Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Енча: Парламенттик шайлоо - Кыргызстан үчүн сыноо


БУУнун башкатчысынын атайын өкүлү, Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбордун башчысы Мирослав Енча "Азаттыктын" студиясында

БУУнун башкатчысынын атайын өкүлү, Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбордун башчысы Мирослав Енча "Азаттыктын" студиясында

Борбор Азия мамлекеттери биргелешип аракеттенбесе, "Ислам мамлекети" радикал тобунун коркунучтарына туруштук берүү кыйын.

Мындай пикирин БУУнун башкатчысынын атайын өкүлү, Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбордун башчысы Мирослав Енча "Азаттыкка" берген интервьюсунда билдирди.

Кыргызстанга иш сапары менен келген дипломат Мирослав Енча аймактагы атайын өкүл миссиясы аяктап, БУУ башкатчысынын Борбор Азия аймагы боюнча жардамчысы кызматына киришип жаткан чагы.

Ооганстан коркунучу Борбор Азияда сезилүүдө

«Азаттык»: Мирослав мырза, "Азаттыктын" студиясын кош келипсиз. Бул жолку сапараңыздын максаты кандай? Күн тартибинде кандай коопсуздук маселелери турат?

Мирослав Енча: Мен Борбор Азия өлкөлөрүнө жыл сайын бир нече жолу келип турам, анын ичинде бул жолу Кыргызстанга да иш сапарым менен келдим. Башкы максат: аймактагы коопсуздук жана тынчтык маселелерин, чакырыктарды талкуулоо. Мен Борбор Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борбордун башчысы мандатыма ылайык, коркунучтар жаңжалдарга айланып кетпеши үчүн аларды алдын алуу чаралары тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп турам.

Коркунучтар бештен белгилүү. Биринчиден, Борбор Азия өлкөлөрүнүн алдында адамгерчиликсиз экстремизм жана терроризм коркунучу турат. Булар, албетте Ирактагы, Сириядагы окуяларга жана "Ислам мамлекети" радикал тобунун иш-аракеттерине байланыштуу. Андан сырткары, Ооганстан тараптан болгон коркунуч да учурда актуалдуу маселе. Борбор Азия өлкөлөрү кошуна Ооганстан коркунучун түздөн-түз сезип турган чагы.

Киийнки маселе - суу ресурстарын акыйкат колдонуу боюнча узакка созулган сүйлөшүүлөргө байланыштуу. Биз Борбор Азия өлкөлөрүнө энергетика жана суу ресурстарын биргеликте пайлаланууда эл аралык укуктук нормаларды түшүндүрүп берүү жагынан жардам берүүдөбүз. Аны менен бирге өз ара келишүү жолдору да сунушталат.

Андан кийинки маселе - экономикалык өнүгүүлөргө байланыштуу. Дүйнөдө карамай менен газдын баасынын төмөндөөсү кээ бир өлкөлөрдүн экономикасына терс таасир тийгизүүдө. Ошол эле учурда Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык байланышы бар бул өлкөлөрдө да башка түрдүү окуялар жүрүп жатат. Атап кетсек, Украина кризиси, Орусияга багытталган санциялар Кыргызстанга, албетте таасир этүүдө.

Маңзат трафиги да жыл сайын коркунучтуу болуп баратат. Маңзат ташууну токтотуу жаатында кызматташууну күчөтүү зарыл.

Мындан сырткары, ушул күнгө чейин чечилбей турган делимитация жана демаркация маселелерин да белгилеп кетким келет. Биз аймактагы өлкөлөрдү колдойбуз жана алардын өнүгүүсүнө дайыма көз салып турабыз.

Терроризмге каршы бекем туруу зарыл

«Азаттык»: Эл аралык кризистик топ (ICG) Сириядагы соңку окуялар Борбор Азиянын диний радикалдашуусуна бир топ таасир этүүдө деп билдирди. Айтылган коркунучтун деңгээли канчалык жана Борбор Азия өкөлөрү бул маселеге качан туш болот?

Мирослав Енча: Борбор Азия өлкөлөрү учурда бул проблеманы башынан кечирүүдө. Борбор Азиядан чыккан согушкерлер тууралуу маалыматтарды баарыбыз эле көрүп жатабыз. Албетте, биз так санын айта албайбыз, ар кандай булактарда ал жакта согушуп жүргөн борбор азиялыктардын саны жүздөн бир нече миңге чейин деп айтылууда.

Бир нерсени эске алуу керек, аймакта "Ислам мамлекети" радикал тобуна байланыштуу реалдуу коркунуч бар. Андыктан Борбор Азия аймагындагы өлкөлөр коопсуздук жаатында да өз ара жана глобалдык кызматташтыкты күчөтүүлөрү керек.

«Азаттык»: Ал эми аймактагы кайсыл өлкөлөр радикалдашуу коркунучуна туруштук бере албай калышы мүмкүн?

Казакстан жана Өзбекстан президенттери Назарбаев менен Каримов

Казакстан жана Өзбекстан президенттери Назарбаев менен Каримов

Мирослав Енча: Радикализм жана терроризм - бул бир катар факторго байланыштуу болот. БУУнун Коопсуздук кеңешинин чет элдик согушкерлер жана адамгерчиликсиз экстремизмди токтотуу боюнча талкуусунда катышуучулар радикализмдин пайда болуусуна коомдун маргиналдашуусу, социалдык-экономикалык бейкамсыздык, сасий чечимдерден четтеп, өз пикирине ээ боло албай калуудагы адам укуктарына байланышкан жагдай, дин тутуу эркиндиктерине чек коюу сыяктуу факторлор негиз болуп жатканын айтышты.

Андан сырткары, тышкы факторлор да маанилүү роль ойноп жатат. Буга баңгизат каналдарын, ага байланган паракорчулукту кошуу орундуу. Мына, ошондуктан, мен мыйзам так иштөөсү үчүн ар бир мамлекет көп аракет жумшоосу зарыл экендигин айткым келет.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы жетиштүү эмес

«Азаттык»: Кыргызстан май айында Евразиялык экономикалык биримдигине расмий кирет. Кыргызстандын бул уюмга кирүүсүнө кандай карайсыз?

Мирослав Енча: Бул күнкорсуз мамлекеттин өз элинин муктаждыгын эске алуу менен барган кадамы. ЕАЭБ тууралуу сөз баштап калдыңыз, мен адегенде Кыргызстанга ийгилик каалап кетээр элем. Биз Кыргызстандын чечимин сыйлайбыз. Биз бул темада мамлекеттик жана бейөкмөт уюм өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүбүздө талаштуу пикирлер айтылды. Биз кыргыз бийлиги бул кадамга күнгөй-тескейин талдап, анан барды деп ойлойбуз. БУУ аймактык жана эл аралык кызматташууларды колдойт.

Кыргызстандагы Бажы биримдигине каршы өткөн акция

Кыргызстандагы Бажы биримдигине каршы өткөн акция

Дагы бир маанилүү байкоом туралуу айта кетсем, Борбор Азия өлкөлөрү өздөрү да биримдик түзсө, кыйла чоң натыйжаларды бермек. Албетте, бул өлкөлөр өз ара жана башка кызматташууларга барып жатышат, бирок башка регионалдык жана эл аралык бирикмелердин алкагында иш жүргүзүүдө.

«Азаттык»: Сиз бул аймактык кызматташууну кандай көрөсүз? Аймактагы өз ара тыгыз кызматташууга эмнелер тоскоол болуп жатат?

Мирослав Енча: Борбор Азия аймагында буга чейин эле бир топ биримдик же дагы башка интеграциялык түзүмдөрдү уюштурууга аракет жасалды. Бирок алар иштеп кете албады. Бул жерде кошуна турган ар бир өлкөнүн маселеге карата өзүнүн көз караштары бар. Көпчүлүк учурда бул көз караштар башкалар менен туура келбей калат. Албетте, аймактагы бардык өлкөлөр отуруп маселеге бирдиктүү каршы турган мезгил да келээр, бирок азырынча алар ар кандай маселеде жалаң эки тараптуу келишимдер жана кызматташуулар менен чектелүүдө.

Кыргызстанга сунуштар

«Азаттык»: Сиз Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстага тез-тез келип турасыз. Жакшы жакка өзгөрүү байкалабы?

Мирослав Енча: Мен бул кызматта жети жылдан бери иштеп келе жатам. Кыргызстан десе эле азыр менин эсиме 2010-жылдагы окуялар түшө берет. БУУ ошол кезде Кыргызстанга активдүү жардам берди. Ал мезгилде кыргыз эли жардамга муктаж болчу. Ошондой эле биз саясий процесстердин калыбына келишине кыйла көмөк көрсөтө алдык. Алар, маселен, референдум жана шайлоо өткөрүү иштери. БУУга кирген өлкөлөр да бул процесстерге активдүү катышты. Азыр олтуруп ошол мезгилди эске түшүрсөк, эбегейсиз прогресс жүргөн экен. Учурда Кыргызстанда саясий стабилдүүлүк орноп, аткаруу бийлиги өз ишин жүргүзүп жатат. Быйыл өтө турган парламенттик шайлоо Кыргызстандын тандап алган жолу канчалык туура, канчалык бекем экендигин тастыктай турган өтө маанилүү окуя.

Мен Кыргызстан келечекте дагы кайсы маселелердин үстүнөн иш алып баруусу маанилүү экенин белгилей кетсем: бул сот системасындагы реформа жана сот адилеттигин орнотуу, тартип коргоо органдарын реформалоо. Ошондой эле өлкө улуттук азчылыктарга карата мамиле жаатында кыйла аксап жатканы жашыруун эмес.

Албетте социалдык –экономикалык жагдай биринчи кезекте турушу керек. Себеби азыркы тапта тышкы экономикалык факторлордун айынан чоң каатчылыктын учу көрүнүп турганда, Кыргызстан өзүнүн потенциалын көтөрүүсү керек. Элди, анын ичинде жаштарды иш менен камсыз кылуу зарыл.

XS
SM
MD
LG