Жети-Өгүз районундагы Жууку ашуусунда 8-июлда мөңгү көчүп, көлөмү 2 миллион 11 миң 500 куб метрди түздү. Мындан бир нече күн мурда Италиядагы Альпы тоолорундагы мөңгү көчкөн. Дүйнөлүк окумуштуулар бул окуялардын себибин климаттын өзгөрүшү, аба ырайынын ашыкча ысып жатышы, ошол эле учурда өндүрүштүн тескери таасири менен байланыштырууда.
"Мөңгүнүн алдында калмак экенбиз"
Британиялык турист Гарри Шиммин 8-июлда Жети-Өгүздөгү көчкүнү видеого тартып алып, кийин бул кадрлар дүйнө окумуштууларынын, климатологдордун кызуу талкуусуна түштү. Видеодон туристтер өтүп бара жаткан маалда тоодон көчкөн мөңгү өрөөндү каптаганын көрсө болот.
Кийин Гарри Шиммин окуя тууралуу өзүнүн Инстаграм баракчасына жазды.
"Тогуз британиялык, бир америкалык турист жергиликтүү гиддер менен чогуу Кыргызстандагы Тянь-Шань тоолорун кыдырып жүргөнбүз. Сапарыбыздагы эң бийик чокулардын бирине жетип, биздин топ бириндеп, кооз аска-зоолорду сүрөткө, видеого тартып жаткан элек. Артымдан аябай катуу добуш чыкты. Ошондо видеого тартып баштадым. Жалама зоонун түбүндө турган элем, ылдый жагымда кар көчкүдөн жашынганга ыңгайлуу үңкүрдү байкадым. Мөңгү көчүп, бизди көздөй агылганда акыркы секундга чейин видео тарта берип, кар массасы мага жеткени калганда гана үңкүргө качып кирдим. Өмүрүмдү тобокелге салганымды билип эле турдум. Бактыга жараша мени аз эле кар басты, эч жерим оорубай, аман-эсен калдым. Биздин топ тирүү калганыбызга аябай сүйүнүп, ыйлап жибердик. Бир аял тизесинен жараат алыптыр. Аны атка мингизип, ылдый алып түштүк. Эгер биз бул жолдон беш мүнөт эрте өтсөк, анда мөңгүнүн алдында калмак экенбиз".
Бул окуя Борбор Азиядагы жыл сайын катуу эрип жаткан мөңгүлөрдүн абалы тууралуу талкууларга жем таштап, дүйнөдөгү гляциолог, окумуштуулар өз пикирлерин билдирүүдө.
"Альпы менен Жуукудагы мөгүнүн көчүшүнүн себеби бир"
АКШдагы Миннесота университетинин суу, климат жана кыртыш боюнча окумуштуусу Питер Нифф Жуукудагы мөңгү көчкөн окуядан туура беш күн мурда Италиянын Альпы тоолорунда да дал ушундай окуя болгонун белгилеп, бул эки окуянын ортосундагы байланышка токтолду.
Илимпоздун айтымында, жылуу өткөн кыш, жайкысын ашыкча ысыган аба ырайы муз катмарларынын тоодон ажырап, өрөөнгө көчүшүнө шарт түзүүдө.
"Италиядагы жана Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн көчүшүнө себеп болгон факторлорду тыкыр иликтеп, бул экөөнүн ортосундагы байланышты таап чыгуу үчүн убакыт, көп жумуш талап кылынат. Эгерде эки окуянын себеби - абанын ашыкча ысышы болуп чыкса, анда таң калбай деле койсок болот. Абанын ысышы азыр мөңгүлөр менен муз катмарларын эритип жатканы анык. Тянь-Шань тоолору Альпы тоолоруна салыштырмалуу деңиз деңгээлинен бийик жайгашканы менен андагы муз катмарлары башка аймактарга салыштырмалуу өтө тез эрип жатканын спутниктен тартылган сүрөттөрдөн көрсө болот. Жууку ашуусундагы мөңгүнүн көчүшүнө ага жакын жайгашкан кен казуу ишмердиги себеп болушу мүмкүн деген божомол да чындыкка жакын. Себеби, өндүрүш маалында аябай көп өлчөмдө минералдык чаң чыгып, ылдыйкы кар массаларын каптайт эмеспи. Бирок мөңгүнү талкалаган эң башкы фактор - абанын ысышы менен бул тоо кыркаларындагы суунун курамынын өзгөрүшү экенин баса белгилегим келет. Буга чейин 2016-жылы Тибетте эки мөңгү көчүп, Жуукудагыдан 40 эсе чоң кар көчкү жүргөн. Кыргызстандагы мөңгү көлөмү боюнча Италиядагыдан 20 эсеге чоң, демек экинчи орунда турат десек болот", - дейт Питер Нифф.
3-июлда Италиядагы Альпы тоолорунда көлөмдүү мөңгү көчтү. Андан жети адам каза таап, сегиз адам жарадар болуп, үчөө оор абалда ооруканага жеткирилген.
Кырсык болгон жерде куткаруучулар бир нече күн тик учак менен дайынсыз жоголгондорду издеди.
Мармолада деп аталган мөңгү Италиянын батыш бөлүгүндөгү Альпы тоолорунун Доломит кыркаларында жайгашкан. Мармоладанын бийиктиги 3300 метр. Бул тоо кыркаларына жайы-кышы чаңгы тепкен туристтер көп барат, мөңгү алдында калгандардын арасында чет өлкөлүк туристтер да болгон.
Италиянын куткаруу кызматынын өкүлү Вальтер Милан бул трагедиянын чыныгы себебин аныктоо алдыда деп билдирген. Бирок быйыл Европадагы адаттан тыш абанын ысышы Альпы тоолорундагы мөңгүнүн көчүшүнө себепкер болушу мүмкүн экенин болжогон. Анын айтымында, акыркы айларда тоодогу аба +10 градустан жогору ысыган.
Жууку ашуусунда көчкөн мөңгүдөн тышкары Кыргызстанда бул сыяктуу муз катмары бүлүнүп көчүп түшкөн учурлар расмий катталган эмес. Бирок акыркы жылдары өлкө аймагындагы мөңгү аянтарынын кыскарып жатканы байкалган.
Космостогу эл аралык Landsat-8 спутнигинин 2013-2016-жылдары тарткан сүрөттөрү боюнча Кыргызстандын аймагында 9 959 мөңгү катталып, 6 683,9 чарчы чакырым аянтын ээлеп турат.
Буга чейин XX кылымдын 40-70-жылдарында өлкөдө 8 164 мөңгү катталып, анын аянты 7 944,2 чарчы чакырым экенин такталган.
Эки статистиканы салыштырсак, өлкөдө мөңгүлөрдүн саны акыркы жылдары көбөйгөн, бирок аянты кыскарып жатканын көрүүгө болот.
Кыргызстандык эколог Анара Султангазиеванын пикиринде, мындай жаратылыш кырсыгына глобалдык ысыктан тышкары адам фактору да себеп болууда.
"Тоодогу кен байлыктарды казып алууда жаратылышка ырайымдуу мамиле кылып, биздин келечек муундарга таза экологияны өткөрүп берүү үчүн мамлекеттик деңгээлде стратегиялык программалар болушу зарыл. Азыркы тапта кен байлыктарды жаратылышка коопсуз казуу жаатында бир топ заманбап ыкмалар бар. Балким, ошолорду колдонушабы же таптакыр аларга тийбей койобу, бир чоң план керек. Бүгүн эле баарын акча үчүн талкалап алсак, келечек жашоо кыйын болуп калат. Илимпоздордун айтымында, акыркы 200 жылдан бери климат 1,5 градуска ысыды. Алдыдагы 100 жылда дагы 4,5 градуска ысыйт деп божомолдошууда. Климаттын мындай ылдам ысышына адамдын турмуш-тиричилиги таасир этип жатканы айдан ачык да. Дүйнөдө калктын саны көбөйүп, азыр 8 миллиардга жетип калдык, ушундан улам техногендик терс таасирлер күчөдү. Минтип отурсак, биз мөңгүлөрдөн ажырап калабыз. Дүйнө илимпоздорунун айтымында, келерки 100-130 жылдын ичинде таптакыр мөңгүлөр калбай калат".
"Бул көрүнүш өтө опурталдуу"
27-майда Geophysical Research Letters аттуу илимий басылмага акыркы 35 жылда Борбор Азиянын климатына жасалган изилдөө жарыяланды. Анда Кытай, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын аймагындагы жаратылыштын өзгөрүүсүнөн улам алдыдагы он жылдыкта аймактын көп бөлүгү чөлгө айланары жазылган.
Илимий топ 1996-жылдан бери аймактагы аба ырайын спутниктен алынган маалыматтар аркылуу байкоого алып, жыл сайын өзгөрүп жаткан климат Борбор Азияны бара-бара чөлгө айлантып жатканын аныкташты.
Илимпоздор 1990-жылдардан тарта Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанда метеорологиялык бекеттер толук кандуу иштебей калгандыктан, Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун жана спутниктен алынган маалыматтарга гана таянганын айтууда.
Изилдөөнүн авторлорунун бири Чи Стивен Ху "Азаттыкка" азыркы тапта өтө ылдам эрип жаткан мөңгүлөр дыйканчылыкка убактылуу эле пайдасын тийгизип, келечекте суу тартыштыгына жол ачарын белгиледи.
"Биз бул изилдөөдөн мөңгүлөр жайгашкан бийик аймактарда климат барган сайын ысык жана нымдуу болуп бара жатканын аныктадык. Нымдуу дегеним жамгыр, кар аралаш жааган учурлар көп болууда. Ысыктан улам мөңгүлөр тез эрип, нымдуулук жогорулоодо. Ушундан улам Борбор Азиянын тоолорун каптаган мөңгүлөр өтө тез эрип жатат. Албетте, бул жергиликтүү дыйкандар үчүн убактылуу пайдалуу болушу мүмкүн. Суунун кору көбөйөт, дарыялар толот дегендей. Бирок мөңгүлөр жыл сайын азайып, кичирейип, көчүп жана жоголуп бара жатат. Бул көрүнүш алдыдагы жылдар үчүн өтө опурталдуу. Себеби, силер жашаган аймактагы катуу эриген мөңгүлөр жоголууда, суу запастары мындан бир нече жылдан кийин өтө тартыш болот. Дыйканчылык менен жашаган чөлкөм үчүн бул бир топ кыйынчылыктарга, ал тургай азык-түлүк тартыштыгына жол ачат".
"Суунун негизги булагы - мөңгүлөр"
Президент Садыр Жапаров 2021-жылы ноябрда Шотландиянын Глазго шаарында климаттын өзгөрүүсүнө арналган саммитте Кыргызстандагы мөңгүлөрдү сактап калуу маселесин көтөрүп, дүйнө коомчулугунан жардам сураган. Ал өз кайрылуусунда, Борбор Азиядагы тоолуу аймактарда жашаган адамдар климаттын өзгөрүүсүнөн жабыр тартып жатканын, айрыкча мөңгүлөрдүн эришине "экономикалык абийирсиз" ишмердүүлүк себеп экенин белгилеген.
Кыргызстанда 2017-жылы Суу кодексине өзгөртүү кирип, мөңгүлөрдү сактап калуу боюнча атайын нускамалар берилген. Эколог Калия Молдогазиева мөңгүлөрдү сактоо боюнча дүйнөдөгү тажрыйбаларга токтолду:
"Мындай мисалдар дүйнөдө болуп келген, Аргентинада мөңгүлөрдү коргоо боюнча мыйзам кабыл алынып, катуу көзөмөл менен ишке ашып келет. Алардын калкы үчүн мөңгү аябай маанилүү. Аргентинада таза суунун жалгыз булагы мөңгүлөр болгондуктан, мамлекет да, эли да мөңгүнү коргоого өзгөчө көңүл бурушат. Бизде болсо суу ресурстарынын үч ар түрдүү булагы бар: биринчиси мөңгүлөр, экинчиси дарыялар жана үчүнчүсү жер алдындагы суу запастары. Ошентсе да суунун эң негизги булагы - мөңгүлөр".
Борбор Азиядагы Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматына таянсак, соңку 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 16% чейин азайды. 2100-жылга барып майда мөңгүлөр толугу менен эрип жок болуп, ак кар, көк муздун аянты 50% чейин кыскарышы мүмкүн. Соңку 50 жылда мөңгүлөрдүн аянты 6683 чарчы чакырымга же 16-17% кыскарып кеткени белгилүү болгон.