Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Ливияда согуш уланууда


Ливиянын Марас ал-Брега шаары "ыңкылапчылардын" колуна өткөнүн Муаммар Каддафинин режимине каршы толкуган элдин өкүлдөрү жарыялашты. 2011-жылдын 2-марты. AFP.
Ливиянын Марас ал-Брега шаары "ыңкылапчылардын" колуна өткөнүн Муаммар Каддафинин режимине каршы толкуган элдин өкүлдөрү жарыялашты. 2011-жылдын 2-марты. AFP.

Ливиядан түшүп жаткан кабарларга караганда, Муаммар Каддафини колдогон күчтөр бүгүн чыгыштагы Марас ал-Брега шаарын кайра басып алуу үчүн согушуп жатат. Өткөн түнү мында Каддафиге каршы демонстранттар менен катуу кагылыштар болгон эле. Бирок өкмөттүк күчтөр Ливиянын батышындагы оппозициячыл күчтөр кармап турган аймактарды кайра тартып ала алган жок.

Күбөлөрдүн айтымында, Марас Ел Брега шаарында согуштук учактар шаардын ар жерлерин туш келди бомбалады.

Каддафинин учактары ошондой эле буга коңшу Аждабия шаарын да бутага алгандыгы кабарланууда.

Анын аралыгында, өкмөттүк аскерлер оппозиция өткөн аптадан бери кармап турган Ливиянын батышындагы аймактарды кайтарып ала алган жок.

Бул жактагы Ал-Завия шаарында өкмөткө каршыккан күчтөрдүн маалымат катчысы Юсеф Шаган Ройтерс агенттигине оппозицияга колдоо ар саат сайын өсүп жатат деп ырастады.

Ал Каддафиге каршыккан күчтөр паралел өкмөттүн негиздерин түзүп баштагандыгын бышыктады.

– Биздин абалыбыз абдан жакшы деп ойлойбуз. Биз Каддафиге баш калаа Триполинин өзүндө сокку урууга даярбыз.

Аталган шаардагы оппозициянын Хайсам деген куралчаны да аскерлердин мизи кайтарылгандан кийин, анын жолдошторунун көңүлү көтөрүлүп калгандыгын мындайча билдирди:

Буйруса бизде курал бар. Бизде ар нерсе бар. Бизде мүмкүн болгон бардык колдоо бар. Кудай колдосо, Каддафини кулатып, аны жок кылабыз. Бизге анын кереги жок. Бизге башкача система керек. Биз азыр эркинбиз. Бизге мунайдын, акчанын, эч нерсенин кереги жок. Бизге эркиндик гана керек. Жоголсун Каддафи, биз жеңебиз!

Ушул тапта Жер ортолук деңизинен америкалык эки согуштук кеме Ливияны көздөй багыт алды.

Бирок Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде Каддафинин учактары менен тикучмаларына карата «учпоо тилкесин» түзүүгө жетиштүү колдоо болоору шек туудурат.

Лондон мындай тилке үчүн БУУнун атайын уруксаты кереги жок десе, Орусия ага анчейин көңүлдөнбөй жатат.

Франциянын жаңы бекиген тышкы иштер министри Ален Жүппе эгерде Бириккен Улуттардын ачык-айрым мандаты болбосо, анда Каддафинин режимине каршы курал колдонууга каршы экендигин билдирди.

Жүппе НАТОнун Ливияга интервенциясы араб коомчулугунун алдында теңирден тескери жыйынтык берет деп эсептейт.

Америкалык расмий өкүлдөр уюштуруу иштериндеги кыйынчылыктарды жана эл аралык бирдиктүү колдоонун жоктугун бетке кармашууда.

Каддафинин армиясында курал-жарак тартыш же эски болушу мүмкүн, бирок анын ракеталары НАТОнун согуштук учактарын атып түшүрүүгө толук жарайт.

Анын аралыгында, Араб Лигасынын мартабалуу өкүлү Хешам Йусеф бүгүн (2-мартта) араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин Каирдеги жыйынында Ливияга чет элдик интервенцияга бир ооздон каршылык көрсөтүлө тургандыгын эскертти.

XS
SM
MD
LG