Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:03

Колумбиялык жазуучу, Нобел сыйлыгынын лауреаты Габриэл Гарсиа Маркес 6-мартта дүйнө салды. Адабий дүйнөдө Маркести испан тилдүү жазуучулардын 17-кылымда өткөн Сервантестен кийинки эң таанымалы деп айтышат.

Ошол эле учурда Маркести Чарльз Диккенс, Лев Толстой, Эрнест Хемингуэй, Карлос Кастанеда, Умберто Эко сыяктуу алптардын катарына кошуп жүрүшөт. Бул албетте, табитке жана дүйнө тааным, интеллектке да байланыштуу маселе деңизчи. Адабиятчылар Габриэл Гарсиа Маркести “магиялуу реализмдин” түптөөчүсү деп аташат. “Магиялуу реализм” деген эмне? Ал эмне үчүн Кыргызстан же Казакстанда эмес, Латын Америкасында жаралды?

Бул жана башка суроолордун айланасындагы талкууга казак жазуучусу, киносценарист Смагул Элүүбай, окумуштуу, публицист Осмонакун Ибраимов жана адабиятчы мугалим Садык Алахан катышат.

С. Алахан: Бир нерсе тегин жайдан пайда болбойт. Г. Маркестин дүйнөлүк адабияттын туу чокусуна чыгуусунун бир нече себеби бар. Албетте, бул “жараткан берген талант”. Маркесте эч кимдикине окшобогон нукура талант болгон. Экинчиден, 20-кылымдын экинчи жарымындагы Латын Америка континентинин тарыхый, социалдык-экономикалык өнүгүшүнөн жаралган талант. Үчүнчүдөн, континенттин адабиятынын өнүгүүсү. Маркеске чейин Мигел Аструиас Нобель сыйлыгын алган. Аманда Карпентердин романдары бүтүндөй Батыш Европаны багындырган эле... Алардын ичинен асмандагы жылдызы жанган бирөө - ал Маркес болду. Карпентер Латын Америкасынын адабиятын “фантастикалык реализм” деп атаса, Маркестин улуу чыгармалары менен дүйнө адабиятында өзүнчө багыты - “магиялуу реализм” пайда болду. Ал дүйнөнү көркөм кабыл алуунун жана түшүндүрүүнүн жаңы ыкмасы.


С. Элүүбай: 20-кылымдын экинчи жарымында дүйнөлүк адабиятта чоң өзгөрүүлөр болду. 19-кылымдагы классикалык адабияттын ордуна өзгөчө адабият жаралды. Таң калычтуусу, анын башында “Жүз жыл жалгыздыкта” романы менен Г. Маркес турду. Анын артынан Пауло Коэльо келди. Романдын жаңыча формасын Америкадан соң Советтер Союзунда Ч. Айтматов, Б. Акунин сыяктуу жазуучулар илип кетти шекилдүү. 20-кылымдын экинчи жарымында бүгүнкү прозанын формасы, көркөм стили, негизи калыптанды. 21-кылымдын башындагы проза – бул Г. Маркес, Ч. Айтматов, П. Коэльо калыптаган проза.

О. Ибраимов:
Г. Г. Маркес Латын Америкасынын 20-кылымдагы руханий жактан жарыша өсүп, чоң деңгээлге жетүүсүнүн символдуу көрүнүшү деп айтсак болот. Маркести дүйнөлүк адабияттын алптарына кошкон бир чети туура. Ошол эле учурда Латын Америка адабияты дүйнөлүк адабияттан, мисалы, француз жана англис адабиятынан бир аз өзгөчө адабият. Маркес 19-20-кылымдардагы белгилүү орус жазуучуларынан да кескин айырмаланып турат. Ошондуктан Габриэл Маркести 20-кылымдагы Түштүк Америка адабиятынын эң жаркын үлгүсү дээр элем.

"Азаттык": Маркеске катар эле акыркы элүү жылда Латын Америкадан кеминде беш жазуучу Нобель сыйлыгын алды окшойт. 1950-70-жылдары адабият майданына жашоону мифологиялык ой жүгүртүү, фольклордук аң-сезим аркылуу чагылдырган перулук Марио Варгас Льоса, мексикалык Хуаном Рульфо, парагвайлык (Роа Бастос А.) Аугуст Роа Бастос, аргентиналык (Кортасар Х.) Хулио Кортасар жана башка жазуучулар чоң толкундай чыгышты. Кыргыз жана казактардын “Эр Төштүк” эпосун же “ Манастагы” апыртмаларды, чындыкка коошпогон окуяларды алсак, легендаларды, мифологиялык сюжеттерди кеңири пайдаланган “магиялуу реализмдин” жаралышы үчүн кыргыз жана казак адабиятында толук негиз бардай. Бирок, магиялуу реализмдин Латын Американын адабий кыртышында жаралуусу континентте өнүккөн капиталисттик мамилелерге катар байыркы патриархалдык түзүлүштүн сакталуусуна, жазуучулардын кыштак жеринде төрөлүп-өсүүсүнө байланыштуубу?

С. Элүүбай:
Ч. Айтматов “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повесттеринде жана “Кылым карытар бир күн” романында мифологиялык сюжеттерди пайдаланды. 19-кылымдагы жана 20-кылымдын башындагы проза өмүрдүн стандарттарынан көп чыкпаган реалисттүү проза болду. Мифологиялык окуялар автордун оюн окурманга жеткирүүнүн кереметтүү куралы. Ал Латын Америка жазуучуларына, Борбор Азия калемгерлеринен Айтматовго чоң мүмкүнчүлүк берди деп ойлойм. Алар философиялык, публицистикалык ойлорду айтуунун жаңы түрүн алып келишти. Мурунку классикалык прозада ал жок болчу.


"Азаттык": Г. Маркес менен Ч. Айтматовдун мифологиялык элементтерди колдонуу өзгөчөлүгүндөгү окшоштуктар жана айырмалар кандай? Эки жазуучуну салыштыруу аракети канчалык жүйөөлүү? Габриел Маркестин коштошуу керээз каты чынбы же фальсификациябы?

О. Ибраимов: Ч. Айтматов менен Г. Маркестин ортосунда параллель жүргүзүү, окшоштук издөө дайыма эле туура метод деп ойлобойм. Себеби, Айтматов өз чыгармаларында көбүнчө реалисттик негизге таянып, фольклордук чыгармаларды философиялык оюн айтуу үчүн кошумча элемент, кошумча таяныч катары пайдаланат. Маркес “Жүз жыл жалгыздыкта” романында бир нерсе жөнүндө баяндап баратып эле жер үстүндө болушу мүмкүн эмес окуяларды аралаштырып кете берет: бир четинен апыртма, экинчи четинен сыйкыр сыяктуу нерсени аралаштырып жаза берген...

С. Алахан:
Маркес менен Айтматовду салыштыра берүү жасалмалуулукка алып келет. Себеби, Маркестин чыгармаларын окусак, анын магиялуу реализми Кариб деңизинин жээгиндеги элдин турмушунан алынганы көрүнүп турат. “Жалгыздыктын жүз жылы” романында 1 жыл, 4 ай, 26 күн жамгыр жаайт. Буга эмне деп таң калуу керек!?

Маекти колумбиялык таанымал поп-ырчы Хуа́нестин сөзү менен жыйынтыктасак: «Арабыздан бардык улуу адамдар өтөт. Бирок Маркестин өлбөс легендалары кала берет!”.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG