Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:48

Баткендин Чарбак айылы менен Өзбекстандын Сох анклавына караштуу Ушар айылынын ортосундагы чек ара чырына туура эки жыл болду.

Кыргыз тараптан 30дай киши барымтага алынган бул жаңжал акыры чек арадагы абалдын өзгөрүшүнө түрткү болгон. Атап айтканда Кыргызстандын айылдары үчүн кошуналарга көз каранды болбогон жолдор салынып, суу, электр энергия маселелери чечилген.

Бирок дээрлик аралаш отурукташып, чек арада орун алган бул эки айылдын күнүмдүк мамилеси, алака-катышы калыбына келбей турат.

2013-жылдын январь айынын башында Өзбекстандын Сох анклавына караштуу Ушар айылынын тургундары Баткендин Чарбак айылына бастырып кирип, 30 кишини барымтага алуу чырынан кийин бир топко чек ара каттамдары жабылып, аймактагы кыргыз айылдарын көз карандысыз суу, жол, электр энергиясы менен камсыздоо маселелери курч коюлуп турду.

Ошондон кийин өкмөт андагы тез арада чечилчү маселер үчүн 370 млн. сом каражат бөлүп, Чарбак айылын ичүүчү таза суу менен камсыздап, айланма жол куруп, айылга медициналык тейлөө мекемесин чечип берди. Бирок кошуна мамлекеттин айылы менен мурдагы мамиле калыбына келген жок.

“Эки айыл эки жылдан бери бири-бирине каттабайт, соода-сатыгы да жок жашап келүүдө”, - дейт жергиликтүү Мирбек аттуу тургун:

- Эки жылдан бери, атап айтканда ошол уруш чыккандан бери карым-катыш, мамиле кылбайбыз, алака токтогон. Базарларыбыз да өзүнчө, эч мамиле жок. Мурда кирип-чыгып, той, мааракелерге барып турсак, азыр андай нерселер жок.

Жаңжалга чейин Өзбекстандын Сох анклавынын айланасындагы он чакты кыргыз айылдары өзбекстандык кошуналары менен соода-сатык кылып, жыйнаган түшүмүн ошолорго сатып келген.

Кыргызстандагы Сох анклавы

Кыргызстандагы Сох анклавы

Азыр болсо кошуна чек арачылар да көзөмөлдү күчөтүп, кирген-чыккан кишини тыкыр текшерип, жүк алып өтүү да кыйындап калган.

Чарбактагы мектеп мугалими Ашыралы мырза болсо, бир жагынан абалдын ушинтип турганы эле жакшы окшойт деген ойдо. Анткени эки эл бири-бирине катташпагандыктан жаңжал да болбой, кыргыз айылдары өз жайыттарын кенен пайдаланып калышканын айтат:

- Чарбак айылына таза суу келди. Андан тышкары жолдор оңолду. Түнкү саат экиби, үчпү, келиндердин төрөт сыяктуу иштери чечилип калды. Ошондогу уруштун кесепетинен азыр тажиктер менен мамиле жок. Алардын бак-дарактары кыргыз тараптан сугат суу жетпегендиктен гектарлап куурап жатат. Ошондуктан азыр булар суу бер, жайыт бер деши мүмкүн. Андан көрө мамиле ушундай суз болуп турганы эле жакшы.

Чек аралаш аймак тургундары ымала кылып, мамилесин андан ары улантып кетүүдөн кооптонушат. Чек арадагы майда соода-сатык кылам деп, же чарбагында өстүргөн бир аз түшүмүн сатам деп, кошуна чек арачылардын огунан каза болгон учурлар да катталып келүүдө.

Чарбак айылын Сох анклавынан бөлүп турган чек ара тилкеси. 7-январь, 2013

Чарбак айылын Сох анклавынан бөлүп турган чек ара тилкеси. 7-январь, 2013

Баткендеги Жаш саясатчылар клубунун лидери Бахрам Рахманкулов мамилени үзүп койгондо эки эл бирдей кыйналарын, анткени эки элдин тиричилиги бири-бири менен тыгыз байланышта экенин айтууда. “Эгер мамиле мурдагы калыбына келсе, андан эки тарап тең пайда көрөт”,- дейт жаш саясатчы.

- Чек арада жашаган эл экономикалык жактан бири-бирине көз каранды. Көптөгөн жылдардан бери экономикалык мамилелердин, соода-сатыктын шартында чек арада жашаган элде жашоонун наркы кыйла арзан болуп келген. Ал эми бүгүнкү күндө чек аранын биз тараптан, алар тараптан мажбурланып, жабылып турушу бул жактагы эки эл үчүн бирдей оор болуп жатат.

Жыл башынан бери кыргыз-өзбек чек арасында сегиз жаңжал катталып, мамилелерде чыңалуу жеңилдей албай турат. Эки жыл мурдагы жаңжалдан кийин кыргыз тарап Өзбекстандын Ушар айылына суу берүүнү токтотконунан улам 20 гектардай бактары куурап, боз талаага айланып калганын жергиликтүүлөр айтышууда.

Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох эксклавында 60 миңдей калк жашайт. Сох Өзбекстанга таандык болгону менен, анын басымдүү бөлүгү тажик улутундагылар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG