Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Фергана - үч өлкөнүн табышкан да, чырлашкан да жери


Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети.

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн мамилелеринин начарлашы Фергана өрөөнүндөгү элдин жашоосун жылдан-жылга оорлотууда.

Чек ара тилкелеринин жабыктыгынан үч өлкөнүн облустарынан турган Фергана аймагында учурда карым-катнаш, соода-сатык таптакыр азайып кеткен. Суу талаш, жер талаш, жумушсуздук жана миграция да дал ушул өрөөндө курчуп жатат.

Коңшу өлкөлөр бири-бири менен алакасын оңдобосо, абал мындан да оорлошу мүмкүн дешет адистер. “Фергана өрөөнү: коркунучтар жана перспективалар" деген Оштогу жыйында үч мамлекеттин бизнес жана бейөкмөт уюмдары так ушул маселелерди талкуулашты.

Чек ара: тилкеден чыккан чатактар

Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн мамилелелери жөнүндө кеп кылганда, биринчи кезекте албетте Фергана өрөөнү эске түшөт. Анткени так ушул аймак үч өлкөнү туташтырып турат. Бирок коңшу өлкөлөрдүн эгемендик алышы менен Фергана өрөөнүнүн карым-катнашы азайып, саясий алака оңолбой келүүдө. Мунун башкы себеби эле чек ара тилкелерин тактоо жана сызуу иштери:

- Фергана өрөөнүндө беш-алты чоң проблема бар. Алар суу, жер, чек ара. Анын ичинен эң негизгиси чек ара маселеси. Аны демаркация жана делимитациялоо деп, 30 жылдан бери баары айта берип чарчашты. Өзбекстан менен Тажикстан бир картаны кармайт, а Кыргызстан башка картаны айтат, ошентип атып тараптар эч бир келишимге келе алышпайт. Ушунча жыл аралыгында канча комиссия бул маселени карап чыкты, бирок бир да жыйынтык жок. Демек биз азыр жакын арада да бул маселе чечилет деп ишенбей турабыз. Азыр маселен, чек арадагы чыр чатактар деле элдин ортосунда болуп жаткан жок. Бул жерде ушул үч өлкөнүн мамлекеттик түзүмдөрүнүн согушу жүрүп жатат, - дейт Оштогу “Энсан Диамонд” фондунун жетекчиси Жамила Капарова.

Солгундаган соода, кыйналган эл

Чек аранын жабыктыгы негизинен соода-сатык жана алыш беришке терс таасир этип келет. Кыргызстандык дыйкандар Өзбекстанга жана Тажикстанга кетчү эт-сүт, картошка азыктарын азыр сата алышпайт, ал жактагы фермерлер жашылча-жемиштерин Ош-Баткенге өткөрө албай убара. Анын ичинде маселен, Оштун Кара-Суу базарында соода учурда дээрлик токтоп турат.

Тажикстандын ишкер аялдарынын Улуттук ассоциациясынын төрайымы Гүлбахор Макхамова буларга токтолду:

- Тилекке каршы биздин экономикалык байланыштарыбыз чыңдалбай жатат. Ошол себептен жарандар бир өлкөдөн бир өлкөгө товарларын мыйзамсыз, аткезчилик жол менен ташып атышат. Бул чынында коркунучтуу нерсе, бирок адамдарда андан башка айла жок болуп жатат. Анткени биз бири-бирибизге муктажбыз. Ошондуктан Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан чек арадан каттоону жеңилдетип, визалык режимдерди жок кылыш керек. Мындан сырткары биз жайыттарыбызды, сууларыбызды, электр энергиябызды туура колдонууну үйрөнүшүбүз шарт.

