Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

"Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтары 2014-жылы чөлкөмдөгү өлкөлөрдү түйшөлткөн окуяларды бирге талкуулады.

Катышуучулар: “Азаттыктын” тажик кызматынын директору Сожида Жахфарова, өзбек кызматынын журналисти Октам Каримов жана казак кызматынын редактору Галым Бокаш.

"Азаттык": Урматтуу коноктор, Прага студиясында чогуу отуруп, 2014-жылдагы чөлкөм үчүн жана анын ичинде биздин өлкөлөр үчүн урунттуу окуялар кайсылар болду, сөздү ушундан баштасак...

О.Каримов: Келечекти аныктаган өзгөрүүлөр көп болду. Жыл соңунда Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши региондогу күчтөрдүн позицияларын өзгөртөт. Өзбекстанда президенттин айланасында чуулгандуу окуялар болду, президенттин тун кызы Гүлнара Каримова үй камагына түшкөнү кабарланды, азырынча кандай отурганын эч ким барып көргөн жок.

Президенттин небереси - кичүү Ислам Каримов атайын билдирүүлөр менен чыкты. Мына эки апта мурун парламенттик шайлоо болду, жаңы депутаттардын тизмесин карасак, бир дагы академик, жазуучу, искусство адамдары жок. Өзбек парламентине өзбекстандыктар тааныган инсандар келген жок. Ал эми 2015-жылдын кызуу интригасы - 30-январда 77ге чыккан Ислам Каримовдун кайра шайланышы болчудай.

Сожида Жахфарова

Сожида Жахфарова

С.Жахфарова: 2014-жылы орчундуу окуялардын сабында: Кытай Тажикстанга алты миллиард доллардан ашуун кредит убада кылып, бул алды менен энергетикалык долбоорлорго жумшалары айтылды.

Сөз эркиндиги жаатында бийликтер соңку жылдары карманган принциптерден тайып, медианы кысымга алуу жүрдү, андыктан көпчүлүк журналисттер өзүн-өзү цензуралоого өтүштү. Бийликти сындоо азайды. Дагы бир орчундуу окуялар – кыргыз-тажик чек арасындагы чырлар болду. Бактыга жараша эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн аракети менен чоң жаңжалга айланган жок.

2014-жылдын экинчи жарымы украин кризиси, Орусиянын бир чатырдын алдына мурдагы советтик өлкөлөрдүн башын коштуруу аракетин айтсак болот. Бажы союзу, Евразия экономикалык биримдиги сыяктуу бирикмелер түзүлдү. Дүйнөнү нес кылган “Ислам мамлекети” радикал тобу биздин регионду кыйгап өткөн жок.

Галым Бокаш

Галым Бокаш

Г.Бокаш: Казакстанда президент Нурсултан Назарбаев жеңүүчү болуп чыкты. Назарбаевдин режимине каршы күрөшкөн эң ири оппозициялык фигуралардын баары камакка алынды. Австрияда баш калкалап жүрүп, соңку кезде Мальтада турган мурунку күйөө баласы Рахат Алиев менен Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин мурунку төрагасы Айнур Мусаев экөө Венада камакка алынды. Эми соту болот. Назарбаевдин эң чоң оппоненти, мурунку банкир Мухтар Аблязов болсо Францияда камакка алынып, учурда аны Украинага же Орусияга экстрадициялоо боюнча сот жүрүп жатат. Мындан бир нече күн мурун Польшада бозгун макамында жүргөн Муратбек Кетебаев деген дагы бир оппозициялык белсендүү активист Испанияда кармалды.

Казакстанга соңку жылдары чет элдик лидерлер барбай калган. Быйыл Швейцариянын, Франциянын, эң осол делген Чехиянын президенти да барды. Мунай менен газдын эсебинен Назарбаев аймактагы салмактуу саясий оюнчу деңгээлинде калды.

Бирок Казакстанда ички проблемалар көбөйдү. Биринчиден: саясий интригалар, клан аралык кармаш катуу күчөдү. Азыр карагандылык кланды башка бир кландардын талкалап жатканы анык көрүнөт. Мурун Казакстанда генералдар, министрлер соттолгон эмес. Азыр он чакты генерал, мурунку министрлер соттолуп жатышса, анын ичинде экс-премьер Серик Ахметов үй камакта отурат. Ага жемкорлук, кызматтан кыянаттык менен пайдаланган деген айыптар тагылган, бирок бул клан аралык согуштун айынан болуп жатканын жана ал кармаш Назарбаевдин көзөмөлүнөн чыгып кеткенин элдин баары билет.

Президенттик үй-бүлөнүн ичинде дагы баланс тең эмес, ошондуктан азыр Дарига Назарбаеваны парламентте “Нур-Отан” фракциясына жетекчи кылып жогорку позицияга коюшту.

2014-жылдагы орчундуу окуя - үйсүздөрдүн козголушу болду. Жыл ичинде бүткүл өлкөдө үйсүз адамдардын биригүүсү байкалды. Алар Астанага келип, нааразылыктарын системалуу түрдө көрсөтө алышты. Астанадагы нааразалыктарды “Кичи Евромайдан” деп атап коюшту. Айта кетсек, үйсүздөрдүн полицияга каршы чыгуусу, өрттөө сыяктуу нааразылыктары жылдан жылга күчөп баратат. Ал тургай жылдын соңундагы өз кайрылуусунда президент Назарбаев алардын маселесине токтолууга мажбур болду.

ЕАЭБ: Өзбек бийлиги каршы, тажиктер ойлонууда

Г.Бокаш: Казакстан үчүн 2014-жылдагы эң маанилүү окуя – Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ). Украинанын чыгышы менен Крымдагы окуялардан кийин казактар катуу ойлонуп калышты. Орусия менен дүйнөдө кургактагы эң узун жети жарым миң чакырым чек арасы бар жана түндүк жана түштүк облустарында орус диаспоралары турган кезде Казакстан, албетте, кооптонот. Көптөр ойлогондой, эң ири орус диаспорасы АКШда эмес, Казакстанда, бул өлкөдө төрт миллиондой орус улутундагылар жашайт. Ошондуктан ЕАЭБ көпчүлүккө Советтер Союзунун кичи модели кайра тирилгендей таасир этти.

Октам Каримов

Октам Каримов

О.Каримов: 5-декабрда Өзбекстан Конституциясынын 22 жылдыгына багышталган салтанаттуу жыйында президент Каримов расмий тексттен четтеп, ушул маселеге токтолду. “Кийинки кезде совет доорун эңсегендер көбөйүп кетти. Мындай пикирлер кайдан чыгып жатканын мен билем” деген Каримов сүйлөп жаткан трибунасына муштумун кезеп туруп, “Эч качан, эч качан СССРге окшогон түзүмдөргө кайтпайбыз!” деди.

Ага чейин президент Каримовдун өзүн таң калдырган нерсе - Өзбекстанда орусиячыл көз караш күчтүү экени байкалды. Экинчиден, Орусиянын федералдык миграция кызматынын каттоосунда турган өзбек мигранттардын саны эки жарым миллион. Бул легалдашкан, катталган гана мигранттар. Алардын Орусияга каршы болуусу мүмкүн эмес, тескерисинче Орусия - Өзбекстандын мамилеси тыгыз болушун каалашат. Алар Орусия менен чогуу биримдикке кирип калсак, эч ким басым көрсөтпөйт деп ишенишет. Өзбекстанда калктын позициясы менен расмий саясат бири-бирине каршы келет. Мына Кыргызстан бул биримдикке кошулду, Тажикстан ага ыктаганын билдириптир. Анда Өзбекстандын түндүктөгү коңшусу Казакстан, чыгыштагы коңшусу Кыргызстан, түштүктөгү коңшусу Тажикстан - баары тең бир биримдикке кирип кетсе, батышындагы Түркмөнстан эле калат.

С.Жахфарова: Эртеби-кечпи Тажикстан дагы Евразия экономикалык союзуна мүчө болот. Өзүңөр билгендей, Тажикстандын кара май, алтын, газ сыяктуу табигый байлыктары жок, андыктан тажиктер бул бирикмеге кирбейбиз, башка жолду тандайбыз деп айта албайт. Мындан башка жол жок, коңшу Кыргызстан ал бирикмеге кирди. Биз чек аралашпыз. Негизги көйгөй да, максат да чек араны бекемдөө. Эгер биримдикке мүчө Кыргызстан өз чек араларын бекемдеп салса, Тажикстан Кыргызстан аркылуу эч кандай товар ала албай калса – кандай болот? Жалпысынан айтканда, учурда дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн улам чакан өлкөлөр саясий соодалашкан оюндарда мүмкүн болушунча өзүнө арбын пайда алууну көздөйт. Албетте Тажикстан бул бирикмеге кирээрден мурун биринчи кезекте Орусиядан көбүрөөк пайда көрүүгө аракеттенет.

Экинчиден, Орусия менен Тажикстан стратегиялык өнөктөш. Абдан көп сандагы мигранттарыбыз Орусияда жүрүшөт, айтор, маанилүү нерселер картага коюлган. Орусия болсо өз таасиринен кантип эле Тажикстанды чыгарып койсун. Албетте Кремлге анын уруксаты менен жашап, амири менен эсептешип туруусу маанилүү.

Дин: саясат, репрессия, коопсуздук

О.Каримов: Кийинки 10-15 жыл ичинде Өзбекстанда “Мемориал” уюмунун маалыматына таянсак, 15 миңдей киши диний негиздер менен абакта жатат. Өкмөт күч менен коомду дүнябий (светтик) кылууга аракет кылууда. Коопсуздук жагынан карасак, потенциалдуу коркунуч бар. Маселен, Кыргызстан менен салыштыра турган болсок, мындан 20-30 жыл мурун Анжиян менен Оштун тургундарын айырмалоо мүмкүн эмес болчу. Аялдардын кийингени, эркектердин жүрүм-турум окшош болсо, азыр кескин айырмаланат.

Кыргызстанда сакал койгондор бар, аялдар, айрыкча өзбек аялдар хижаб кийип жүрүшөт. Өзбекстанда муну көрө албайсыз, минтип отурса, Каримов бийликтен кеткенден кийин өлкөдө жарылуу болушу мүмкүн. Президент Каримов баарын күч менен кармап турат. Кала берсе, абакта миңдеп жаткандар бир кезде чыгышат, алардын үй-бүлөлөрү, жакындары, нааразы болгондор чыгат. Андыктан Өзбекстан азырынча качан атылып кетээри белгисиз дүрмөттөлгөн куралдай эле кырдаалда.

С.Жахфарова: Тажик бийликтери азыр исламга байланыштуу нерселерден “өз көлөкөсүнөн корккондой” эле чочуй баштады. Эч кандай радикалдык же экстремисттик маанайга тиешеси жок диний уюмдар кайырмакка илинүүдө.

Эч кимге белгисиз “Нури-Нахзат” деген топ жашыруун камераларды колдонуп, Тажикстандагы "Ислам кайра жаралуу" партиясынын активисттери делген адамдардын сексуалдык мүнөздөгү видеолорун тартып алып, интернетте жайылтты. Бул болсо коомго “мына силер туу туткан ислам жолундагы адамдар эл алдында бирди айтса, андан кийин таптакыр башка нерсени жасашат” деген кабарды жеткирүү эле. Муну менен тажик бийликтери “Ислам мамлекети” баштаган динчилдер бийликке келсе, эмне күтүп турганын өзүңөр аңдагыла деген максатты көздөп, аны калың элдин мээсине кылдат жеткирди. Ошондой катар-катар чыккан секс-видеолордон кийин исламчыл партия менен шайлоого барууга белсенген бир топ таанымал инсандар андан баш тартышты.

Г.Бокаш: Соңку убакта мурун Казакстанда болбогон бир тенденция бар. Казакстанда мусулмандар тек гана суннит багытында, ханафи мазхабындагы матрудия акыйдасында болуусу керек деген. Светтик мамлекет мындай диний риторика менен сүйлөбөшү керек. Биздин мусулмандар мына мындай болуусу керек деп айтканы туура эмес. Муну менен мамлекет арбитр макамынан айрылып калды.

Ал эми диний консервативдүү топтор: неосалафилер, салттуу исламчылар, сопулук - тасавүф – булардын баары менен тыгыз иштешүү керек. Азыр болсо мамлекет менен мусулмандардын ортосунда муфтият деген ортомчу бар. Муфтият – суннизмдин ханафи багытында жана матрудия акыйдасында. Жогорудагы топтор менен атайын кызматтар иштешет, ал тек гана террор менен коркутуу. Андыктан мындай кысымга алынган катмар Казакстанда калыңдап баратат. Анын үстүнө Казакстанда мунайдын акчасы, башка кирешелер бар, азыр сакалчан, багалеги кыска адамдар көбөйүп баратат. Мындай адамдардын радикалдашуусуна бийлик өзү түрткү болууда. Ошондуктан Караганды, Акмоло облустарынан, Экибастуздан Сирия менен Иракка кетип жаткандар өтө көп. Өзбекстан менен салыштырсак, Казакстандын калкынын саны аз, бирок Сирия менен Иракта согушуп жүргөн казактар өзбектерге караганда алда канча көп. Дагы бир кызык – үлкөн министрдин, агенттиктин төрагасынын, партиянын катчы деңгээлинде жүргөн радикалдык риториканы колдонгон динчил адамдар көп.

"Азаттык": Борбор Азиядагы мамлекеттер эгемендик алгандан бери чечилбей келаткан көйгөй - чек ара маселеси. Кыргызстандын Чек ара кызматы берген маалыматты карасак, 2014-жылы Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен чек арасында катталган түрдүү чыр-чатактардын саны кырктан ашкан. Алардын онго жакынында ок атылган. 32 жаңжал кыргыз-тажик, беши кыргыз-өзбек, экөө кыргыз-казак жана бирөө кыргыз-кытай чек ара тилкесинде болгон.

Мындан сырткары кыргыз-тажик чек арачылары арасында үч жолу куралдуу кагылышуу болуп, онго жакын чек арачы жараат алган. Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттер канткенде эффективдүү кызматташып, бирге өнүгө алат, буга тоскоол болгон факторлор кайсылар - талкуунун аудиосунан уксаңыз болот:

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG