Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

Иран жана Р5+1 убакыт кысымында


Ирандын президенти Хасан Роухани Перс булуңундагы Бушер АЭСинин бөлмөсүндө. 13-январь, 2015-жыл.

Ирандын президенти Хасан Роухани Перс булуңундагы Бушер АЭСинин бөлмөсүндө. 13-январь, 2015-жыл.

31-март Ирандын ядролук программасы боюнча келишимдин негизин иштеп чыгуунун акыркы мөөнөтү. Келишимдин максаты - Ирандын атомдук курал жасоого зарыл байытылган уранга ээ болуусуна бөгөт коюу.

Расмий адамдардын айтымында, Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү шейшемби күнү түн ортосуна жана андан ары да созулушу ыктымал.

Мурда макулдашылгандай, ядролук келишимдин негизин 31-марттан калтырбай иштеп чыгуу үчүн Иран жана Р5+1 тобунун делегация башчылары күнүнө эки-үч мертебе кездешип жатты. Сүйлөшүүнү ыкчам алга жылдыруу үчүн АКШ жана Ирандын тышкы иштер министрлери да утур-утуру жолугуп турду. Дүйшөмбү күнү Лозаннада Р5+1 тобуна мүчө АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, Германия жана Ирандын тышкы иштер министрлери эки жолу жолугушту. Береги өлкөлөргө Иран менен сүйлөшүүгө мандатты БУУнун Коопсуздук кеңеши берген.

Сүйлөшүүдө кризис болушу же 31-мартта келишимдин негизине кол коюлбай калышы мүмкүн экенин Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер 29-мартта Лозаннада кабарчыларга этият эскерткен.

- Бул өңдүү байгеси кымбат сүйлөшүүлөрдө биз өзүбүз үчүн гана эмес ага катышкан бардык тараптар үчүн жоопкерчиликти сезебиз. Мен бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кризис болбойт деп айта албайм.

Швейцариядагы сүйлөшүүдө алтылык жана Иран үч маселе боюнча бир бүтүмгө келе албай жатат. Биринчиси - Тегерандын алгачкы он жылдан кийин уранды байытуусу жана ага зарыл жабдууларды жасоого байланыштуу илимий изилдөөлөрдү, конструктордук иштерди жүргүзүү тартиби. Анын алкагында Иранда канча даана уранды байытчу центрифуга болушу керек деген да талылуу суроо турат.

Экинчиси - Иранга каршы БУУнун, АКШнын жана Евробиримдиктин экономикалык санкцияларын алып салуу мөөнөтү. Үчүнчүсү - эгер Тегеран келишимди бузса, береги санкцияларды кайра улантуу маселеси.

Британия, Франция, АКШ болочокто Тегеран ядролук келишимди бузчу болсо, эл аралык санкциялар автоматтык түрдө калыбына келтирилүүсү керек деген көз карашта. Андай болгондо Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн вето укугу бошоңдойт деп, Орусия дагы сунушка каршы экенин Рейтер Батыш булактарына таянып, маалымдады.

Иран келишимге кол коюлар замат санкция биротоло токтотулушун каалайт.

Лозаннадагы сүйлөшүүдө оң жылыш катары Ирандын уран байытуучу центрифугалардын санын азайтууга ынанганы айтылууда. Себеби, Иран оболу 10 миңден ашуун центрифуга калтырылсын деп талап койсо, эми 6500 - 7000 даанага ынанууда. АКШ былтыр ноябрда алардын саны 6 миңге азайышын талап кылган.

Кошмо Штаттар менен анын өнөктөштөрү Иран ядролук ишканаларында электр кубаты өндүрүлүп, медициналык гана изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканына кепилдик болуусу үчүн алар такай көзөмөл астында болушу, байытылган урандын чоң бөлүгү Орусияга жөнөтүлүшү мүмкүн деп санашат. Бирок ядролук сүйлөшүүдөгү Иран делегациясынын жетекчиси Абас Аракчинин айтышынча, байытылган урандын корун Орусияда сактоо – Тегерандын “күн тартибинде жок”.

Адегенде Иран жылына 2,5 тонна уран байытууну кааласа, азыр жарым тоннага да макул. Бирок Батыш өлкөлөрүнүн ишениминде, Иран жылына 250 килодон көп байытылган уранга ээ болгону кооптуу.

Алты держава жана Иран ядролук келишимдин негизине 31-мартта кол койгон учурда да анын техникалык деталдары июнга дейре тактала берет. Андан соң 30-июнда корутунду келишимге кол коюлууга тийиш.

XS
SM
MD
LG