Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Малайзиялык учакка байланыштуу жаңы ысымдар аталды


Малайзиялык "Боинг 777" жүргүнчүлөр учагынын калдыктары, 17-июль, 2014-жыл.
Малайзиялык "Боинг 777" жүргүнчүлөр учагынын калдыктары, 17-июль, 2014-жыл.

Bellingcat эл аралык иликтөө тобу 2014-жылы малайзиялык учактын кыйрашына орус аскер күчтөрүнүн тиешеси болушу ыктымалдыгын иликтеп чыкты. Анда катардагы жоокерлерден Путинге чейин алып барган схема камтылган.

Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан учак Украинанын чыгышына келгенде радардан жоголгон. Бул 2014-жылдын 17-июлу эле. Аз өтпөй учак калдыктары жана жүргүнчүлөрүнүн сөөктөрү Орусияга ыктаган жикчилдер менен Украинанын өкмөттүк күчтөрү салгылашып аткан аймактан табылган. Борттогу 298 адамдын баары мерт болгон эле.

Окуя Украина чатагы боюнча ири мамлекеттер тирешип турган учурга туура келди. Батыш өлкөлөрү жана Украина алдын ала жыйынтыктарга таянып, учак кыйрашына Орусияны айыпташкан.

А Орусия айыпты Украинага оодарган. Өткөн жыл аягында болсо Голландия коопсуздук кызматы өз иликтөөсүн жарыялап, анда учак “Бук” аттуу зениттик-ракеталык түзүлүштөн атылганын далилдери менен жарыялаган.

Окуяны британиялык Bellingcat иликтөө тобу да териштире баштаган. Ал буга чейин да маалыматтары менен бөлүшкөн. Бул жолкусунда кылмышка кириптер болушу мүмкүн деп орус аскер адамдары тууралуу маалымат таратты.

Анда Bellingcat “Букту” Орусиянын Курск шаарында жайгашкан 53-зениттик ракеталык бригаданын аскерлери Украинага коштоп келгенин билдирет. Коштоочу аныкталган соң, андагы аскерлердин тек жайын иликтеген. Иликтөө тобунун негиздөөчүсү жана директору Элиот Хиггинс катардагы жоокерлер кантип табылганына токтолду:

- Биз тапкан кээ бир аскер адамдары окуяга тиешеси жок эле. Бирок биз алардын социалдык тармактардагы достору, белгилеген адамдары, Инстаграмдагы сүрөттөрү аркылуу ишти аткарышты делген 53-бригаданын курамын аныктадык. Бул маалыматтар азыр деле социалдык тармактарда бар. Ошон үчүн аны баяндамада колдондук. Ошондой эле кээ бир маалыматтар интернеттеги ачык булактардан алынды.

Катардагы жоокерлер жетекчилик кызматта болбогон соң жүздөрү жашырылып берилген. Бирок алардын түздөн-түз жетекчиси делген, 53-зениттик ракеталык бригаданын командири Сергей Мучкаев ачык көрсөтүлөт. Ошентип Мучкаевден жогорку карай башкы колбашчы, орус президенти Владимир Путинге алып барган схема чийилген.

Bellingcat экипажды жетектөө, “Букту” коштоочу отрядды жабдуу иши Мучкаевдин мойнунда болсо, аскер техникаларын чек ара аркылуу алып өтүү чечими жогорку аскер жетекчилигинин, Кремль, жада калса Путиндин кудуретиндеги жумуш болгону айтылат.

Топтун изилдөөчүлөрүнүн бири Арик Толер “Азаттыктын” орус кызматына маек берип жатып кийинки аракеттери тууралуу кошумчалады:

- Азыр биз каргашанын башка жагдайларын иликтеп атабыз. Мисалы, бир-эки жумада “Букту” кандай унаалар менен алып өтүшкөнүн, ракета каерден атылганын жарыя кылабыз. Орусиялык “Алмаз-Антей” ракета Зарощенское кыштагынан атылган деп атат. Биз ракета эч качан ал жерде болбогонун далилдеп беребиз.

Бул боюнча орус бийлиги өз позициясын айта элек.

Bellingcat өз маалыматтарын Эл аралык тергөө тобуна да жөнөткөнүн билдирди. Австралия, Голландия, Малайзия, Бельгия жана Украина өлкөлөрүнөн куралган Эл аралык тергөө тобунун иликтөөсү ушул жылдын аягына чейин жарыкка чыгары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG