Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:44

Муаммар Каддафинин чөйрөсүндө жарака кетти


Ливия. Козголоңчулар Брега шаарына кире бериште. 4-апрель, 2011
Ливия. Козголоңчулар Брега шаарына кире бериште. 4-апрель, 2011

Ливия лидери Муаммар Каддафи эрегишчилер менен элдешүүнүн жолун издөөдө. Бул жөнүндө 3-апрелде Грекияда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Каддафинин чабарманы Абделати Обейди билдирди.

НАТОнун өтүнүчү боюнча, АКШнын авиациясы Каддафинин аскерий өңүттөрүнө 4-апрелдин кечине чейин абадан сокку урууну улантат.

30-марттан бери Ливиядагы аскерий операцияны НАТО жетектейт. Ливиялыктарды Каддафиге караштуу күчтөрдөн коргоо операциясы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 19-марттагы мандаты менен ишке ашырылууда.

Каддафи тынчтык издөөдө. Бирок шарты белгисиз
Грекиянын премьер-министри Йоргос Папандреу (оңдо) Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Абделати Обейди (солдо) кездешүүдө. Афины. 3-апрель 2011

Ливиянын тышкы иштер министринин орун басары Абделати Обейди 3-апрелде Афиныда Грекиянын премьер-министри Йоргос Папандреу менен кездешти. Сүйлөшүүдөн кийин Грекиянын тышкы иштер министри Димитрис Друцас Каддафинин бийлиги татаал абалдан чыгуунун жолун издеп жатканын билдирди:

- Ливиялык чабармандын бизге айткан сөзүнөн бийлик кырдаалдан чыгуунун жолун издеп жатат деп тыянак жасаса болот. Региондо тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү үчүн олуттуу күч жумшоо керек жана ал үчүн Грекия бар аракетин жасайт. Биз союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз менен байланышта турабыз. Биз аларга болгон кездешүү жөнүндө маалымдап, өз сунуштарыбызды айтабыз.

НАТО жана Европа биримдигинин мүчөсү Грекия эзелтеден Ливия менен жакшы мамиледе.

Каддафинин атайын чабарманы Абделати Обейди сапарын улантып, 4-апрелде Түркияда сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Бирок Каддафи өлкөдөгү согушту токтотуу үчүн кандай сунуш жасаары белгисиз.

Каддафинин жети уулу эки жаатка бөлүндү

Бул тушта “Нью-Йорк Таймс” гезити Ливиянын жетекчилигинде жана Каддафинин жети уулу жаатташып жатканын 3-апрелде кабарлады. Гезиттин өз булактарына шилтеп жазышынча, Каддафинин уулдары Саиф жана Саади кризисти токтотуу максатында атасын бийликтен кетирүү планын сунуш кылышкан. Мындай планга Муаммар Каддафинин мамилеси беймаалым калууда.

Каддафинин уулу Камисти аскерлер колуна көтөрүшүүүдө. Триполинин чети. 29-март 2011
Өкмөттө эч кандай ырасмий кызмат орду жок Саиф жана Саади Батыштын саясый-экономикалык моделине ыкташат. Ал эми Каддафинин дымагы күчтүү экинчи топтогу уулдары Камис жана Мутуазим - атасы 42 жыл түптөгөн жолдун жактоочулары жана эрегишчилерге айоо жок деп санашат.

Өткөн аптада Ливиянын тышкы иштер министри Муса Кусанын өлкөдөн качуусу жетекчиликтеги Саифтин өлкөнү реформалоо мүдөөсүнө каршы турган адамдардын таасирин азайткан.

Уруш майданында жылыш жок

Согуш майданына келсек, Батыштын аба соккусуна карабай, адаватчылар Ливиянын чыгышындагы мунайлуу Брега шаарын толук ала албай жатат.
көтөрүшчүлөрдүн Батыштагы таянычы Мисрата шаарын каддафичилер бир нече күндөн бери камоодо.

Жекшемби күнү Мисуртага жана
Түркиянын кемеси жарадар ливиялыктарды Мисрата шаарынан жүктөп кетип баратат. 3-апрель 2011
адаватчылардын чыгыштагы ордосу Бенгазиге кирген Түркиянын кемеси 300дөн ашуун жарадарды дарыланууга алып кетти.
Ливияда согуштан улам гуманитардык кырдаал оорлоодо. Уруш жүрүп жаткан жерлерден адамдарды эвакуациялоо мүмкүн болбой жатканын БУУнун гуманитардык иштер боюнча координатору Рашид Халиков билдирди. Ал дүйнө коомчулугуна кайрылып:

“...адамдардын нааразылыгы өсүүдө. Качкындар жергиликтүү жамаатка жана кабыл алган өлкөлөргө оорчулук келтирүүдө. Абал жөнгөрүлгөнчө мен ар бириңиздерге кайрылып, алады эвакуациялоого жардам берүүңүздөрдү өтүнөм,”-деди Халиков.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 4-апрелде кечинде Ливиядагы жагдайды жана ич ара согушта жабыркаган элди көчүрүүнүн жолдорун талкуулайт.

XS
SM
MD
LG