Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

АКШ Ооганстандан чыгара турган аскерий курал-жарактарынын бир бөлүгүн Борбор Азия мамлекеттерине калтырышына Орусия эмне үчүн кыжалат болуп жатат?

НАТО 2014-жылдын этегине чейин өзүнүн аскерлерин жана аскерий техникасын Ооганстандан чыгарып кетиши керек. Техниканын көпчүлүк бөлүгүн кайрадан алып кетүүнүн оордуна АКШ учурда Борбор Азиянын үч мамлекети – Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганы кабарланган.

Орусиядагы айрым маалымат булактары бул кабарды расмий Москва терс кабыл алганын жазышкан болчу. "Азаттык" бул боюнча Москвадагы “Карнеги” корунун аналитиги Алексей Малашенкого кайрылып, Орусиянын терс реакциясы эмнеге байланыштуу болушу мүмкүн экенин сурады.

А.Малашенко: АКШ Ооганстандагы өзүнүн айрым аскерий курал-жарактарын, оор техникасын Борбор Азиядагы мамлекеттерге калтырышы Орусиянын бул чөлкөмдөгү таасирине доо кетирет деген коркунуч бар. Анткени Орусия жана бул өлкөлөр мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюму өзү толугу менен орус жеринде жасалган курал-жарак Борбор Азия мамлекеттерине ички баа менен сатылып келгени үчүн гана иштеп келаткан. Эгерде өзбектер, тажиктер же кыргыздар үчүн орустардыкынан алда канча күчтүүрөөк, болгондо да, бекер берилип жаткан курал сунуш кылынса, мындан ким баш тартмак эле?

"Азаттык": Мында Орусияны ойлондурган жагы ушул коммерциялык эле себебиндеби? Москва эми Борбор Азияга курал сата албай калабыз деп эле кыжалат болушу мүмкүнбү же саясий тынчсыздануу да барбы?

А.Малашенко: Билесизби, мен муну “көп векторлуу саясаттын” даана бир мисалы деп эле атамакмын. Буга чейин аны жалаң саясий гана маселе менен байланыштырып келишсе, эми ага аскерий акпектиси да кошулуп жатат. Чынында, Орусия жалпы Борбор Азия чөлкөмүндө курал-жарак боюнча алда качан эле монополисттик укугунан ажырап калган. Азыр бул өлкөлөр Түркиядан, Германиядан да курал алып жатышпайбы.

Ага кошумча Өзбекстан, маселен, ок өткөрбөс желеткелерин, түндө көрө ала турган дүрбүлөрдү, байланыш толкундарын баса турган атайын аппараттарды заказ кылып жатышат. Өзбектер көбүнчө эки башка максатта (тынчтык максатта да, согуш үчүн да) колдонула турган товарларды алууга дилгир. Бул өңдүү куралдардын кеңири тизмеси да бар.

"Азаттык": Алексей мырза, орусиялык дипломатиялык булактар биринчи күндөн эле Вашингтондун бул планын сынга ала башташты. АКШ Ооганстандагы курал-жарактарынын айрым бөлүгүн Борбор Азияда калтырышы Вашингтон менен Москванын мамилесине кандай таасир этиши мүмкүн?

А.Малашенко: Негизи, бул суроону эки тарап өткөн жылдан тарта эле сүйлөшө башташкан. Орусия муну, албетте, каалабайт. Бирок америкалыктар “бир ок менен эки коенду атканы” жатышат. Бир чети алар үчүн азыр бүт куралды алып чыгып кетиштин өзү өтө эле кымбатка туруп калат, өзүн актабайт. Экинчиден, куралды калтыруу менен Борбор Азия өлкөлөрүндө өзүнүн таасирин арттырат.

Борбор Азия мамлекеттери бул сунуштан, албетте, баш тартышпайт жана буга алардын толук укугу бар. Бул алардын дээрлик 15 жылдан бери айтып келаткан “көп багыттуу саясатынын” бир мисалы.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG