Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:45

Ливия: Козголоңчулар Триполини ээлешти


Бенгазиде он миңдеген эле козголоңчулар Триполини ээлешкенин майрамдап жатат, 21-август, 2011
Бенгазиде он миңдеген эле козголоңчулар Триполини ээлешкенин майрамдап жатат, 21-август, 2011

Өткөн түнү демонстранттар шаардын борборундагы "Жашыл аянтты" ээлешти. Козголоңчуларга эч кандай тоскоолдук болбогону айтылууда.

Козголоңчулар борбордук аянтта улуттук байрактарын көтөрүп, асманга ок атып, майрамдап жатышат. Триполидеги кабарды уккан Бенгази шаарынын тургундары да көчөгө чыгып, сайран куруп жатышат.

Эми Триполидеги борбордук аянтты козголоңчулар “Азапкердин аянты” деп атай тургандыктарын айтышууда.

Ошол эле кезде өлкөнүн лидери Муаммар Каддафинин жан сакчылар тобу козголоңчулар тарапка өтүшкөнүн билдиришти.

Лидер Муаммар Каддафинин расмий өкүлү Мусса Ибрагим андан бир аз мурдараак (жекшембиде) НАТО Триполинин айланасында чабуулдарын күчөткөнүн айткан. “Муну менен алар бул улуу элдин бейкуттукта, тынчтыкта жашап жаткан шаарына козголоңчулар киришине жол ачып берип жатат. Өлгөндөрдүн санын элестетиш да кыйын”, - деген эле М.Ибрагим.

Анын айтымында, акыркы 24 саатта эле 1300 адам өлдү. Козголоңчулар болсо так санды айтыша элек, бирок өлгөндөр бир нече жүз адамга жеткенин кабарлашты.

Алар айрым маалымат агенттиктерине Каддафинин уулу Саиф ал-Исламды кармашканын билдиришти. Эл аралык кылмыш соту кийинчерээк анын кармалганы тууралуу кабар ырасталганын кабарлады. Атасы менен кошо Саиф ал-Исламды да Эл аралык сот “адамзатка каршы кылмыш үчүн” айыптап жатат. Каддафинин дагы бир уулу үй камагына алынганы маалым болду.

Буга чейин Муаммар Каддафи эки башка аудио-кайрылуусунда борбор шаар Триполини "оторчулардын куйруктары" деп өзү атаган күчтөрдөн "тазалоого" чакырган. Козголоңчулар өздөрү “эгер Каддафи өлкөдөн чыгып кетсе, урушту токтото турганын” айтышкан.

АКШ ливиялык оппозициянын Улуттук өткөөл кеңешин “Каддафинин доорунан кийинки иштерге даярдана берүүгө” чакырды. Британия болсо Триполиде болуп жаткан окуялар Каддафинин мезгили бүтүп жатканын далилдейт деди.

Ливияны 42 жылдан бери башкарып келаткан Муаммар Каддафи менен козголоңчулардын урушу алты айдан бери уланып келаткан.


Козголоңчулар Триполини алышын белгилөөдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG