Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:39

Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Кыргыз-Кыштак айылында суу тартыш. Көлмөдөн суу ичкен айылда жугуштуу ооруга чалдыккан балдар да көбөйдү.

Ошол эле кезде Сох анклавындагы Өзбекстандын Чешме айылынын тургундары кыргыз тарап суу бербей жатат деп нааразы болууда.

Агын суу ичкен Кыргыз-Кыштак айылы

Мурдагыдай Өзбекстандан суу ала албай калып, учурда балырлуу көлмөдөн суу ичкен айыл турмушунун бүгүнкү абалы оор.

Кадамжай районунун Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешкен Кыргыз-Кыштак айылында сугат жана таза суу бир топтон бери чечилбеген көйгөйгө айланды. Мурдараак айыл тургундары сугат сууну Өзбекстан аркылуу алып турган. Акыркы беш жылдан бери Өзбекстан тарап аталган айылга белгисиз себептер менен суу берүүнү токтоткон. Кыргызстандан алайын десе, сугат суу бул аймакта ансыз да тартыш.

Ал эми айылга таза суу алып келүү долбоору 20 жыл мурда башталган экен, бирок ал ушул күнгө чейин кыштак тургундарына жете элек.

Кыргыз-Кыштактын жашоочулары кошуна айылдардан арык аркылуу машакат менен суу айдап келип, көлмөлөрдү толтуруп алат. Тилекке каршы агын суу да тартыш болгондуктан, ал да сейрек гана болот. Ошондуктан көлмөдөгү суу эскирген сайын жыттанып, бузула баштайт. Көлмөгө толтурулган бул сууну эл да, мал да ичет, кийим-кече да жуулат.

"Ошондон улам жугуштуу ооруга чалдыккан балдар да көп болууда", - дейт неберелеринин саламаттыгына тынчы кеткен Катыча Жусупова.

- Биздин көргөн күн курусун. Ушинтип ауздагы (көлмөдөгү) сууну кадырлап ичебиз. Малга чакалап алып беребиз. Түн ичинде мындан ит, жан-жаныбарлар ичишет. Суу бир аз өткөндө эле бузулуп, майда курттар пайда болот. Сузуп алып кайнатып ичебиз, бирок балдар ооруп жатат. Жайдын күнү абалды айтпай эле койсок болот. Куурдан келген сууну биз көрө элекпиз.

Бир мезгилде бул айылда суу кенен болуп, дыйкандар бир жылда эки-үч ирет түшүм алып турган. Бүгүн болсо жер айдап, эгин эгүү ары турсун ичүүчү суу да тартыш. Мындан улам жумуш издеп, сыртка кетип жаткан жаштар да көп.

Суу жок дыйканчылык да токтогон

Жергиликтүү кеңештин депутаты Абдыгапар Жусуповдун айтымында, суу маселеси жергиликтүү деңгээлде чечилбесин билген айыл тургундары борбордук бийликтин көңүлүн буруу үчүн бир канча жолу расмий кайрылуу жасаган. Бирок азырынча натыйжа жок. Суунун тартыштыгы калктын экономикалык абалын көтөрүүгө да тоскоол болуп жатканын кошумчалайт жергиликтүү депутат.

- Өзбекстан сууну бербей койгондон бери иш артка кете баштады. Аракет кылса өкмөт сууну чечип бергенге башка жолду тапмак. Мына, азыр кошуна турган Өзбекстандын айылдары жашылча-жемишин базарга алып чыгып калышты. Бизде деле ошенткенге мүмкүнчүлүк бар. Анткени бизде күн ысык. Мурда май айында помидор менен бадыраңды сатыкка алып чыкчубуз. Азыр суу жок мындай кыла албай калдык. Биздин айылда дыйканчылыктан жакшы киреше тапса болот. Эки-үч жолу түшүм жыйнаганга мүмкүнчүлүк бар. Суу эле чечилсе, чет өлкөгө кетип жактан жаштарыбызга да айылда жумуш болот эле.

Айылдагы чакан он чакты көлмө агын суу менен толтурулат. Көлмөдө качан суу түгөнгөндө наркы айылдан сууну арык аркылуу алып келишет. Облустагы күн өтө ысыган бул аймакта азыр деле аба ырайы 30 градустан жогору. Жай саратанда абанын температурасы 50 градуска чейин көтөрүлөт. Мындай ысыкта суусуз жашоо токтоп калчудай эле болот дейт айыл тургуну Султанбай аксакал.

- Мына, азыр өзүңөр көрүп тургандай абал оор. Суу көйгөйү барган сайын элди кыйнап келет. Жай саратанда такыр эле кыйналабыз. Жок дегенде элге ичерге таза суу жеткирип беришкенде мынчалык кыйналбайт элек.

Жети миңдей калкы бар айыл тургундары суу деп бир топ жерге чейин кайрылган. Маселе Жогорку Кеңешке чейин көтөрүлгөн. Бирок айыл элине качан таза суу жетери белгисиз.

Өзбек айылы кыргыз тарап суу бербегенине нааразы

Ошол эле кезде Баткен менен чектешкен Өзбекстандын Чешме айылынын жашоочулары, тескерисинче, кыргыз тарап суу бербей келатат деп арызданууда. Чешма айылы Сох анклавында жайгашкан жана кыргыз айылдары менен чектеш.

Жергиликтүү тургун Өлмасжан Илёсов билдиргендей, 316 кожолук Кыргызстанды аралап келген арыктагы сууну дыйканчылыкка да, тиричиликке да пайдаланчу. Ал арыкты бууп коюуга Кадамжайдын Бирлик айылынын жашоочулары чек ара аныкталбаган аймактан жол ачып берүүнү талап кылган кезде өзбекстандыктар көнбөй койгону себеп болгон. Андан соң коңшу өлкөнүн Риштон айылынын тургундары Бирликке барчу арыкты тоскон. Өзбекстандыктар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде жол ачууга макул болушканын, жол үчүн жер берилгенине карабай, кыргыз тарап сууну бууп жатканын айтышууда.

"Азаттыктын" архивинен: Баткендеги сууга жетпеген Чарбак айылы. 09.09.2013-жыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG