Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

31-январда Малинин президенти туаректердин "Азавадды бошотуу" улуттук кыймылы менен сүйлөшүүнү баштаганга даяр экенин билдирди.

Малинин убактылуу президенти Дионкунда Траоре "Азавадды бошотуу" кыймылы төбөлсүздүк алуу талабынан баш тартышы шарт деп билдирди.

20-январда БУУнун Коопсуздук кеңеши Батыш Африка өлкөлөр союзу - ЭКОВАСтын аскерлерин Малиге киргизүүнү жактады. Бул союзга 16 мамлекет мүчө. Азыр Түндүк Малидеги операцияга француз аскерлери менен бирге Буркина-Фасо, Мавритания, Нигерия жана Чад өлкөлөрүнөн алты миң аскер катышууда.

Франция Малиге үч миң аскер жөнөткөн. Расмий Париж Малинин түндүгүндөгү операцияга катышкан африкалык аскерлердин саны 7,7 миң болушун каалоодо. Британия да Малиге 350 аскерин жөнөтүүдө. Африка cоюзу жума башында Аддис- Абебада өткөн жыйында Мали өкмөтүнө согушчандар менен урушка 50 млн. доллар, ал эми Европа Биримдиги 65 млн. доллар убада кылды.

Өрттөлгөн байыркы маданий дөөлөттөр

Малинин түндүгүндөгү Тимбукту шаарындагы Ахмед Баба атындагы Ислам изилдөөлөр борборунун ичи күйгөн курмушу жыттанат. Китепкананын баалуу кол жазмалар сакталган текчелери уй жалагандай ээнсирейт. Байыркы манускриптер сакталчу кутулар ар жерде бош жатат.

Имараттын алдында өрттөлгөн кагаздардын додо-додо болуп үйүлгөн күлү. Оттон курушуп калган туурасы бир элидей булгаарынын түрмөк таңгактары. Эчен кылым малиликтер көздүн карегиндей сактап жүргөн кол жазмалардан исламчылар ушинтип өч алышты. Мунун баарын согушчандар 31-январда караңгы жамына күзөтөбүз деп келишип, өрттөп жиберишкен. Кол жазмалардын дагы канчасы уурдалганы белгисиз.

Байыркы кол жазмалардын Тимбукту шаардык китепканасындагы көргөзмөсү. 1997

Байыркы кол жазмалардын Тимбукту шаардык китепканасындагы көргөзмөсү. 1997

2009-жылы Түштүк Африка каржылап курулган Ахмед Баба атындагы бул борбордо араб жана Африканын кээ бир тилдеринде жазылган 40 миңдей байыркы кол жазма сакталчу.

Мындан тышкары шаардагы жана ар тарабындагы кыштактарда менчик китепканаларда үй-бүлөлүк мурас ирети 300 миңге жакын тарыхый документтер бар экени айтылат.

Мауро Нобили - Түштүк Африканын Кейптаун университетинин алдындагы Тимбуктудагы кол жазмаларды изилдөө боюнча долбоордун адиси.

“Эгер манускрипттер жок кылынды деген кабар тастыкталса, бул Батыш Африканын тарыхынын чоң бир бөлүгү жок болду дегенди түшүндүрөт. Ахмед Баба институтунда, акыркы эсептөөлөр боюнча кеминде 20 миң байыркы кол жазма сакталууда. Бул Тимбукту чөлкөмүндөгү бардык документтердин бештен бири. Ошон үчүн алар жок кылынса, орду толгус жоготуу болот. Кол жазмалардын аз гана бөлүгүнүн качан жазылганы аныкталган. Адамдардын ырасташынча, кээ бир манускрипттер XIV-XV кылымдарга, атүгүл XIII кылымга таандык. Жылы такталган кол жазмалар негизинен XVII-XVIII кылымдарга таандык. Ахмед Баба институтунда ислам адабиятынан тартып, жергиликтүү, дүйнөлүк тарыхка, укуктук маселелерге, соода келишимдерине тиешелүү документтер жана эл сураган башкаруучулардын бири-бирине купуя жазган каттарына чейин бар. Бул жерде сиз ойлобогон ар түркүн документтер бар” деди М. Нобили.

Бул кол жазмалар - африкалыктар өз тарыхы, маданий дөөлөтү жана адабияты жок, сабатсыз, оозеки чыгармачылыгы гана бар эл болгон деген XIX кылымга чейинки көз карашты төгүнгө чыгарган.

“Кээ бир кол жазмалардын, өзгөчө жеке адамдар тарабынан сакталгандарынын абалы өтө начар. Бул кол жазмаларга тарыхый мурас катары мамиле кылуу 1990-жылдары гана башталды. Батыш Африканын адабият мурастарына мурда көп маани берилген эмес. Себеби Африкада жазма адабияты жок жана Африка өлкөлөрүндө ооз эки адабият гана бар деген түшүнүк абдан күчтүү болгон. Бирок 1990-жылдардан тарта Тимбуктуга дүйнөнүн чар тарабындагы адамдар көңүл буруп, көп акча бөлүнүп, түрдүү долбоорлор иштей баштады”, - дейт Мауро Нобили.