Кыргыз-тажик чек арасы

Кыргыз-тажик чек арасы

Фергана өрөөнүнө Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары, Тажикстандын Согди облусу жана Өзбекстандын Наманган, Андижан жана Фергана облустары кирет. Экономика жана социалдык жактан тыгыз байланышы бар бул географиялык аймак калктын жыштыгы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Бирок бул өрөөн өлкөлөрдүн башка аймактарына салыштырмалуу экономикалык жактан артта калган. Мунун баары бул үч өлкөнүн бийликтери келише албагандан дешет адистер.

“Бул аракетти алгач жарандык коом жандантуу керек” , - дейт Өзбекстандын ишкер аялдар ассоциациясынын жетекчиси Гүлнора Махмудова:

- Борбордук Азиядагы ар бир мамлекет өзү туура көргөн жолун тандап алды жана ошол аркылуу өнүгүп жатат. Өзбекстанда дагы бизнес, анын ичинде аялдардын ишкерлиги тез өрчүп жатат. Бирок дүйнөлүк шартта экономиканын бир топ факторлору бизди анчалык тоготпой жатат. Ошол себептүү Фергана өрөөнүндөгү жарандык коомдун өкүлдөрү жана бейөкмөт уюмдары бизнес чөйрөгө, анын ичинде өзгөчө аялдар ишкердигинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн болгон аракеттерибизди жумшообуз кажет.

Жүрөктөгү чек аралар да ачылса...

“Фергана өрөөнү: коркунучтар жана перспективалар" деген Оштогу жыйында үч мамлекеттин бизнес жана бейөкмөт уюмдары так ушул маселелерди талкуулашты. Ага Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 20дан ашуун жарандык коомдун, негизинен аялдар уюмдарынын өкүлдөрү келген. Алар ушул жылдардан баштап аймакты өнүктүрүү үчүн түрдүү аракеттерди баштамакчы болушууда.

Кыргызстандык агробизнесмендердин “Жер азыгы” ассоциациясынын жетекчиси Азиза Юлдашева:

- Биздин бул аянтчабыз мамлекеттик чечимдерди кабыл алып жибербейт. Бул жөн гана жарандык коомдун жана бизнестин деңгээлиндеги гана кызматташуу. Биз бири-бирибиз менен байланышып, мындан ары түрдүү иш-чараларды, аракеттерди чогуу жүргүзөбүз. Биз чек аралардын ачылышын күтпөй, өзүбүз көкүрөгүбүздөгү чек араны ачуубуз шарт. Биздин жолугушуубуздун өзү деле чоң иш, чоң жылыш. Анан калганы ар бир бейөкмөт уюм үч өлкөнүн мамилесин чыңдоодо өз деңгээлинде иш алып баруусун баштайт. Фергана өрөөнүнүн көйгөйлөрүн ошентип чечебиз.

Бирок бийликтердин колдоосу болбосо бул аракеттер жемишин бербейт дешет серепчилер. Оштук байкоочу Расул Абазбек уулу мындай дейт:

- Биз делимитация жана демаркацияны бүтүргөндө гана абал жакшырат деп күтүп олтура бергенде болбойт. Жарандар өз алдынча да түрдүү аракеттерди көрүүбүз зарыл. Ошол жагынан алганда жарандык коомдун бул демилгесин кубаттоо зарыл. Бирок бейөкмөт уюмдардын бул иштери мамлекеттер, бийлик өкүлдөрү тарабынан колдоого алынбаса ишке ашпайт. Мындайча айтканда саясий структуралардын каалоосу болушу креек. Азыр биз экономиканы саясатка байлап койгонбуз. Биз азыр, балким Тажикстан менен кайсы бир жактан келишимдерге келе алышыбыз мүмкүн, бирок Өзбекстандын саясий режимин эске алганда, алар менен бир тилге келүү кыйыныраак болуп калат.

Канткен менен чек ара тилкелеринде азырга дейре чыр чатак азайган жок. Маселен Баткен облусунун Өзбекстан жана Тажикстан аймактары менен чектеш айылдарында эле бир жыл ичинде 30дай чыр-чатак катталган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG