Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Ливияда эки фотожурналист набыт болду


Фотожурналист жана кинорежиссер Тим Хетерингтон (оңдо) жана фотожурналист Крис Хондорс (солдо).
Фотожурналист жана кинорежиссер Тим Хетерингтон (оңдо) жана фотожурналист Крис Хондорс (солдо).

Ливияда Каддафиге ишенимдүү аскерлер менен адаватчылар ортосундагы согуш майданында эки фотожурналист курман болду.

Фотожурналисттер катарындагы топ 20-апрелде Мисрата шаарында октун алдында калганы, алар менен кошо алты ливиялык жана украин дарыгери курман болгону маалымдалды. Ливиянын үчүнчү чоң шаары, өлкө батышындагы Мисрата жети аптадан бери козголоңчулардын колунда.
Тим Хетерингтон менен Крис Хондростун жасаты музткычка салынып, Мисрата портуна жөнөтүлгөнү жаткан учур.


Дүйнөнүн калабалуу жерлерин кыя баспаган фотожурналисттер Тим Хетерингтон жана Крис Хондорс ошентип ажалын Ливиядан табышты. Алар Мисратанын Триполи көчөсүндө баратканда жамгырдай жааган октун астында калышкан. Бул көчө Каддафиге ишенимдүү күчтөр менен адаватчылардын согушу жүрүп жаткан кан майдандын ортосунда жатат.

Испаниялык фотожурналист Гилермо Чербера кесиптештери кандай жагдайда курман болгону жөнүндө 20-апрелде түндө Ройтерс агенттигине берген интервьюда буларды айтты:

- Мисратанын Триполи көчөсүндө иштеп жатканбызда RPG (ручной противотанковый гранатамет)- аткан граната биздин топко келип тийди. Биз согуштан корккондуктан артта баратканбыз. Граната биздин топко келип тийди.

“Вашингтон Пост” гезитинин жазышынча, миномет чабуулуна тушуккан кезде журналисттердин тобу эрегишчилерди куйрук улай баратышкан экен.

Британ-АКШ жарандыгы бар Тим Хетерингтондун Ооганстандагы америкалык жоокерлер тууралуу тарткан “Restrepo” деп аталган даректүү тасма былтыр 2010-жылы АКШ киноакадемиясынын “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал 2007-жылы Ооганстандагы фотосүрөттөрү үчүн World Press Photo сыйлыгына татыган. Бутунан оор жарадар болгон репортер ооруканага жеткирлигенден 15 мүнөт узабай жан берген.

Каддафичил күчтөрдүн ракета чабуулунан кыйраган турак үй. Мисрата. 20-апрель 2011
41 жаштагы америкалык Крис Хондростун өмүрү башына тийген осколкадан үзүлдү.
Getty Images фирмасына иштеген Хондрос Косово, Ангола, Ирак жана Ооганстандан тарткан фотосүрөттөрү үчүн аскерий корреспонденттерге берилчү эң жогорку сыйылыкка татыктуу болгон. Либериядагы эмгектери Пулитцер сыйылыгы менен бааланган.

Бул эки таанымал фотокабарчы менен кошо иштеген батыштык дагы эки журналист жарадар болгону кабарланды.

Ливия өкмөтү эки журналист кандай жагдайда курман болгону кылдат изилденерин маалымдады. Өкмөттүн өкүлү Муса Ибрагим Триполиде журналисттерге: “Биз бизге каршы согушпаган бир да жанды өлтүрбөйбүз. Биз бул журналист кандай кырдаалда өлгөнүн текшерүүбүз керек. Албетте, бул согуш. Биз тараптан да, алар жактан да адамдар өлүүдө. Адамдар эки ортодо болгон. Биз жагдай кандай болгонун билбейбиз,”-деп билдирди 21-мартта .

Бирок козголоңчулардын ырасташынча, Каддафинин аскерлери 2 айга чукул убактан бери камоодогу Мисратанын калкын күнүгө атайылап аткылашат.

Шаардык оорукананын дарыгери Халид Абуфалганын билдиришинче, батыштык эки фотожурналист менен кошо шаршемби күнү жети ливиялык жана украин доктор курман болду. 120дан ашык адам ар кандай деңгээлде жараат алды.

Эл аралык жаңылыктар коопсуздугу (International News Safety) институту акыркы жумаларда каддафичил күчтөрдүн чабуулунан Мисратада жүздөгөн адамдар өлдү деп боолгойт. Гуманитардык уюмдар камоодогу калаада азык түлүк, дары-дармек, күйүүчү май тартыш экенин билдирет.

Мисратага жасалган чабуулдарды “эл аралык кылмыш катары бааланышы мүмкүн экенин” 20-апрелде БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Нави Пилай айым эскертти.

Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жей Карней Ливияда жана башка өлкөлөрдө журналисттердин жарандарга туура маалымат беребиз деп жүрүп, каны төгүлүп жатканына терең өкүнүчүн билдирди.

Ливияда буга чейин “Ливия ал-Хура” он-лайн телеканалынын негиздөөчүсү Мохаммед Набус менен “ал-Жазииранын” телеоператору Али Хасан Жабер курман болгон.

Журналисттерди коргоо комитети быйыл февралдан бери Ливияда журналисттерге 80ден көп жолу кол салынганын, анын ичинде 49 жолу кармалып, 11 жолу уруп-сабалганын даректеп тактаган.

XS
SM
MD
LG