Музейдин кызматкери Ахмед Баба борборунда өрттөн калган байыркы кол жазманы карап жатат. 29-январь

Музейдин кызматкери Ахмед Баба борборунда өрттөн калган байыркы кол жазманы карап жатат. 29-январь

Малинин былтыр аскерий төңкөрүштө кулатылган президентинин Ислам иштери боюнча жардамчысы Махмуд Зубердин Time журналына айтышынча, ислам экстремисттери байыркы кол жазмаларды жок кылышы мүмкүн деген кооптонуудан улам, алардын маанилүү бөлүгү өз учурунда Ахмед Баба институтунан чыгарылып кеткен. Бул маалымат чын болсо, тарыхый мурастар кайда экени азырынча белгисиз.

Анткен менен Ислам Магрибинин “ал-Каидасы”, "Ансар ад-Дин" жана Батыш Африкадагы "Биримдик жана жихад үчүн" кыймылынын согушчандары эмне үчүн баа жеткис мурастарды тыйпыл кылды? - деген суроо турат.

Кыргызстандык араб таануучу, отставкадагы полковник Алимжан Таңырыковдун айтымында:

“Аталган Ислам кыймылдарынын баары Малиде бир гана таза исламды таратып, адамдарды Кудайга ишендирүүнү көздөйт. Алар - варварлар. Алардын атам замандан бери сакталып келген чоң дөөлөттөрдү, руханий байлыкты жок кылганынын себеби мында: элди өздөрүнүн гана айткандарына ишендирүү. Алар чоң мусулман уламалары жазып кеткен китептерди окутпай, адамдарды зомбиге айландырып, өздөрүнө баш ийдиргенди каалайт”.

Франциялык антрополог, кыргыз жана мали элдеринин көчмөн турмушун иликтеген Андре Буржо Малинин түндүгүндөгү ислам маданиятынын архитектуралык дөөлөттөрүн талкалоону кадимки жапайычылык деп мүнөздөйт.

“Будданын айкелдери менен параллель жүргүзүү менимче бир жагынан туура, экинчи жагынан туура эмес. Эмне дегенде будда жана буддизм бул таптакыр башка нерселер. Бирок Тимбукту шаарында, мисалы, күмбөз, айкелдер исламга жатпайт делген башка жайлар, көрүстөндөр талкаланган. Бул жагынан, ооба, окшоштуктар бар. Мен варвардык деген сөздү бекер жеринен колдонгон жокмун. Шариятты орто кылымдагыдай кылып күч менен таңуулап жатышат. Жакында эле эл аралык деңгээлде белгилүү Ахмед Баба илимий изилдөө борборундагы исламга чейинки кол жазмаларды өрттөп жиберишти. Баа жеткис, эбегейсиз маанидеги мурас жок болуп кетти”.
Женне шаарындагы жаами мечити, 17-сентябрь 2012

Женне шаарындагы жаами мечити, 17-сентябрь 2012


Малилик радикал-исламчылар ошондой эле музыканы тыйып, аялдарды бети-башын чулгатып, кыздардын балдар менен бир класста окуусуна тыюу салган. Мунун баарына көз салуу үчүн ооган талиптери таризде адеп-ахлак полициясын түзгөн.



Мауро Нобили диний экстремисттер Ливияда, Тунисте, Сомалиде да ушундай эле аракеттенгенине көңүл бурду:

“Алар Тимбуктуда суфийлердин көптөгөн саганаларын кыйратышты. Мали көтөрүлүшчүлөрү баскынчылыгын баштагандан бери азиз-олуялардын Тимбуктудагы көптөгөн ыйык жайлары талкаланды. Диний экстремисттер Сомалиде да ушундай эле феноменди жаратууда. Полковник Каддафи кулатылгандан кийин Ливияда да ушундай болууда. Тунисте да күмбөздөрдү талкалоо аракети болду. Бул бардык жактардагы салафилерге ыктаган фундаменталисттик кыймылдарга мүнөздүү көрүнүш.

Айрыкча күмбөздөрдү бузуп-талкалоо коркунучу күчтүү. Күмбөздөр касиеттүү мусулман олуяларына тургузулган. Ага карабастан, шарият боюнча андай күмбөз - саганалардын баркы жок. Олуялардын саганалары көбүнесе жергиликтүү зыяратчылар таат ибарат кылчу жайга айланат. Бул азиз-олуялар элди Кудайга таат кылуудан алаксытат деген идеяны карманган фундаменталисттер келишкис көйгөйлөрдүн бири”.

Малинин түндүгүндөгү согушчул топтор

Малинин түндүгүндөгү көтөрүлүшчүлөрдүн уюткусун үч топ түзөт. Биринчиси - Магриб исламынын "ал-Каидасы". Алжирлик салафисттердин таасири астында 2007-жылы түзүлгөн бул топ Алжир аскерлерине кол салуусу, айрыкча, Сахел аймагына кирген Мали, Нигерия, Мавританияда Батыш жарандарын уурдаганы менен белгилүү. Алар негизги кирешени маңзат, курал жана адам аткезчилиги менен соодадан алат.

Экинчиси - туаректер башындагы “Ансар ад-Дин”. Салафичил бул топ өлкө таза исламды орнотууну каалайт. "Ройтерс" агенттигинин маалымдашынча, "Ансар ад-Дин" оболу талиптер сыяктуу эле уурулукту тыйып таанылган. Лекин, шариат мыйзамдарын орнотуп, азиз-олуялардын саганаларын буркан деп, андай жайларга зыярат кылганды тыйгандан кийин эзели байистүү исламды тутунган элди өзүнө каршы коюп алган.

Үчүнчүсү - "Батыш Африканын биримдиги жана жихад үчүн" кыймылы. Бул үчөөнөн башка да Сухал зонасында адамдарды уурдап, өкмөттүк мекемелерге кол салган "Хамад ак-Кайри" жана "Ахмад ат-Тилемси" уюмдары бар. Акыркы экөөнүн лидерлерин Вашингтон былтыр террорчулардын кара тизмесине кошкон.

Булардын баары 2011-жылы Нигериянын борбору Абужадагы БУУнун кеңсесин жардырган “Боко Харам”, ошондой эле Ливияда шарият башкаруусун орнотууну максат кылган “Ансар ас-Шария” куралдуу топтору менен кызматташат.

​Малинин түндүгүндө аракеттенген үч негизги топко туаректердин былтыр түзүлгөн "Азавадды бошотуунун" улуттук кыймылын да кошуу керек. Бул кыймылды 2011-жылы октябрда Муаммар Каддафинин режими кулатылгандан кийин Ливияны калтырган туаректер менен ислам радикалдары чогуу түзөт.

Жикчил жаңы кыймылдын региондогу радикал топтор менен кошулуусу - алардын эл аралык ислам уюмдарынан аскерий-экономикалык жардам алуусуна өбөлгө болуу менен салафичилердин таасирин күчөтөт. Алар 2012-жылы январда Мали өкмөтүнө каршы согуш ачып, апрелде Түндүк Малиден өкмөттүк күчтөрдү кууп чыгып, "Азавадды" эрктүү деп жарыялайт.

Адаватчылардын жеңишине капитан Амабу Сангу башындагы бийликке нааразы аскерлердин мартта демократиялык жол менен шайланган Амаду Тумани Турени президенттиктен алып түшүүсү да огожо болду. Орто кылымдык катаал диний тартипке чыдабай Малинин түндүк бөлүгүн 400 миңден ашуун адам калтырып кетти.

Мали 1960-жылы Франция оторчулугунан төбөлсүздүк алгандан эки жылдан кийин туаректер биринчи ирет күнкорсуз болобуз дешип, көтөрүлүп чыккан. Ал эми экинчи жолу 1990-жылы, 2006-жылы үчүнчү жолу адаватка чыккан. Бирок акыркы жолу козголуш “ал-Каиданын” баш көтөрүүсүнө дал келип, эл аралык коомчулук жакшы көңүл бурбай калган.


"Азавад" кайдан кубат алды?

"Азавад" – бул туаректердин козголоңунан башат алган саясий уюм. Бирок алар жихадчылардын куралдуу топтору менен биргелешип, Мали армиясына чабуул коюп, Тимбукту, Гао жана Кидал өңдүү шаарларды өздөрүнө кайтарып алышкан.

Франциянын улуттук изилдөөлөр борборунун изилдөөчүсү, Мали боюнча адис Андре Буржо Малидеги азыркы окуяларды бир нече контексттен кароону сунуш кылат.


​Франциялык антропологдун сөзүнө кыргызстандык араб таануучу Алимжан Таңырыковдун пикири да үндөшүп турат.



Мали республикасы (République du Mali) - Батыш Африкадагы мамлекет. 1960-жылы 22-сентябрда Франциянын оторчулугунан бошонуп, көз карандысыздыгын жарыялаган. Баш калаасы Бамако, расмий тили - француз. Калкы 14,5 миллион. 1968, 1991, 2012-жылдары өкмөттүк төңкөрүштөр болгон. Мали - дүйнөдөгү эң жарды өлкөлөрдүн бири. Калктын 36% өтө жакыр, улуттук экономика эл аралык жардамга көз каранды.

  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" штаттан сырткаркы журналисти. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG