400гө чамалайт. Ал эми 250дөн ашыгында суу куурлары 70-жылдарга чейин курулган жана жедеп эскирип бүткөн. 600дөй айылда суу түтүктөрү 70-жылдардан кийин киргизилген, бирок абалы начар. Жалпысынан таза сууга 1,5 миллион адам муктаж. Бул маселе айрыкча Жалал-Абад, Ош жана Баткен айылдарында чоң көйгөй болуп саналат.

“Таза суу” долбоору 2011-жылга чейин алгач колдон колго өткөн. Алгач Айыл чарба министрлиги, андан кийин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу улуттук агенттиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги, андан соң Суу чарба мамлекеттик комитетинде болгон. 2012-жылдан бери Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине - АРИС уюмуна өткөн.

Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинде Ичүүчү суу менен камсыздоо департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев “Азаттыктагы” маегинде бул департамент инвестиция тартууга, жалпы саясатка жооп берерин, көзөмөл кылуу башка органдарда экенин айтып берди.

- Биринчиден, инвестиция тартып беребиз, ар кандай окууларды өткөрөбүз. Экинчиден, сууга байланышкан мыйзамдарды өзгөртүү-толуктоо долбоорлорун даярдап өкмөткө сунуштайбыз. Методикалык колдонмолорду, иш кагаздарды иштеп беришибиз керек. Инвестиция тартуунун жол-жобосу бүткөндөн кийин биздин милдет ошону менен эле бүтөт. Анан биз "мына, акча келди, тендер өткөргүлө" деп айтабыз. Бизде көзөмөл жок. Кызыкчылыктар кагылышат деп бизден көзөмөлдү алып коюшкан. Бул негизи туура эле. Көзөмөлдөй турган органдар көп, жамааттар, уюмдар да бар. Айыл өкмөтү, райондук, облустук администрациялар бар. Акча Каржы министрлигине келип түшөт. Бирок бүгүнкү күндө ошол иштер аткарылбай калып жатат. Кечээ комиссия түзүлдү десе, демек бүгүн да акча кымырылып кетип жатыптыр деген ой пайда болуп жатат. Келе элек акчаны кантип жеп салсын? Биз 2014-2015, мына быйыл 2016-жылдары туруп калдык. Үч жыл кыймылдаган жокпуз. Эми гана жандандырып жатабыз. Эми дагы ызы-чуу кылсак балким донорлорду кайра чочутуп да алышыбыз мүмкүн. Азыр биз кетип калган, долбоорлорун жаап койгон донорлорду кайра тартып жатабыз. Азия өнүктүрүү банкы токтотсо биз дагы токтотобуз деп Дүйнөлүк банк каржылоону токтотуп койгон. Биз аларды да кайра ишендире алдык. Алар ишенип биздин секторго 28 миллион доллар менен кирип жатат. Биз ушундай кыйын абалда турабыз деп кайрылып жатып Ислам өнүктүрүү банкын да тарттык. Алардын өкүлдөрүн мен Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көлдү кыдыртып келдим. Алар биздин абалыбыздын чатак экенине көздөрү жетип 20 миллион доллар беребиз деп жатат. Өкмөттөн чогуу каржылаганда болжол менен 54 миллион долларга жетти.

Аскарбек Токтошов долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабында каржылык мыйзам бузуулар иликтенбей жатканына кейиди:

Суу алгач киргизилип жатканда жергиликтүү эл дагы активдешип, уюмдаша элек болчу. Көзөмөл жок болуп калды.

- Биз бир канча жолу Башкы прокуратурага жаздык. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына да бир канча жолу жаздык. Мен да мыйзамды билем да. Аракет кылган эмес деген да берене бар. Мен көбүнө жаманатты болуп, ошол жалданма ишканалар мен тууралуу арыздангандар да болду. Өзүбүз барып, атайын топ түзүп алып 48 айылды текшердик. Ошонун ичинен 18инде каржылык мыйзам бузуулар болгонун аныктаганбыз. Каржы полициясы болсо кылмыштын мөөнөтү өткөн деп кылмыш иш козгоодон баш тартып койду. Бизге ошондой деп жөнөткөн жооптору бар. Ошондо биз 50 миллион сомдук чыгашаны аныктаганбыз. Ошонун 16 миллиону гана кайтарылып, калганы кайтарылбай калган. Бир дагы адам жоопко тартылган жок. Ошол убакта департаменттин жетекчиси долбоорго түздөн-түз жооп берген.

“Таза суу” долбоорунун 2009-2014-жылдардагы экинчи этабын Дүйнөлүк банк каржылаган. АРИСтин “Таза суу” долбоору боюнча адиси Чубак Чыналиевдин маалыматы боюнча, жалпысынан 11,5 миллион доллар бөлүнгөн жана 55 айылга суу жеткирилген. Ал алдыдагы долбоорлор тууралуу да айтып берди:

- Экинчи этапты ишке ашырып жатканда Дүйнөлүк банк каржылаган 36 кичи долбоор болсо ошонун алтоо гана жаңы долбоор болгон, жаңы айылдар кирген. Калган 30у болсо биринчи фазада кетирилиген кемчиликтерди оңдоого багытталган долбоорлор болчу. 36 долбоорго кирген 55 айылда суу толугу менен жетти. Биз азыр жаңы долбоор даярдап жатабыз. Кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосунда каржылык келишим түзүлөт. Аны биз ратификацияга алып чыкканы жатабыз. Анда 14 кичи долбоор каралып жатат. Ага жалпысынан Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарынан 36 айыл кирет. Ислам өнүктүрүү банкынын долбооруна Жалал-Абад облусу кирет жана 11 кичи долбоорго 24 айыл камтылат. Жалпы каражаттын 20 пайызын кыргыз өкмөтү бериши керек. Дүйнөлүк банк берген каражаттын 45 пайызы грант, ал эми калганы жеңилдетилген насыя. Ислам банкыныкы болсо жеңилдетилген насыя болуп эсептелет.

Эл аралык донорлордон сырткары кыргыз өкмөтү таза суу маселесин чечүү үчүн соңку үч жылдан бери 100 миллион сомдон бөлөт. Бирок бул каражат жүздөгөн айылдарга суу жеткирүүдө өтө эле аздык кылат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG