Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:26

Франгулян: Мен образды эркин жараттым


Скульптор Франгулян өз өнөрканасында, 28-октябрь, 2013-жыл

Скульптор Франгулян өз өнөрканасында, 28-октябрь, 2013-жыл

Орусиянын Эл сүрөтчүсү Георгий Франгулян Брюсселдеги Пушкиндин, Антверпендеги Петр 1-нин, Москвадагы Окуджава менен Бродскийдин айкелдерин жасаган.

Өткөн жумаларда Москва шаарындагы Чет элдик адабият китепканасынын алдында Чыңгыз Айтматовдун айкели ачылган. Бирок бул эстелик тууралуу кыргыз коомчулугунун пикири бир кылка эмес. Учурда интернет колдонуучулар жана интеллигенция чөйрөсүндө ал кызуу талкууланып, аёосуз сынга кабылууда. Буга байланыштуу “Азаттык” чыгарманын автору Орусиянын Эл сүрөтчүсү Георгий Франгулян менен маектешти.

- Георгий Вартанович, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин жасоого эмне түрткү болду? Жазуучу менен жакындан тааныш белеңиз дегеним.

- Мен көп учурда буюртма бергендер да, элесин түшүрчүлөр да таасирдүү адамдар болсо сунушту жан дилим менен кабыл алам. Азыркы жагдайда ушунун баары төп келди. Эстеликтин кай жерде тураарын укканда абдан кубандым. Чыңгыз Айтматовго татыктуу жер, татыктуу чөйрө. Бул мага оюмду ишке ашырууга өбөлгө болду.

- Жазуучу тирүү кезде ага жолуга алдыңыз беле?

- Ооба, 1999-жылы Брюсселде Пушкиндин эстелигин ачып жаткан кезде жолуктук. Ал кезде Айтматов Кыргызстандын Белгиядагы элчиси эле. Протокол үчүн да, чыгармачылык байланыш үчүн да ал аземге катышкан. Банкет учурунда жаныма келип, эстелик өзү үчүн “биринчи Пушкин” болгонун айтты. Бул мен үчүн күтүлбөгөн, сыймыктуу мактоо эле. Андан кийин бир аз пикир алышып, фужер кагыштырганбыз. Эсте калаарлык жагымдуу маек болгон.

- Эмгегиңизди ишке ашырууга эмне негиз болуп берди? Сүрөт же видеого таяндыңызбы?

Эстеликтин ачылышы, 24-октябрь, 2013-жыл

Эстеликтин ачылышы, 24-октябрь, 2013-жыл

- Мен ал кишини жакшы эстеп калыптырмын. Бет түзүлүшү жазы, эрктүү жана сулуу киши болчу. Анын келишимдүүлүгүн кайталангыс деп айтсак да жарашат. Ишке киришээр астында интернетти ачып, карап чыктым. Бери дегенде миңге жакын сүрөтү бар экен. Бирөөнү эле тандап алдым деп айтпайм. Бул чогултулган образ. Экинчиден, мен фотографияны дал өзүндөй кылып көчүрбөйм. Жөн гана көз жүгүртөм, анан кандайдыр бир элес пайда болот. Ошону жүзөгө ашырам.

- Кыргызстанда сиз жасаган бюстту катуу сындап, ал тургай мазактоо катары кабыл алгандар бар. Көбүнчө шаржга окшошуп, бет түзүлүшү өзгөрүп калган, чеке-муруну чоңоюп кеткен деп айтып жатышат. Бул боюнча эмне айта аласыз?

- Сүрөтчүнүн образды өзү каалагандай көрүүгө укугу бар. Мен фотограф эмесмин. Бирок фото сүрөт деле бири-бирине коёндой окшош чыга бербейт. Менин элесимде жазуучу бет түзүлүшү жазы, көзү-башы көлөмдүү адам катары калган. Монументалдык искусстводо кандайдыр бир граттажга орун берилет. Эгер мен бул ишти үйгө, интерьерге же көрүстөнгө ылайыктап жасасам такыр башкача болмок. Бул монументалдык искусство болгондон кийин алыстан көрүнүп турушу абзел. Аны теше тиктөөнүн да зарылчылыгы жок. Ким кандай көргүсү келсе, ошондой көрүшү керек. Мен бирөөгө таңуулаганды да каалабайм. Бул менин гана көз карашым.

Мен жөн гана портрет тарткан жокмун. Бул Кыргыз жеринен өсүп чыккан, бийик инсан. Ал таасирлүү, көлөмдүү. Дал өзүндөй кылып жасоо институттун 1-2-курсунда окугандардын милдети. Тажрыйбалуу сүрөтчүнүн ишинде образ эркин жасалышы керек. Ар бир ракурста ал ар башка. Ар башка жагынан караганда бет түзүлүшү, эки капталынан көз салганда түрдүүчө көрүнөт. Бул атайын жасалган иш, эч кандай ката кеткен эмес. Андыктан мени күнөөлөгөнгө негиз жок, эгер анткендер болсо татыктуу жооп берүүгө даярмын. Башкаларды билбейм, бирок жазуучунун карындашы бюст агасына окшош экенин айтып, ыраазылык билдирди. Ал киши эми бир тууган да. Пикирлер ар башка болот эмеспи, балким кимдир-бирөөлөр жазуучунун жаш кезин көргүсү келгендир.

Франгулян жасаган бюст капталынан

Франгулян жасаган бюст капталынан

- Мисалы, айрымдар анын чекеси түз жана куушураак болгонун, ал эми скульптурада маңдайы жайык, төбөсүн көздөй жантайып кеткенин айтып жатышат.

- Адегенде капталынан түшкөн сүрөттөрүн алып карап көрүшсө болмок. Анын чекеси дал ушундай. Бир аз градусу гана өзгөрүшү мүмкүн, скульптура ошонусу менен өзгөчөлөнүп турат эмеспи. Бирок ал композиция тарабынан бекемделген. Демек, мен кичине-кичине алдыга чыгаргам. Ушунун баары бир образды түзүп турат. Кезегинде Роден да сүрөтүн тарттыргандардын бири да ага мактоо айтпаганына капа болгон экен. Бул эми кадыресе көрүнүш. Ар бир адамдын өз көз карашы бар. Анан калса эл мимика, түс аркылуу кабыл алганга көнгөн. Бул эми таптакыр башка кеп. Фотографиядагы ак-кара түстүн айкалышы кабыл алууга жеңил. Бул жерде болсо кара, жашыл түскө боёлгон көлөм турат. Адам аны дароо кабыл албайт. Муну тажрыйбам аркылуу билем.

Кээде бир нерсени жасасаң, көргөнү келгендер окшош эмес деп чалкасынан кетип, экинчи келгенде кичине окшоштурупсуң деп, үчүнчүсүндө куюп койгондой турбайбы дешет. Мен болсо эч нерсеге тийген да, өзгөрткөн да эмесмин. Бул деген көз акырындап көнөт дегенди билдирет. Бирөө тоону көрөт, бирөө көрбөйт. Бирөө ошол тоо арасында да боштук барын түшүнөт, бирөө жөн гана сөлөкөтүн карап тим болот. Кимдир бирөө дүйнөгө кеңири, экинчилери тар алкактан карайт. Эркектер бет алдыдагыны түз, ал эми аялдар жайык абалда көрүшөт. Сүрөтчү мунун баарын эске алышы керек. Ооба, бет түзүлүшү чоң. Ал өзү тууралуу жар салып тургандай жасалды, ал жөн гана дарактын астында туруп, жанындагы залкарлардын көлөкөсүндө калбашы керек. Бул чоң кесек, күч жана талант. Бул кайсы бир деңгээлде түйүлгөн муштум, анын кудурети ушунда десек болот.

- Эмне үчүн ушундай түстү тандап алдыңыз?

- Колонун өзүнө гана таандык касиеттери бар. Убакыттын өтүшү менен кычкылданып, сапаты кетет. Мен ошонун алдын алдым. Мен бардык нерсени жаратылышка жакын жасап, процессти эртелеткенге аракеттенем. Жумурткадай таптаза буюмдарга кайсы бир мезгилде так түшүп, карайып кетет. Бул классик адамдын образы болгондон кийин чыдамдуу да болушу керек. Ага олуттуу мамиле кылып жасайсың. Айтматов кечээ эле пайда болгон, ортозаар жазуучу эмес, анын дүйнөлүк адабиятта, тарыхта орду бар. Андыктан коло тарыхый жүздү алып жатат, ага жашыл түс атайын берилди. Коло бул - жандуу, өз алдынча жашаган материал.

- Бул атриумда канча эмгегиңиз турат?

- Азырынча экөө гана. Жакында, 15-ноябрда Егор Гайдар тургузулат. Эстелик астына коюлчу негизи даяр. Чыңгыз Айтматовдун бюстунун астына болсо атайын кошумча негиз коюлган эмес. Муну менен ал кыргыз жеринен, элдин арасынан өсүп чыкканын баса көрсөткүм келди. Жер менен биздин чыгарманы ортомчу бөлүп турбайт. Ал өзүн-өзү өстүрүп жетилген. Ал жерде бекем турат.

- “Чыңгыз Айтматов” деген жазуу да тигинен экен...

- Биз баарыбыз асманга учабыз. Тамгалар да учуп жатат. Көрүстөндө баары туурасынан жазылат, анткени адам жатат. А жазуучу болсо жаткан жок, ал туруп турат. Ал маданияттын бүгүлбөгөн, күчтүү негизи.

- Көп эмгектерди жаратканыңызды билебиз. Биздин окурмандарга алардын санын жана анын ичинен кайсынысы менен сыймыктанаарыңызды айта кетесизби?

Эстеликтин ачылышы учурунда тартылган сүрөт, 24-октябрь, 2013-жыл

Эстеликтин ачылышы учурунда тартылган сүрөт, 24-октябрь, 2013-жыл

- Мен миңдеген эмгектерди жараткам, так саны канча экенин да эсептеген эмесмин. Учурда студиямда 800гө жакыны турганын даана билем. Муну мага неберем эчак эле түгөлдөп берген. Өзүм болсо санап, жазып алганга башынан көнгөн эмесмин. Мен азыр артка кылчайып, кичине эмгектерде да мени калыптандырган жеңиш бардыгын көрөм. Мен эмне жасабайын, баарына жоопкермин. Жаман көргөн буюмум жок. Бирок өз чыгармачылыгымды да анчейин сүйө бербейм. Жаш өйдөлөгөн сайын топтогон тажрыйбама, тигил же бул кырдаалга байланыштуу философиялык мамилеме жараша өзгөрүп жатканымды туям. Айлана-чөйрө, архитектура, шаар, аянт, мамлекет... Ушунун баары таасир берет. Буларды кандайдыр бир буюмду жасоого шыкак берген сезимдер топтому десем болот.

Телегейи тегиз эч нерсе болбойт, аябай мыкты эмгек болсо да ал бирөөгө жакпай калат. Мыкты нерсени жаратууга умтулуу гана керек. Мен өз иштеримде кандайдыр бир кемчилик барын ишенимдүү айта алам. Бирок мындан коркуунун кереги жок. Чыгармачылык - бул өзү алдыга сүйрөгөн кыймыл. Эгер баарын анализдеп, өткөнгө өкүнө берсең, өсүү болбойт. Адам кемчиликтен сабак гана алып, кийинкиде аны кайталабаганга аракет кылышы керек.

- Сиз Брюсселге Пушкиндин эстелигин койгонуңузду айттыңыз. Эмгегиңиз тууралуу ар кандай ойлорду көп уксаңыз керек?

- Жашыраак кезде бирөөлөрдүн ою мени абдан кыжаалат кылчу. Азыр андай эмес. Урушуп жатабы же жокпу баары бир. Жеке өзүмдүн мамилем гана маанилүү. Өзүм ишенген, бир-эки кесиптешимдин пикирин угушум ыктымал. Бирок андайлар өтө аз.

- Ал кесиптештериңиз Айтматовдун бюсту тууралуу пикир айтканга үлгүрбөсө керек?

- Биринчиден, алар бул жерде болушкан эмес, көрүшө элек. Айтса, айтышат чыгаар. Мен азыр башка толкунда турам. Албетте, мен аларга жагышын каалар элем. Бирок Окуджава менен Бродскийдикине окшогон сыйлуу, таанымал эстеликтерге да сын айтылган. Бирөөсүнө Окуджаванын мурду жаккан эмес, өзүнүн эле аялы “кулагы башкача болчу” деген. Мен муну мисал иретинде эле айтып жатам. Убакыт болсо өтүп жатат, эстелик болсо бизден көбүрөөк жашайт эмеспи.

Кийин эл инсанды дал ушундай элестетип калат. Ошондуктан дал өзүндөй кылып жасоо маанилүү эмес, кимдин образын жана аны кандай кылып жасаганың маанилүү. Мен натурализмди жактыра бербейм. Абстракциялуу буюмдарды көп жасайм. Мен үчүн көлөмдүн нерсе менен айкалышканы алда канча маанилүү. Образ ушундан жаралат, каштын көтөрүлүп же ылдый түшүп калганы роль ойнобойт. Бул татаал организм жана татаал чыгарма. Музыкада деле жеңил ырлар жана фундаменталдуу классикалык түрү бар. Мен пластикалык негиздерди иштеп чыгуу менен фундаменталдуу иликтөө жүргүзүп жатканыма ишенем.

- Сиз Айтматовдун чыгармаларын окудуңуз беле?

- Албетте. Жаш кезимен тарта окуп келем. “Жамиля” менен “Кыяматтан” тарта окугам, өмүрүнүн акыркы жылдары жазган соңку чыгармаларын гана окуй элекмин.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG