Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:43

Евразиядагы “орто тап” же коомдун бул катмарына кошулганы тургандар өз өлкөлөрүндөгү өкмөткө көп деле таасир эте алышпайт. Эмне үчүн региондогу калктын ортоңку катмары алсыз?

Батышта орто тап демократиялык жолдо туруктуу өнүккөн коомдун күчтүү колдоочусу катары каралат.

Америка Кошмо Штаттарында, мисалы, жалпы калктын 60% ушу катмарга кошуп жүрүшөт. Ага киргендер мугалимби, полисменби, башкаруучубу, айтор, өз тармагынын мыкты адистери. Алар миллиарддаган доллар салык төлөшөт, өздөрүнүн мамлекетин ким кантип башкарышы керектигин чечүүдө маанилүү роль ойношот.

Бирок Балкандан Орусия, Ооганстанга чейинки Евразиядагы орто тап азырынча өтө эле алсыз бойдон калууда.

Аны алсыраткан жагдайлардын бири соңку бир топ жылдардагы системанын бузулушу менен түзүлгөн кырдаал менен байланыштуу. Маселен, Советтер союзунда коммунисттик режим кыйрады. Социалдык жактан өйдөрөөк турган катмардын да өкмөткө жараша көзкарашы Батыштагыдан башкачараак калыптанды.

Орусиядагы коом пикирин иликтөөчү “Левада” социологиялык борборунун адиси Борис Дубин өз өлкөсүндөгү абал боюнча: “Алар демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшкөн күчтөрдү эмес, 2000-жылдардан кийин калыптанган социалдык-саясий жагдайды колдошот. Бул –авторитардык жагдай. Анда бийлик мүлктөн ажыратылган эмес, бийликтегилер бир эле учурда мүлктүн ээлери”, - деп айтты.

Бул катарга ал Орусиядагы ири шаарларда жашаган жаштарды кошту.

Көптөгөн байкоочулар буга чейин мурдагы коммунисттик режимде көбүрөөк диссиденттик абалда болгон интеллигенциянын өкүлдөрү жаңы орто тапты түзүшөт деп эсептешкен. Андай болбоду.

Башка мамлекеттерде да орто таптын калыптанышына кедерги болгон түрдүү себептер бар.

Иранда 1979-жылкы ислам революциясын айтса болот. Ыңкылаптан кийин 2-3 миллиондой жогорку билимдүү адис Европага, Америкага жана башка жактарга көчүп кетти.

Балканда, Ооганстанда жана Иракта согуш болду, же дале уланып жатат. Кайра эле миллиондогон адам башка жактарга кетип калды же үй-жайсыз калды. Ирактын орто табынын 40% сыртка чыгыш кетти.

Мына ушунун айынан аймакта коомдун бул катмары алсызданып, демократиялык баалуулуктарды алдыга сүрөчү адамдар азайды, Батыш болсо потенциалдуу өнөктөштөрүнөн айрылды.

Мунун кесепети даана байкалууда. Бийликке автократтар келишти, оппозициялык партиялар күчтөн тайышты. Башкаруучу элита менен жакыр элдин турмушунда ажырым кеңейди.

Орто тап дайыма демократиялык баалуулуктардын коргоочусу катары белгилүү болуп келген. "The Economist" журналы былтыр жазганына караганда, дүйнө боюнча өзүн бул катмарга кошкондор демократияны колдой тургандыгын айтышкан. Украинада болсо орто таптын 65% акыйкат шайлоолордун болушун “өтө маанилүү” деп белгиледи. Ушул эле мамлекетте жакыр калк демократия анча маанилүү эмес деген.

Анткен менен орто тапты башкача түшүнгөндөр да бар. Тажикстанда, маселен, мугалимдер эң аз айлык алгандардын катарында. Алар жайкысын Орусияга мигрант болуп кетишет да, окуу жылы башталганда кайра мектепке ишке келишет, анткени бул аларга орто таптын өкүлү деген статус берет.

Тажикстандык мугалим Халим Шукруллоев: “Кантип түшүндүрсөм... Мага мектепте айрым иштерди жасаганга, анан транспортто жүргөнгө акча керек. Ошон үчүн сезондук иш деп Москвага барам. Ал жакта, мектептеги айлыкка караганда, алда канча көп акча иштейм. Ал жашоого керектүү нерселерге жетет. Анан кайра мектепке кайтам”.

Евразияда өздөрүн экономикалык дурус абалы үчүнбү, жогорку билими үчүнбү, айтор, орто тапка кошкондор баары бир таасирдүү саясий күчкө айлана элек. Ага эмне себеп – келерки макалада айтып беребиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG