Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:49

Ташкентте медиктер бийликке каяша айтты


Өзбекстандагы медициналык кызматкер
Өзбекстандагы медициналык кызматкер

Өзбекстандын баш калаасындагы "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери бийликке нааразы. Алар таарынычын 19-июлда президентке ачык кат аркылуу билдиришти.

Дарыгерлер бийликтин адилетсиз мамилесинен улам өлкөдө коронавируска чалдыккандар көбөйүп жатат деп эсептешет.

Ташкент шаардык "Тез жардам" кызматы акыркы төрт айдан бери кошумча айлык албаганын ачык айтып чыгышты. Алар күнү-түнү иштеп, коронавирус жугузуп алган медиктерге да кенемте төлөнбөгөнүн жашырышкан жок. Алардын социалдык тармактарга жарыялаган ачык катында минтип жазылган.

"Биз төрт айдан бери пандемия шартында иштеп жатабыз. Төрт айдан бери бир да кошумча акы албадык. Тескерисинче, айлыгыбызды кечиктирип берип атышат. Ар бир 14 күн сайын баарыбыз коронавируска тест тапшырып турушубуз керек эле. Бирок төрт ай ичинде бизден бир гана жолу тест алышты. Балким арабызда вирусту жуктуруп алып, бирок жыгылбай иштеп жаткандар бардыр. Биз да адамбыз, иштен кийин үйүбүзгө, үй-бүлөбүзгө барабыз. Качанга чейин элеңдеп, коркуп жашайбыз?", -деп жазылган медиктердин катында.

28 жаштагы Бахтияр төрт айдан бери Ташкенттеги №10 "Тез жардам" кызматынын атайын бригадасында иштеп келет. Вирус жуктуруп алып, акыркы беш күндөн бери ооруканада жатат. Ал президентке ачык кат жазган кесиптештерине кошуларын билдирди.

"Төрт айдан бери бардык суткалык нөөмөтүбүз саналганда президент убада кылган кошумча айлыкты төрт жолу алмакпыз. Андан сырткары президенттин атайын буйругу менен дарыгерлердин ар бир күндүк айлыгына 6% кошумча төлөнүшү керек эле. Бирок ал кошумча акы бизге эки жолу гана төлөндү. Андан сырткары иш учурунда вирус жуктурган дарыгерлерге 100 миллион сумдан, тагыраагы 9800 доллардан кенемте төлөнүп берилмек. Мен ушу күнгө чейин бир тыйын да ала элекмин".

Өкмөттүн убадасына таянган жаш дарыгердин эсеби боюнча ага төрт ай ичинде жалпысынан 177 миллион сум же 17.5 миң доллар төлөнүш керек экен. Мунун - 100 миллион суму кенемте, 75 миллион суму төрт айдан берки карантин шартындагы эмгеги үчүн төлөнө турган кошумча айлык жана ар бир иштеген күнү үчүн төлөнө турган 6% кошумча акы.

"8-июлда тест тапшырдым. "Вирус жуккан" деген жыйынтыгын 14-июлда алдым. 15-июлда мени ооруканага жаткырышты. Үй-бүлөмдү тесттен өткөрүү үчүн ортого салбаган таанышым калбады. Андан бери алты күн өтсө да жыйынтыгы чыга элек. Эки айлык кызым менен аялым ооруп, үйдө дарыланып жатышат".

Ташкенттеги "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери кошумча айлыктардын төлөнүшүн, дарыгерлерден бат-бат тест алып турууну жана аларды коргоочу кийимдер менен камсыздоону талап кылып, прокуратурага, омбудсменге жана президенттин сайтына кат жазышкан.

Ташкенттин "Тез жардам" кызматында иштеген дарыгерлердин талабы боюнча саламаттык сактоо министри жооп бере элек. Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев медицинадагы кемчиликтерди мойнуна алып, саламаттык сактоо министрине жана Ташкент шаарынын мэрине сөгүш берген эле.

19-июлдагы теле жыйында Мирзиёев ар бир медициналык мекемелердин короосуна касса орнотуларын, айлыктары өз убагында берилип турарын убада кылган. 20-июлда өзбек өкмөтү "Тез жардам" кызматында иштеген ар бир кызматкерге 100 доллардан 250 долларга чейин кошумча акы төлөө тууралуу токтом чыгарды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG