Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Ливиядагы кандуу ишемби


Ливия -- Бенгазидеги каршылык акциясында башына ок жеген демонстрант, 18-февраль.
Ливия -- Бенгазидеги каршылык акциясында башына ок жеген демонстрант, 18-февраль.

Укук коргоочу уюмдардын ырастоосунда, Ливиянын экинчи чоң шаары – Бенгазиде полиция демонстранттарды аткылаган соң мерт болгондор саны көбөйдү.

Күбөлөр набыт кеткендердин арасында балдар да бар экенин айтышууда.

Ливиядагы нааразылык акциялары 16-февралда тутанган. Ошондон бери Хьюман Райтс Уочтун маалыматына ылайык, демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышууларында кеминде 104 киши мерт кетти.

Ишембиде деңиз боюндагы Бенгази шаарында полиция демонстранттарга каршы автоматтык курал колдонгону кабарланды. “Ондогон киши өлдү. Биз кыргындын чак ортосундабыз”, - деп айтып берди Ройтерс агенттигине күбөлөрдүн бири. Ал адам жарадар болгондорду жергиликтүү ооруканага жеткиришкенин да кошумчалады.

Имараттардын чатырларында жайгашкан көзгө атарлар ок чыгара баштаганда аянт башаламандыкка, дүрбөлөңгө түштү. Айрым күбөлөрдүн айтымында, аскерлер мурдагы күндөрү каза болгон адамдардын тажыясына чогулгандарды бутага алышкан.

Жергиликтүү бейтапканага ишемби күнкү аткылоодон кийин 150 чакты киши жеткирилген. Ооруканада ушу тапта жарадарларга куюу үчүн кан, башка дарылоочу жабдыктар жетишсиз болууда. Би-Би-Синин маалыматына караганда, жараланган 22 киши көз жумду.

Бул сандарды тастыктоо же текшерүү мүмкүн эмес. Себеби Ливия өкмөтү эл аралык маалымат каражаттарын жаап салды, чет өлкөлүк кабарчыларды киргизбей жатат. Бирок YouTubeдан аткылоодон кийин тартылган видеотасманы көрсө болот.

Муаммар Каддафинин 42 жылдык башкаруусуна каршы мындай көтөрүлүш Ливияда буга чейин боло элек эле. Египет менен Тунисте бийлик кулатылганына шыкактанган президенттин оппоненттери социалдык түйүндөр акрылуу элди көчөлөргө чыгып, нааразылыгын билдирүүгө үндөп жатышты. Демонстранттар “Биз эркиндикти жана социалдык адилеттүүлүктү талап кылабыз” деп ураан чакырып жатышты.

Ишемби күнкү кан төгүүлөргө карабай, жекшембиде да Бенгазидеги сот имаратынын жанына адамдар топтолуп жатканы жөнүндө кабарлар түштү.

50гө жакын ливиялык диний мусулман лидерлери билдирүү таратып, коопсуздук органдарын элге каршы курал колдонбоого үндөштү. “Ар бир мусулманга жараткан бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө тыюу салаарын эскертебиз” деп айтылат кайрылууда.

Ушу тапта элдик көтөрүлүштүн очогуна Бенгази шаары жана анын жака белиндеги чакан шаарчалар айланды. Баш калаа Триполиде абал негизинен тынч бойдон калууда. Интернеттеги маалыматтарга караганда, Триполи жана Налут деген жерде майда кагылышуулар катталды.

XS
SM
MD
LG